Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

Олимпиада тарыхындагы эң көп акча сарпталды делген Сочидегикышкы оюндар жергиликтүү экология үчүн дагы кымбатка түшчүдөй. Таштандылар, курулуш калдыктары Сочинин таза табиятына терс таасирин тийгизүүдө.

Рита Кравченко мурда Кара деңизде сүзгөндү абдан жакшы көрчү. Бирок үч жыл мурун деңиз суусуна түшө коем деп, денесинде кызыл-тазыл тактар пайда болгон.

Кравченко Сочиден 18 чакырым алыстыкта жайгашкан Үч-Дере айылынын тургуну. Рита денесиндеги тактарды сууга ыргытылган курулуш таштандыларынан көрөт.

7-февралда башталчу кышкы Олимпиадага даярдык көргөн Сочиде акыркы жылдары курулуштар болуп көрбөгөндөй жанданды.

Ал эми Үч-Дере айылынын тургундары "чаң, сууну булгаган таштандылар, калдыктардан турган чоң дөбөлөр ден соолугубузга кандай таасир этет?" деп кабатыр. Кара деңизге барып куюлчу Бытха дарыясындагы көбүктөнгөн суунун түсү “Кока-Кола” суусундугундай.

Рита Кравченко

Рита Кравченко

Кремл Сочи оюндарына даярдык табиятка эч залакасын тийгизбейт деп жарыялаганы менен, бул чындыкка коошпой турат. Бийликтегилер бул нерсени мамлекет көзөмөлдөгөн массалык маалымат каражаттарынан улам кайталашат.

Түндүк Кавказ боюнча Вахта экологиялык уюмунун активисти Юлия Набережная Сочидеги экологиялык деградацияга акыркы жылдары байкоо жүргүзүп келет.

- Бул жөн эле куру пиар. Отчет жазуу үчүн керек. Эл аралык коомчулукка жаркыраган сүрөттөр көргөзүлөт. Бирок бул жөн гана баннер.

Сочи шаары курорт зонасы деген макамын 1930-жылдары Иосиф Сталиндин бийлиги учурунда алган. Советтер Союзу учурунда ар бир жаран ушул жерге жылына бир жолу келип, эс алып кетчү. Сочи дегенде бийик тоолорду байырлаган аюулар, деңизде сүзгөн дельфиндер көз алдыга тартылчу.

Сочидеги Орусиялык географтар коомунун мүчөсү Михаил Плотников шаардын азыркы абалына тынчсызданып жатканын билдирди:

- Менин пикиримде шаарга курорт катары чекит коюп койcо болот. Ким унаага толгон, ызы-чуусу көп шаарга барып эс алгысы келсин? Деңизге жетиш үчүн мисалы эки саат унаа тыгынында туруш керек. Көп санаторийлер албетте сакталып калды. Алар иштеп жатат. Мурда миллиондогон адамдар келчү, бирок табият мынчалык жабыркаган эмес. Азыр келгендердин агымы азайды, бирок терс таасирлер көбүрөөк болууда.

Орусиялык географтар коомунун Сочи бөлүмүнүн төрагасы Феликс Иваненко айлана-чөйрө түзүк эле жабыркаганын билдирет. Анын айтымында, Сочи Улуттук Паркынын 10 миң гектарга жакын аймагы бүлгүнгө учурады.

Эң эле коркунучтуу жана жайылган көрүнүш - бул курулуш материалдарынын калдыктарын мыйзамсыз эле чаржайыт ар жерге үйө берүү.

Ушундай дөбөлөрдүн бири Үч-Дереде жайгашкан. Бул жерге расмий түрдө 2012-жылдын июнунда "таштанды чыгарылбайт" деп чечилгени менен, 2013-жылы да таштанды алып келүү уланды. Ноябрда "Ахтырка айылында сууга курулуш таштандылары ыргытылып жатат" деген расмий арыздануулар катталган.

Учурда таштандылар Сочиден 250 чакырым алыстыкта жайгашкан Белореченскке чыгарылууда. Жергиликтүүлөр бул кымбат жана убактылуу чечим Олимпиада бүтөөрү менен аткарылбай калат деп кооптонушат.

Расмий билдирүүлөрдөн өтө айырмаланган бул окуялар эколог-активисттер болмоюнча, ачыкка чыкмак эмес. Бирок Олимпиадага даярдыкты сындаган көз карандысыз журналисттерге жана активисттерге бийлик тараптан кысым күч. Бул ар кандай телефон чалуулар, полиция жана прокуратуранын келиши, камоолор.

- Башка таштандыларды алып келишпейт деп үмүттөнөбүз. Бирок ошондо деле сууга карай түшүп кетсе, түз эле Кара деңизге барат, - деди Үч-Деренин тургуну Рита Кравченко.

Макаланын автору "Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Том Балмфорт. Аны Аида Касымалиева кыргызчалады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG