Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

Кышкы Олимпиада ачылаарына аз калган Сочидеги жаңы спорттук жана башка жайлар миңдеген мигранттардын күчү менен курулду. Далай мигранттар үчүн Сочи – акча табуу, жаңы иш орду болуп берсе, дагы миңдеген адам учурдан пайдаланып, ортодон акча жасаган шылуун фирмалардын тузагына илинди.

Эки жыл мурун карызга батып кыйналган Евгений Подрезов Ростов-на-Донудан атайлап Сочиге иш издеп барган. Андан бери 28 жаштагы Евгений карызынан кутулмак тургай, мурдагыдан да көп карыз мойнуна илинип, айласы кетип турган чак. Аны "Сочиде курулушта иштеп, көп акча табасың" деп азгырып алып барган фирма бир аз мурдараак банкрот болду деп жабылып калды. Бул фирма Сочиге алпарган 108 киши эки жылдай курулушта иштегени үчүн 305 миллион рублдей маянасын алалбай убара тартып жаткан кез. Алар менен чогуу иштеген Роман Кузнецов Оренбургдан барган, октябрь айында айлыгымды төлөбөсөңөр өз жанымды кыям деп коркутуп, оозун ийне-жип менен тигип алган.

Өзбекстандык жумушчу Бахшыло Бозоров 48 жашта, көп жылдан бери Орусияда иштеп жан багат. Былтыр жазда Сочиде көп акча табасың деп ишендирген фирма аркылуу Олимпиада айылын курууга киришкен. Эки ай күнүнө 12-13 саат курулушта иштеп, убада кылынган айлыктын жарымын гана алган соң, Сочиге ыраазымын деп баарын таштап баса берген. Төлөнбөй калган маянасын кайтарып алуу аракетин баштаганда, жумушка уруксат берген бардык кагаздары жайында болсо да, Бахшыло депортация, же көчөдөгү куугунтуктан чочулап, шашылыш кайра артка кетүүгө аргасыз болгонун айтат:

- Көп киши депортация болду. Биз менен иштегендердин көбү күчтөп чыгарылды бул аймактан. Коркконубуздан көчөгө да чыкпай калганбыз.

Өткөн сентябрь айында Сочи шаары жайгашкан Краснодар крайынын акимчилиги мыйзамсыз мигранттарга каршы кеңири өнөктүк жарыялап, улутчулдарды козутуп үймө-үй кыдырып текшерип баштайт. Бийлик өкүлдөрүн ал рейддер маалында белине кылычын байланган жергиликтүү казактар тобу коштоп жүрдү. Алардын аракети текке кетпей, былтыр жыл аягында Сочи Олимпиадасына арналган далай имарат-жайларды курган миңдеген мигранттар колдору буралган бойдон полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, андан ары аймактан чыгарылды. Алар албетте, иштеген ишим үчүн айлыгымды ала элекмин деп суроо-талап койгонго дааган жок. Дагы бир тобу иштеген жеринде жашынып, көчөгө чыкпай отуруп калышты.

Сочиде жайгашкан Миграция жана мыйзам аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Семен Симонов рейддер маалында колго түшкөн бардык мигранттар күчтөп чыгарылганын айтат:

- Олимпиада имараттарын курууга келген миңдеген адамдар аягында ушундай мамилеге туш болушту. Керектүү жайлар курулуп бүтөөр замат, жумушчуларды кубалап чыгара башташты. Далайы эмгек акысын албай калышты. Бардык документтери жайында болгон мигранттар да кысымдан, көчөдөгү кордук, басмырлоодон качып, баарын таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Сочи Олимпиадасын камдап, спорттук жайларды жана башка имараттарды курууга жүздөгөн кыргызстандыктар да катышышты. Алардын арасында да жасалма фирмаларга алданып, жумалап жумушсуз отуруп калгандар болгонун, карызы өсүп, айлыгын алалбай беймаза болгондо күйүткө чыдабай өз жанын кыйгандар да болгонун “Азаттыктан” мурда кабарлаган элек.

Сочи Олимпиадасы албетте, миңдеген адамдарга акча табууга мүмкүндүк берди, ошол эле учурда дагы миңдеген адамдарды кыйын абалда калтырып, кара күчүн бекер коротуп, аман-эсен кутулганына тобокел кылууга мажбурлады.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы Том Балмфорттун баянын Венера Сагындык кызы кыргызчалады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG