Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Сочидеги кышкы олимп оюндарын чагылдырып жүргөн спорттук кабарчыбыз Кабыл Макеш алгачкы байкоолору менен бөлүшөт.

Сочидеги кар көйгөйү

Сочи шаары өзү субтропикалык Кара деңиздин боюнда болгондуктан кышкы оюндар кантип өтөт деген суроолор жаралган. Чынында эле Сочи шаарында кар жок. Жаз күнүндөй 12-13 градус жылуу болуп, көк чыгып, бак-дарактар жашыл бойдон. Муз сарайларында атайын муз тоңдурган машиналар иштеп жатканы бештен белгилүү.

Ал эми Сочи шаарынан 50 чакырым алыстагы Красная Поляна, Роза Хутор, Лаура лыжа базаларында тоонун башында гана кар болбосо, ылдый жакта кар эрип, жер кара бойдон.

Адистер жасалма кар лыжа тебүүчүлөр үчүн кыйынчылык жаратып жатканын айтып, нааразы болууда. Машыгуу учурунда эле 100 кишинин жарымы марага жетпей калганын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов бизге айтып берди. Олимпиада аяктаганга чейин кар музга айланып, далай кыйынчылыктар болчудай...

Олимпиаданын баасы жана наркы

Оюнду каржылоо темасы дагы талаш-тартыш жараткан эле. 50 миллиард доллар – кышкы Олимпиаданы өткөргөн өлкөлөр боюнча мурда-кийин болуп көрбөгөндөй чоң каражат. Мисалы, 2010-жылы Канада Ванкувердеги оюндарга 8,7 миллиард доллар жумшаган. Айрым адистер Сочиге бөлүнгөн акчанын кеминде 30 миллиард доллары коррупциялык схема менен жоголду деп сынга ала баштады. Бирок мындай айыптоолорду Орус өкмөтү кабыл албай, дүйнөлүк масштабдагы имараттар курулганын, олимпиада үчүн бардык шарт түзүлгөнүн айтышууда.

Олимпиада Орусияга кадыр-барк алып келеби?

Чынында эле Орусия үчүн Олимп оюндарынын саясий мааниси чоң. Бул долбоор айрыкча президент Владимир Путиндин жан дүйнөсүнө жакын болуп, баштан-аяк оюндарга даярдыкты өзү көзөмөлдөдү. Ал Сочиге бир нече ирет келип, даярдыкты текшерип турду. Сочиде кышкы оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүп, андан кийин төрт жылдан соң дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүү аркылуу Орусиянын аброю көтөрүлөт деп терең ишенип турат. Себеби футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусиянын бир нече шаарында өтөт. Бир тобун ушул Сочи шаары кабыл алат.

Андан кийин «Формула-1» автожарыштарын да өткөрүүнү мерчемдеп турушат. Мен былтыр апрель айында Сочи шаарында өткөн Эл аралык спорт журналисттеринин ассоциациясынын (AIPS) отчеттук кайра шайлоо Конгрессине Кыргызстандан делегат болуп келгем. Анда бизге Сочидеги спорт имараттары, Красная Полянадагы тоо лыжа базаларын көрсөтүп, камылга менен тааныштырышкан.

Ал учурда мен учурда иштеп жаткан башкы Басма сөз борборунун курулушу бүтө элек болчу. Көп курулуштар чала бүтүп, камылга чийкидей көрүнгөн. 9 айдан кийин Сочиге келип, оозум ачылып, жаңырган эл аралык деңгээлдеги Олимпиадалык шаарга келип калганыма таңгалдым.

Алмазбек Атамбаев арданабы?

Ошентип Сочиге байланыштуу бардык камылгалар дүйнө калкынын көңүлүн бурду. Сочиге келип, олимпиаданын ачылыш аземине катышкан президент Алмазбек Атамбаев бул жактагы спорт имараттарын, базаларын көрүп, 23 жылдан бери мамлекет бир дагы спорт имаратын курбаганына арданып, укмуштай заманбап Стадион же тоо лыжа базасын курбаса дагы кулайын деп жарака кетип турган Кожомкул атындагы спорт сарайын жана анын 15 жылдан бери иштебей турган Кыргызстандагы бирден бир жалгыз 50 метрлик бассейинин ремонттоп береби деген үмүт үлпүлдөп турат.

Сочи Олимпиадасынынын ачылышында Кыргызстандын желегин бул оюнга катышып жаткан жалгыз спортчу Дмитрий Трелевский көтөрүп баратат. 7-февраль.

Сочи Олимпиадасынынын ачылышында Кыргызстандын желегин бул оюнга катышып жаткан жалгыз спортчу Дмитрий Трелевский көтөрүп баратат. 7-февраль.

Аны Сочиде коштоп жүргөн министр Темир Сариев деле спортко кайдыгер адам эмес. Жашында Темир мырза Бишкектеги спорттук жатак мектепте билим алып, эркин күрөш менен машыккан. Ал дагы олимпиаданы алгач ирет көрүп жатат. Көзү ачылып, Сочиде «жөн эле» жүрө бербей, Эл аралык олимпиада комитети, чет өлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүп, Кыргызстанга бир эл аралык талаптарга ылайык спорт имаратын салдырууга салым кошсо, тарыхта калат эле.

Бир эмес беш олимпиадага катышкан белгилүү ишкер Аскар Салымбеков дагы Сочиде жүрөт. Ал деле 20 жылдан бери базар, супер маркет кура бербей, футбол талаасы эмес, эл аралык деңгээлдеги бир үлкөн спорт сарайын же стадион курууга чама-чаркы жетет го. Кыргыз жергесинде ушундай Сочидегидей 10-15 спорт базасы, имараты курулбаса дагы жок дегенде Алмазбек Атамбаев арданып, намыстанып, «байларды» чакырып, бир учур талабына ылайык имарат салып койгонун көрсөм арманым болбойт эле.

Эң узак сапар тарткан Олимп оту

Дагы баса белгилеп айта кетчү жагдай, Олимпиада оту Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң узун сапарды басып өткөнү болду. Ал 64 миң чакырым же бул Орусия өлкөсүнүн 83 аймагын кыдырды. Олимпиада оту кимдердин гана колуна эстафета болуп өтпөдү дейсиз. Ал түгүл Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, Эл аралык олимпиада комитетинин жаңы президенти Томас Бах жана башкаларда отту алып, эстафета менен чуркап, элдерди достукка, биримдикке чакырды.

Куугунтукталган мигранттар

Чынында эле Сочиде талаштуу маселелер дагы көп болду. Адам укуктары боюнча эл аралык Human Rights Watch уюму олимпиада шаарын курууга тартылган мигранттардын абалы тууралуу сын макалаларын жарыялаган. Анда жумушчулардын эмгек акылары төмөндөтүлгөн, шарттары начар жана оор жумуштарда тыныгуусуз иштөөгө мажбур деген айыптар айтылган. Мындай окуя тууралуу Сочиден Краснодар шаарына кетүүгө аргасыз болушкан кыргызстандык мигранттар дагы мага айтып беришти. Сочи олимпадалык имараттарын курууга катышкан борбор азиялык мигранттар да ушундай тагдырга туш болушкан.

Орусиянын жакында кабыл алган кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзамы дагы талаш-талкууларга жем таштаган эле. Бирок президент Путин бул маселени оюндарга аларды дагы чакырабыз деген сөзү менен жайгарып, анын бул сөзүнө шыктаган демилгечилер дааратканага эки унитаз коюп, коомчулуктун көңүлүн бурду.

Коопсуздук жана тынымсыз текшерүүлөр


Сочиде террор коркунучунан улам коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Красная Полянадагы тоо лыжа базасына барганга чейин 2 саат аралыгында аккредитациясы бар спорт баяндамачысы болсом дагы 5-6 жолу текшерүүдөн өттүм. Ал түгүл кабарчылар, спортчулар түшкөн автобустун эшиктерин сыртынан текшерүү кагаздары менен чаптап, жүк салына турган жайды дагы текшерип, аны дагы өздөрү жаап, кагаз чаптап жатышат. Ошондуктан Сочиде террор коркунучу абдан олуттуу маселе бойдон калууда. Краснодар шаарынан Сочиге жеткенче эле 3 ирет поезд которуп, бир нече ирет текшерүүгө кабылдым. Ал эми Башкы басма сөз борборуна келүү үчүн эле 2-3 жерден текшерилип жатам.

Алгачкы рекорддор

Бул жолку Кышкы Олимпиада дүйнөлүк деңгээлдеги эң ири спорт иш-чарасы болуп жатат. Ага 88 өлкөдөн 5 миңден ашуун спортчу катышууда. Ошондон улам спорттук рекорддор да мол болушу күтүлөт. Алгачкы рекордду голландиялык Свен Крамер 5000 метр коньки жарышында жаратты.

голландиялык спортчу Свен Крамер. Сочи, 8-февраль.

голландиялык спортчу Свен Крамер. Сочи, 8-февраль.

Анткен менен бул оюндар эстен кетпес кооз жеңиштер менен дагы айырмаланат. Өмүрү кар көрбөгөн Африка, Того жана Зимбабве өлкөлөрүнүн спортчулары биринчи жолу Кышкы оюндарга катышууда. Ал эми муз оюндарына алардан мурдараак Ванкувер оюндарына катыша баштаган Марокко тажрыйбасын арттырат. Ал эми Индиянын төрт спортчусу Эл аралык Олимпиада комитетинин желеги алдында катышууда. Эл аралык уюм менен Индиянын Олимпиада комитети ортосундагы талаш-талкуудан улам ушундай чечим кабыл алынган эле.

Бирок чындыгында жогоруда аталган бир дагы өлкөлөр жана кичинекей Кыргызстан да алдыдагы оюндарда жеңишке жетет деген ишеним жок. Медаль алган өлкөлөрдүн алдыңкы катарын Норвегия, Канада, Голландия, Австрия, АКШ, Швеция, Чехия жана дагы оюн ээси Орусия түзөөрү күтүлүүдө.

Дагы бир бүйүр кызыткан жагдай - Орусия мындан 4 жыл мурдакы Ванкувердеги ийгиликсиз оюндардан кийин чынында эле топ башындагы сапка кошулабы же байгени Түштүк Корея, Жапония жана Кытай сыяктуу өлкөлөргө алдырып коёбу деген суроолор жергиликтүү күйөрмандардын башын катырууда.

Сочи оюндарында кыз-келиндер биринчи жолу лыжа менен бийиктиктен секирүү мелдештерине катышмакчы. Мында жапониялык 17 жаштагы Сара Таканаши үстөмдүк кылышы мүмкүн дешет спорт адистери. Бул таймашууларга 11-февралда күбө болобуз.

Дүйнөнү таңгалдырган Уле Эйнар Бьорндален

Норвегиялык биатлон чебери Уле Эйнар Бьорндален быйыл 40 жашка чыкса дагы жаштар менен калышпай Сочи олимпиадасында байге утуп, кышкы олимпиада тарыхында эң картаң катышуучу жана эң көп медаль уткан спортчу катары калууну максат кылып, мүдөөсүнө 8-февралда жетти. Ал эл аралык ири мелдештерди гана эсепке алганда 40 медаль утуп, тарыхта калды. Анын 26 байгесин - кышкы олимпиада менен дүйнө чемпионаттарында утуп алган.

Норвегиялык биатлон чебери Уле Эйнар Бьорндален Сочидеги мелдеште, 8-февраль.

Норвегиялык биатлон чебери Уле Эйнар Бьорндален Сочидеги мелдеште, 8-февраль.

Ошондой эле дүйнө кубогунда 93 жолу марага биринчи келип, рекорд жараткан.

Адистердин айтымында, Уле Эйнар Бьорндален Сочи олимпиадасында өзүнүн мекендеши Бьорна Дэлиге жетти. Эми алдыдагы мелдештерде андан дагы ашып, дүйнөнү таң калтырышы да мүмкүн. Себеби лыжа спортунда легендага айланган Бьорна Дэли олимпиада оюндарында 12 медаль утса, анын 8и алтын, 4ү күмүш байге болгон. Ал эми Уле Эйнар бул Сочи олипимадасындагы алгачкы жеңши менен байге санын 12 медалга жеткирсе, анын 7өө алтын, 4ү күмүш жана 1 коло байге болуп саналат. Ал эми Сочиде дагы 1 байгенин ээси болсо, дүйнөлүк рекорд ага таандык болот. Мен 8-февралда анын «Лаура» тоо лыжа базасындагы мелдешине күбө болуп, аны сүрөөнгө алып турдум.

Чынында эле 1998-жылкы Нагано олимпиадасынан бери лидер болуш кыйын. Мылтыктан жаңылбай таамай атып, лыжа менен ондогон километр жаштардан калбай жарышып, марага биринчи келүү чынында эле зор эрдик. Ал үчүн 30 жылдан бери өжөрлүк менен талыкпаган машыгууларды, түмөн түйшүктү , атаандаштыкты башынан өткөрдү. Мен анын жеңишине 2002-жылы Сольт-Лейк-Сити олимпиадасында күбө болгом. Карапайым фермердин уулу өз ысымын дүйнөлүк спорт тарыхына алтын тамгалар менен өчпөс кылып жазып койду.
Кожожаштай тоо-ташта жүгүргөн мергенчилик кылган кыргыздын жигиттеринен да ушундай эр азаматтар чыгаар бекен. Же элик, кийик атканына мактанып, спорттун түйшүгүн тартууга кудурети жетпейби?

Мен дүйнөнү таң калтырган Уле Эйнар Бьорндалендин Сочидеги мелдешине дагы сөзсүз барып, анын күйөрманы болом.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG