Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Сочи: "Роза Хутордогу" кырсыктар


"Роза Хутор" лыжа базасы. Сочи, 1-февраль, 2014.
"Роза Хутор" лыжа базасы. Сочи, 1-февраль, 2014.

Сочиде кыргызстандык Трелевский бутун сындырган трассада дагы эки спортчуну дарыгерлер алып кетишти. "Роза Хутор" деген көркөм аты бар бул трассада эмнеге кырсык көп болуп жатат?

Сочи олимпиадасына жаракат албаса Дмитрий Трелевский Кыргызстандын атынан кечээ жекшемби күнү алгачкы мелдешке катышмак. "Азаттыктын" кабарчысы Кабыл Макеш Сочиден билдиргендей, учурда Дмитрий Олимпиадалык айылдагы ооруканада буту шакшакталып жатат.


please wait

No media source currently available

0:00 0:08:00 0:00
Түз линк


Трелевскийдин ордуна олимпиадага катышканы келген 19 жаштагы Евгений Тимофеев да "Роза Хутор" лыжа базасында машыгып жатат. Ал Сочи олимпиадасында эки түрдөн: 19-февралда гигант-слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге катышат.

Орус президенти Путин кырсыктап ооруканага түшкөн спортчу Мария Комиссаровадан кабар алды, Сочи, 15-февраль.
Орус президенти Путин кырсыктап ооруканага түшкөн спортчу Мария Комиссаровадан кабар алды, Сочи, 15-февраль.
Сочиде өтүп жаткан Кышкы Олимпия оюндарында Дмитрий Трелевский бутун сындырып алган “Роза Хутор” лыжа трассасынан кечээ жекшембиде эки сноубордчу кыз жыгылып, ооруканага жаткырылды. Норвегия менен АКШнын спортчулары Хелен Олафсон менен Жаклин Хернандес кырсыктады. Хернандестин мээси чайкалып, оюндан чыгып калды.

Ишембиде "Роза Хутордо" орусиялык лыжачы Мария Комиссарова жыгылып, омурткасынан оор жаракат алган эле. 23 жаштагы спортчуга бир күндө алты сааттык операция жасалды.

Мындай кырсыктардан кийин, 16-февралда Эл аралык Олимпия комитетинин маалымат катчысы Марк Адамс "Роза Хутор" спорт федерацияларынын жактыруусунан өткөнүн бышыктады:

- 2010-жылы Ванкуверде өткөн кышкы оюндарга салыштырмалуу кырсык, жарааттар боюнча өзгөчө деле эч нерсе байкалган жок. Биз Мария Комиссарованын тез айыгып кетишин тилеп жатабыз, бирок биз жүргүзгөн байкоолор боюнча, мурдагы оюндардан айырмалуу эч нерсени байкаган жокпуз.

Чех спортчусу Ева Самкова
Чех спортчусу Ева Самкова
"Роза Хутор" трассасы Красная поляна деп аталган капчыгайда жайгашкан. Лыжа, сноуборд тебүү үчүн ылайыкташтырылган жолдордун жалпы узундугу 77 чакырымды түзөт. Мында жекшемби күнү Чехиядан Ева Самкова аялдардын сноуборд тебүүсүндө алтын медал алды.

"Роза Хутордогу" трассалар бир жарым миң бийиктиктеги дөбө, тектирлерди аралап өтөт. Керек болгондо трассаларга жасалма кар жаадырылып тургандыктан, жыл ичинде 140 күн лыжа тепсе болот. Бардык трассаларды тоо лыжасы трассаларына адистешкен белгилүү архитектор Бернар Руссини чакырып салдырышкан.

Анда эмне себептен мында азыр кырсык көп болуп жатат. Сочиде жүргөн кабарчыбыз Кабыл Макештин айтымында, азыр кеп аба ырайында болуп жатат. Себеби Кышкы Олимпия оюндары өтүп жаткан Сочиде күн 20 градуска чейин жылып, кадимкидей жаз келип калды.

Ири реконструкциядан кийин 2010-жылы кайра ачылган "Роза Хутор" тоо лыжа спортунун маанилүү борбору деп саналат. Мындагы шарттар лыжадан тышкары, акробатика, могул, сноуборд кросс, паралел слалом гигант, хаф-пайп өндөнгөн спорттун түрлөрүнө ылайыкташтырылгандыктан, дүйнөлүк жогорку деңгээлдеги беттешүүлөр көп болот.
XS
SM
MD
LG