Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Орусия - Түштүк Корея виза каттамын жойду


Пак Кын Хе (оңдо) менен Владимир Путин, 13-ноябрь, 2013
Пак Кын Хе (оңдо) менен Владимир Путин, 13-ноябрь, 2013

Орусия менен Түштүк Корея өздөрүнүн жарандары үчүн ичара виза режимин алып салды. Келишим жөнүндө эки өлкөнүн президенттери бүгүн Сеулда кабарлашты. Мунун Орусиядагы кыргыз мигранттарына таасири кандай болушу мүмкүн?

Орусиянын жарандары келерки жылдын январынан тарта Түштүк Кореяга визасыз каттай алышат. Корейлер да орус жергесине ошондой эле тартипте келгенге укуктуу. Тийиштүү келишимге орус президенти Владимир Путин менен Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе Сеулда кол коюшканы сүйлөшүүнүн жыйынтыгындагы пресс-конференцияда айтылды.

"Биз гуманитардык байланышты бекемдегенге ниеттенип жатабыз. Чындап эле адамдардын ортосундагы байланышты жеңилдетиш үчүн бүгүн маанилүү кадам жасалды, - деди Путин. - Визаны талап кылган режимди эки тараптан тең алып салдык. Эми биздин жарандар бири-бирибизге 60 күнгө чейинки мөөнөттө визасыз каттай алышат".

Жалпысынан эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында бир жолу барган мөөнөт 90 күндөн ашпашы керек деп көрсөтүлгөнү кабарланууда.

Жолугушууда президенттер транспорт жана туризм тармактарында кызматташтыкты арттырууну караган меморандумдарга да кол коюшту. Эки өлкө туристтер үчүн визаны алып салууну былтыртан бери сүйлөшүп келген.

Орусия менен Түштүк Корея ортосунда жүгүртүлгөн сооданын көлөмү жылдан-жылга артып келатат, былтыр 17,5 млрд.долларды түзгөн. Аны дагы да стимулдаштыруу үчүн биргеликте 500 млн. долларга тете долбоорлорду ишке киргизүү жагы ушул жолугушууда каралаары айтылган.

Кыргыз мигранттарына таасири

Соңку жылдары Орусиянын жарандыгын алгандардын арасында ал жакка сезондук иштер үчүн барган кыргыз мигранттары да көп болду. Жакында “Азаттыкта” өткөрүлгөн онлайн-талкууда Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Руслан Эшимов: “Азыр орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны жарым миллионго жетти”, - деген эле.

Эми орус жарандары Түштүк Кореяга 2-3 айга визасыз барууга укук алгандан кийин, Орусиядагы "мурдагы кыргызстандыктар" корей жерине агылышы мүмкүнбү?

Москвада 10 жылдан бери курулуш иштеринде жүргөн Бактыяр Өмүрзаков “Азаттыктан” бул кабарды кайсыл бир деңгээлде сүйүнүч менен укканын жашырган жок.

"Менимче, эми орус жарандыгын алган кыргыздар Кореяга үч айга визасыз барып иштешсе болот. Алардын абалы бир аз жеңилдейби деп ойлойм. Анткени азыр бул жакта орус жараны болгон кыргыздар деле Бирюлеводогу тополоңдон кийинки улутчулдук маанайынын күчөшүнөн бир топ кыйналып калышты, - дейт ал. - Иш боюнчабы, батирби, айтор, кандай жарнаманы кармаба, көпчүлүгүндө “славян улутундагылар керек” деп турат. Жарандыгыңды эч ким карап отурбайт, улутуңа карап бөлүшөт".

Бактыяр Өмүрзаков өзү Орусияга үй-бүлөсү менен көчүп барганына бир топ жыл болгону менен, азырга чейин орус жарандыгын ала элек. "Анткени бул жакта мага ишке уруксат алган жетиштүү, жарандык эле мага карата мамилени өзгөртпөй турганын башкалардан көрүп жатам", - дейт ал.

Кыргыз-корей виза режими

Азырынча кыргыз жарандары Кореяга визасыз каттай алышпайт. Дипломатиялык жана иш паспорттору бар кыргызстандыктар үчүн гана мындай уруксат 2010-жылдын ноябрында берилген. Туристтер үчүн андай шарт карала элек.

Бир нече күндөн кийин, 18-ноябрда, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореяга расмий сапар менен барганы жатат. Ал жерде кыргыз президенти Корей мамлекетинин башчысы менен жолугат жана эки өлкөнүн ири компанияларынын ишкердик форумуна да катышмакчы. Айрым келишимдерге кол коюлаары алдын ала айтылганы менен, алардын катарында туристтер үчүн визаны жоюу маселеси бар-жогу азырынча анык эмес. Бирок Кыргызстан 45 өлкөнүн жарандарынын катарында түштүк кореялыктар үчүн да виза каттамын былтыр бир тараптуу жойгону белгилүү. Сеул тараптан андай чечим тууралуу азырынча сөз жок.

Ошентсе да, Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда соода-жүгүртүүнүн көлөмү, расмий маалыматтарга караганда, жыл сайын өсүп жатат. Кыргыз президентинин маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, 2011-жылы, маселен, анын көлөмү 64 млн.доллардан ашкан, былтыр 87 млн.долларга жакын болду. Ал жакта миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 5-7 миңдин тегерегинде экени айтылып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG