Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Орусия Түштүк Осетияга жардамын күчөтөт


Түштүк Осетиянын жол башчысы Леонид Тибилов Орусияга жардамы үчүн ыраазылык билдирди.
Түштүк Осетиянын жол башчысы Леонид Тибилов Орусияга жардамы үчүн ыраазылык билдирди.

Орусиянын президенти жикчил жумуриятка бериле турган жардам тууралуу маалымат берди.

Кара деңиздин Сочи шаарында өткөн кечээки сүйлөшүүдө Орусиянын президенти Владимир Путин Маскөө Грузиядан бөлүнүп кеткен Түштүк Осетияга жардамын кеңейтиши мүмкүн деди.

Түштүк Осетиянын жол башчысы Леонид Тибилов менен жолугушуусунда Путин 2011-13-жылдарда Орусиянын бюжетинде 8 жарым миллиард рубл аймактын коопсуздук, экономикалык өнүгүү жана социалдык кем-карчысына бөлүнгөнүн билдирди.

- Орусия осетин элинин жаңы тарыхынын эң татаал баскычтарында Орусия Түштүк Осетия менен бирге болгон. Биз силер менен тынчтыкта да бирге болуп, экономикалык жана социалдык кайра курууну тездетүүгө жардам беребиз.

Путин мындай жардамдын башкы максаты Түштүк Осетиянын элинин турмушун жеңилдетип, үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгондордун кайтышына жана 10 жылдан бери Түштүк Осетияда убактылуу негизде жашап жаткандарды турак-жай менен камсыздоо экендигин билдирди.

Тибилов Путинге жана Орусияга ыраазылык билдирди:

- Түштүк Осетияда пландалган кайра куруу иштери азыркыдан тездетилиши керек. Ошондо эл Орусия Федерациясы бизге көрсөтүп жаткан эбегейсиз жардамдын чындап көрүп, сезет. Мен өзүм атайлап белгилегендей, Түштүк Осетия жана анын эли алып жаткан зор жардам үчүн биз улуу Орусияга жана Владимир Владимирович Путинге ыраазыбыз.

2008-жылдагы орус-грузин согушунан кийин Москва Абхазия менен катар, Түштүк Осетиянын өз алдынчалыгын тааныган.

XS
SM
MD
LG