Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Путин жана айланасындагылар үчүн өзгөчө оорукана курулат


Москвадагы борбордук клиникалык оорукана.
Москвадагы борбордук клиникалык оорукана.

Бул тууралуу Орусиянын медицина чөйрөсүндөгү булактарына шилтеме кылып Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, өзгөчө оорукана союз мезгилинен бери жогорку кызматтагы аткаминерлерди тейлеп келген Борбордук клиникалык оорукананын аймагындагы үч кабаттуу корпуста жайгашат. Жаңы оорукана болгону 10 кишиге ылайыкталып, президент, премьер-министр жана алардын айланасындагы өзгөчө жакын адамдар гана пайдалануучу байланыш системасы менен жабдылат. Долбоор дээрлик 3 миллиард рублге бааланууда.

Президенттин иш башкармалыгы Reutersке жөнөткөн кат жүзүндөгү жообунда оорукананын курулуп жатканын ырастады. Катта айтылгандай, оорукана Путиндин айланасындагы адамдарды гана эмес, жүздөгөн мамлекеттик кызматтагы аткаминерлерди тейлейт.

XS
SM
MD
LG