Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Орус спортчуларын түйшөлткөн допинг чуусу


Орусия спортчулары президент В. Путин менен
Орусия спортчулары президент В. Путин менен

Орусия Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиктин орусиялык жеңил атлетчилердин Олимп оюндары учурунда допингди кеңири колдонуусуна байланыштуу айыптоосуна карата өзүнүн расмий жообун жарыялады.

Буга чейин Орусиянын жеңил атлетика федерациясын эл аралык мелдештерден четтетүү жана Олимп оюндарынын чемпиону баш болгон беш спортчуну катардан чыгаруу сунушу киргизилген болчу. Орусия президенти Владимир Путин бул ишти ички иликтөөгө алууну жана эл аралык спорт уюмдары менен кызматташууну тапшырган.

Жарым-жартылай моюнга алуу

Орусиянын расмий жообунда допинг колдонууга байланыштуу айыптоонун айрым бир учурларына макул болуп, бирок көпчүлүк маселеде талаштуу жагдайлар бар экени көрсөтүлгөн. Мындай кадам Жеңил атлетчилер федерацияларынын эл аралык ассоциациясы Орусиянын мүчөлүгүн токтотуу тууралуу маселени кароонун алдында жасалды. Анткени Орусия эл аралык турнирлерден четтетилсе, анда ал эмдиги жылы өтө турган Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарына катыша албай калат. Жуманын башында Орусиянын спорт аткаминерлери жеңил атлетчилердин допинг колдонгонун жашырганы тууралуу чуулгандуу фактылар Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттигинин баяндамасында жарыяланган болчу.

Орусиянын Жеңил атлетика федерациясынын президенти Вадим Зеличенок айыптоонун айрым учурларын моюнга алып, бирок көпчүлүгү менен макул эместигин айтты. Бирок “Эл аралык ассоциация кандай чечим кабыл албасын, жеңил атлетика федерациясы спортчулардын арасынан айрымдарын актатууга умтулат” - деп билдирди Орусиянын спорт министри Виталий Мутко.

Министр Виталий Мутко Олимп оюндарына катышуу үчүн Орусия бардык аракеттерди көрө турганын айтты:

- Бардыгы жайында болот. Биздин допинг тест жүргүзүүчү лабораторияны экинчи ирет сертификациядан өткөрүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттигине толук кызматташууну сунуштайбыз. Кечээ болсо мен мына ошол лаборатория жетекчисинин отставкасын кабыл алдым. Бирок мен муну эл аралык агенттик коюп жаткан айыптоого карата тилектештигимди көргөзүү үчүн эмес, мындай кырдаалда ушундай чечим кабыл алуу керектиги үчүн жасадым. Анткени ага карата бир топ доомат айтылган соң, ал өзү дагы кызматын таштап кетүүгө аргасыз болуп жатканын айтты. Азыр мен ошол эле агенттикке "өзүңөр ишенген талапкерди директорлукка көргөзгүлө”, деп сунуштадым.

Эл аралык комиссиянын корутундусунда бул лабораторияда 2 миңге чукул допинг-тест жана кандын үлгүсү жок кылынганы аныкталган болчу. Ошондуктан ал лабораториянын эл аралык аккредитациясын кайтарып алуу жагы сунушталган. Орусиянын спорт министри допингге байланыштуу чатакты жөнгө салуу жана лабораториянын аккредитациясын сактап калуу үчүн мунаса табууга кызыкдар экенин кыйытты. Виталий Мутко допинг көйгөйүн жөнгө салуу чарасынын бири катары жеңил атлетика федерациясынын мурдагы президенти Валентин Балахничевдин кызматтан алынганын мисал келтирди. Бирок быйыл февраль айында Валентин Балахничев “Спорт экспресс” басылмасына өз ыктыяры менен кызматтан кеткенин жарыялаган болчу.

Путиндин кийлигишүүсү

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык жеңил атлетчилердин допинг чатагы боюнча ички иликтөө жүргүзүүнү сунуштады. Ошондой эле Путин орусиялык жеңил атлетчилердин допинг колдонгон учурлары тастыктала турган болсо, анын ар биринин жоопкерчилиги боюнча өз-өзүнчө чара көрүүнү тапшырды:

- Ошол эле кезде албетте, жоопкерчилик... Эгерде биз кимдир бирөө допингге каршы эрежелерди бузганы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш деген жыйынтыкка келе турган болсок, анда ал жоопкерчилик өз-өзүнчө болушу керек. Жоопкерчиликти дайыма персоналдаштыруу керек деген бул жалпы эреже. Мына ошондуктан допинг колдонуудан алыс болгон спортчулар бул эрежени бузгандар менен биргеликте жоопкерчилик тартпашы керек. Мына ошондуктан мен сиздерди бул багытта эл аралык уюмдардагы кесиптештериңиздер менен биргеликте иш алып барууңуздарды суранам.

Орусиянын президентинин мындай эскертүүсү ошол эле күнү Эл аралык олимпиада комитетине жеткирилген. Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах допинг колдонгону ырастала турган болсо, орусиялык олимпиадачы-спортчулардын алган медалдарын жокко чыгарууга даяр экенин билдирди. Бирок ал бул үчүн 2014-жылдагы Сочи олимпиадасында допинг колдонгон деп айыпталган спортчулардын ошондогу канынын анализин кайрадан текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгын айтты. Сочи олимпиадасында орусиялык жеңил атлетчилер башкаларга салыштырмалуу эң көп медаль алууга жетишкен болчу.

XS
SM
MD
LG