Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Бишкекте бала менен кошо уурдалган машине табылды


Уурдалган машина.
Уурдалган машина.

Бишкекте ичинде бала менен кошо уурдалган автоунаа табылды. Маалыматка караганда, кылмышка шектүү адам машине ичинде бала бар экенин билген эмес. Жеткинчектин үнүнөн чочуп кетип, унаа менен жол четинде арыкка кулаган. Уурдаган адам качып кеткен, учурда ал изделүүдө.

Шаардык милициядан “Азаттыкка” билдиришкендей, кылмыш иши 24-октябрда эртең менен болгон. Бишкектик тургун “Мерседес-Бенц” унаасын сыртка коюп, үйгө жумуш менен кирип-чыкканча белгисиз киши аны айдай качкан.

XS
SM
MD
LG