Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Төрт өлкө "ИМге" каршы биргелешип күрөшөт


Ирак “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөшүү үчүн Орусия, Иран жана Сирия менен “коопсуздук жана чалгындоо тармагында кызматташуу” тууралуу келишим түзүлгөнүн билдирди. Ал ортодо Ирандын президенти Хасан Роухани радикалдар сүрүлүп, согуш аяктагандан кийинки Сириянын келечеги боюнча планды талкуулоого даярдыгын айтты.

Ирак армиясынын биргелешкен штабынын командачылыгы 26-сентябрда жасаган билдирүүдө келишимди түзүүгө расмий Москванын радикал топтун катарында орусиялык согушкерлердин саны барган сайын өсүп жатканына камтамасы түрткү бергени ырасталган.

Билдирүү жарыяланардан мурда Ирактын тышкы иштер министри Ибрагим ал-Жафари жергиликтүү куралдуу күчтөргө жардам берүү үчүн Орусиядан аскердик кеңешчилердин келбегенин кабарлаган.

Аналитиктердин айтуусунда, Москва акыркы жумаларда Сирияга аскердик жабдуу, адистерин жөнөтүп, Дамаскты “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшүп жаткан эл аралык коалицияга кошуу аракетине киришти. Москванын мындай аракети Вашингтондон колдоо таба элек.

АКШнын өзүндө президент Барак Обаманы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, биринчи кезекте Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу багытында чечкиндүү чара көрүүгө үндөгөндөр арбууда. Алар Американын так саясатынын жоктугу экстремисттердин жайылышына өбөлгө түзүп жатканын айтышат.

Кошмо Штаттар Ирак аскерлерин машыктырууга жана башка көмөк көргөзүүгө 20 миллиарддан ашуун доллар бөлгөнү менен, алар өлкөнүн түндүгү жана батышында ири аймактарды өз көзөмөлүнө алган согушкерлерге жакшы туруштук бере албай жатышат.

Ирак премьер-министри Хайдар ал-Абадинин маалымат өкүлү Ажанс Франс Пресс агенттигине билдиргендей, Ирак, Орусия, Сирия жана Иран радикал согушкерлерге каршы чалгындоо аракеттерин координациялап туруу максатында атайын комитет түзүү жөнүндө макулдашышты.

Саад ал-Хадитинин айтуусунда, жаңы комитет террорчулардын кыймыл-аракеттерине байкоо салып, алардын согуштук мүмкүнчүлүктөрүн чектөө аракетин көрмөкчү. Бирок жаңы комитеттин ишин качан баштары так айтылган жок.

Буга чейин Орусиянын "Интерфакс" кабар агенттиги Москвадагы дипломатиялык булактарга таянып, “Ислам мамлекети” уюмунун радикалдарына каршы күрөшкөн куралдуу күчтөрдү көзөмөлдөө жана аскердик операцияларды пландоо борбору Багдадда түзүлүшү мүмкүн, деп маалымдаган.

Орусия Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү 25-сентябрда "Интерфакска" билдиргендей, Дамаск эл аралык коомчулуктун “Ислам мамлекетинин” экстремисттерине каршы күрөшүнө камтылса жана Сириядагы согуштук аракеттер БУУнун мандаты менен жүргүзүлсө, анда Москва “теория жактан” АКШнын коалициясына кошулушу ыктымал.

Ушу тапта Нью-Йоркто жүргөн Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Сириядагы куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча Париждин позициясы тууралуу сөз кылып жатып, буларды айтты:

- Акыркы бир нече күндө Башар Асаддын ролу боюнча жана ал Сириядагы кырдаалды турукташтыруу элементи боло алабы деген комментарийлер көбөйдү. Мен бир чындыкты эсиңерге салгым келет: Асад – азыркы баш аламандык үчүн жооптуу адам. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун айткандай, ал адамзатка каршы кылмыш жасаган киши жана трагедиянын себеби бойдон кала берүүдө. Демек, сириялыктарга өлкөнүн келечеги Башар Асадга байланганын айтсак, анда биз ийгиликке жетише албайбыз.

Ал ортодо Ирандын президенти Хасан Роухани радикалдар сүрүлүп, согуш аяктагандан кийинки Сириянын келечеги боюнча планды талкуулоого даярдыгын билдирди.

Президент Башар Асадды колдогон Тегеран буга чейин Батыштын саясий чечим табуу аракеттеринен оолак болуп келген. Роухани АКШнын NPR радиосуна 27-сентябрда берген интервьюда Иран “террорчулар ал аймактан сүрүлүп чыккандан кийинки иш-аракеттерди аныктоо боюнча талкууларды баштоого даяр” экенин ырастады. Ошол эле маалда президент “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшкөн өлкөлөр “бир добуштан аракеттенүүгө жана террорчуларды дароо кетирүү боюнча планы болууга тийиш” – деп белгиледи. Роухани кошумчалагандай, Асад режими аракеттер планына жетишүү процессине Сирия президенти Башар Асаддын режими да камтылышы керек.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин Сауд Арабиянын королу Салман менен телефон сүйлөшүүсүндө Сириядагы кризисти жөнгө салуу жолдорун табуу маселесин талкуулады.

Кремлдин маалыматына ылайык, Москванын демилгеси менен уюштурулган сүйлөшүүдө жетекчилер “Ислам мамлекети” жана башка террорчул топторго каршы күрөшүү үчүн мындан да эффективдүү эл аралык кызматташтык альянсын түзүү керектигин” белгилешти.

Москва төрт жылдан берки жарандык кагылышта 240 миңден көп кишинин өмүрү кыйылган Сириянын президенти Башар Асадды колдоп келатат. Ал эми АКШ баштаган коалициянын мүчөсү Сауд Арабия Дамаски режимине каршы.

XS
SM
MD
LG