Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Атамбаев: ушактарга карабай ЕАЭБге киргенибиз туура болду


Президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин. Бишкек, 28-февраль.
Президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин. Бишкек, 28-февраль.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушкан учурда билдирди. Ал Путиндин сапары эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгын утурлай болуп жатканы жакшы жышаан экенин белгиледи:

- Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен эки тараптын алакасы жаңы деңгээлге чыкты. Мындан ары да тараптар стратегиялык өнөктөш бойдон кала берет, жалпы тарыхы бар бир тууган элдин мамилеси ушундай болуш керек. Владимир Путинге Кыргызстанга оор жана адаптация мезгилинде берген жардамы жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирем. Орусиянын президентинин саясий эрки менен уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлдү. Орус тарап интеграция үчүн техникалык жардам иретинде 200 миллион доллар бөлдү. Ар кандай имиш, ушактарга карабай ЕАЭБге киргенибиз эң туура кадам болду. Жыл аягына чейин бир тууган Орусиянын жардамы менен ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуу боюнча бардык маселелерди чечебиз деп ишенем. Анча-мынча майда тоскоолдуктардын баары жыл этегине чейин алынат, - деген президент азыркы жолугушуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Владимир Путин Кыргызстанга бүгүн Борбор Азияга болгон сапарынын алкагында келди. Анын сапары 27-февралда Казакстандан башталып, Тажикстанда уланган. Кремлдин басма сөз кызматы бул сапар Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан менен дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналганын жарыялады. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыкка 20-мартта 25 жыл толот. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG