Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Тажикстан эки учкучту бошотту


Учкучтар Владимир Садовничий менен Алексей Руденко сот жараянындагы тыныгуу учурунда, 22-ноябрь.
Учкучтар Владимир Садовничий менен Алексей Руденко сот жараянындагы тыныгуу учурунда, 22-ноябрь.

Тажикстанда сот орусиялык жана эстониялык эки учкучту абактан бошотуу чечимин жарыялады. Ал экөөнө мурдараак аткезчилик кылган, чек арадан мыйзамсыз өткөн деген кинелер тагылып, 8 жарым жылга эркинен ажыратылган эле. Окуя Орусия менен Тажикстандын мамилесин начарлатып, дипломатиялык кайым айтышууну от алдырган.

Тажикстандын Хатлон облустук соту орусиялык учкуч Владимир Садовничий жана анын эстониялык кесиптеши Алексей Руденкону сот залынан бошоткон чечимин жарыялады. 8-ноябр күнү райондук сот бул эки учкучту Тажикстандын аба мейкиндигине мыйзамсыз өткөн жана аэротехникалык жабдыкты мыйзамсыз ташыган деген олуттуу айыптарды тагып, 10 жарым жылга түрмөгө кесип, жаңы эле жарыяланган мунапыска такап, экөөнүн өкүмүн 2 жылга кыскарткан.

Орусиянын бийликтери Тажикстандагы сот өкүмү саясий куугунтук болду деп кескин түрдө айыптап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге таасирин тийгизет деп каршы алган. Ага удаа Орусияда жүздөгөн тажик мигранттары кармалып, айрымдары мекенине кайтарылганы Москванын Душанбеге берген жообу катары талданган.

Сот өкүмү чыгаар замат бошотулган учкучтардын бири Садовничий: “Мен түшүнгөндөн мурунку эле беренелер боюнча айыптуу деп табылдык. Бирок күнөөбүз кечирилип, ырайымдуулук кылынды. Биз менен аягына чейин чогуу болгон жакындарыбызга, журналисттерге чоң рахматыбызды айтабыз”, - деп билдирди.

Орусиянын Тажикстандагы элчилигинин кеңешчиси Дмитрий Кабаев: “Болушунча эртерээк мекенине кайтарганга аракет кылабыз. Эң жакынкы каттам балким, эртең болушу мүмкүн, - деп тактады. - Юридикалык жактан сот чечимин чечмелеп түшүндүрүш өтө кыйын. Баарынан башкысы – учкучтар бошотулду”.

Хатлон облусундагы орус коомчулугунун жетекчиси Людмила Ходжаева сот эки учкучту бошотконун туура эмес деп эсептээрин айтып, ошол эле маалда мигранттарга эми жеңилирээк болор деген үмүттө. “Бул үчүн Орусияга иш издеп барган мигранттарды пайдаланып, сотко кысым көрсөткөнү туура болгон жок. Бирок эки киши түрмөдөн бошотулганы көп кишини кубандырды. Мамлекеттер аралык мамиле эми оңолуп кетээр”, - деген пикирин кошумчалады Ходжаева.

Садовничий менен Руденко өз-өзүнчө айдаган эки АН-72 учагын Тажикстанда токтотууга аргасыз болуп, ошол эле күнү, быйыл март айында камакка алынган. Тажик бийликтери өлкөнүн аэромейкиндикти тейлөө кызматтары эки учкучту катуу эскерткенине карабай, алар Коргон-Төбөдөгү аэродромго учагын кондурганын мыйзамды одоно бузуу катары баалашкан.

Ошол эле маалда айрым дүйнөлүк маалымат каражаттары эки учак Ооганстандын бийликтеринин талабы боюнча кармалганын кабарлашкан. Чынында эки АН-72 учагы Кабулдан белгисиз жакка баратышкан. Кайда баратканы эмдигиче беймаалым. Дегеле бул окуянын табышмактуу жагдайлары дале арбын, жоопсуз калган суроолор андан көп. Учак Виржиния аралындагы оффшордук аймакта катталган Ролкан Инвестмент ЛТД компаниясына таандык экен. “Азаттыктын” тажик кызматынын Коргон-Төбөдөгү кабарчысы мурдагы сот тарабынан коюлган айыптар күчүндө калтырылды, азырынча эки учак ээсине кайтарылган жок деп маалымдады.

Расмий Душанбе соттун алгачкы жана шейшембидеги чечими артында эч кандай саясат жок дегени менен, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү бул ишке кызыгып, тийиштүү мекемелерге аны оңунан чечүүгө тапшырма бергени кабарланган. Андан саналуу күн өтпөй Хатлон облустук прокурору расмий түрдө облустук сотко кайрылып, учкучтарга карата чыгарылган “катаал” чечимди кайра караштырууну өтүнгөн.

1 миллиондун тегерегиндеги тажик жарандары – орто эсеп менен ар бир жетинчи тажик – ушу тапта Орусияда эмгектенип жүрүшөт. Алар мекенине салган каражат коңшулаш Кыргызстандагыдай эле – казнасы каржалган өлкө экономикасына эбегейсиз салым кошуп келатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG