Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Тажикстандын Москвадагы элчилиги 6-сентябрдагы мушташтын жагдайларын иликтөөнү өз көзөмөлүнө алды. Ал күнү тажикстандык айдоочулар менен жергиликтүү таксичилер "Садовод" базарынын жанындагы жерди талашып мушташа кеткен.

"Садовод" базарынын маалымат катчысы Надежда Спиридонованын "Интерфакс" агенттигине айтымында, тиешелүү уруксаты жок иштеген айдоочулар болжол менен Тажикстан жарандары. «Сары такси» фирмасынын машинелерин таш бараңга алышканда базардын коопсуздук кызматы кийлигишип, чырды токтоткон. 40 чакты киши текшерүү үчүн полицияга жеткирилип, көп узабай коё берилген.

Алардын бири Юсуф аттуу тажикстандык соодагер:

- Айдоочулар ким бул жерде иштейт, ким иштебейт деп тартыша кетти. Анан полиция келгенде көчө шыпыргыч, жүк ташуучу же сатуучу болобу, туш келди участокко салып кетти.

Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз өкүлү Мухаммади Эгамзод «Садоводдогу» окуянын чоо-жайы азырынча териштириле электигин билдирди. Дипломат 6-сентябрда Москва шаарынын күнү белгиленгенин эске салып, кимдир бирөөлөр чырды атайлап уюштуруп, провокация кылышкан деп боолголойт.

Эгамзод "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргенине караганда, Тажикстандын Орусиядагы элчиси Имомуддин Сатторовдун тапшырмасы менен Тажикстандын миграция кызматы жана ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлдөрү чатак болгон жерге дароо жөнөгөн. Алардын айтымында, жапа чеккендердин көбү Тажикстандын жарандары болуп чыкты.

Элчи Сатторов окуяны иликтөө ишин өз көмөзөлүнө алды.

Москвада жашаган айрым тажиктер жаңжалдын артында тажик мигранттарын кысмактоону көздөгөн күчтөр турат деп эспетешет.

"Азаттыктын" тажик кызматы сөзгө тарткан ишкер Мухиб Назаров Батыш киргизген санкциялардан улам экономикалык активдүүлүк жайлап, орус баш калаасында кризистин белгилери пайда болуп, натыйжада чет өлкөлүк жарандарга терс мамиле кылган учурлар көбөйүүдө деген ою менен бөлүштү. "Жумуш орундар үчүн атаандаштык өскөн чакта мушташ тажиктерди "Садовод" базарындагы тейлөө кызматынан сүрүп салуу амалы болушу мүмкүн", - дейт Назаров.

Базарда жер-жемиш саткан Юсуф болсо соода былтыркыга караганда кыйла солгундаганын айтат:

- Чынын айтсам, өткөн жыл менен салыштырсак, соода азайды. Кардарлар мурункудай көп эмес.

«Точинфо» маалымат агенттигинин Москвадагы өкүлү Гуфрон Ваххобовдун пикиринде, соңку чатак бир караганда эле турмуш-тиричиликтен улам чыккан талаш болгон:

- Бирок Москвадагы базарлар жөнүндө жергиликтүү маалымат каражаттарында жарык көргөн материалдарды алсак, ошондой чырларга кызыкдар топтор бар болушу мүмкүн деген ой кетет. Эң өкүнүчтүүсү, баягы эле тажиктердин аты чыгып, аларды жаманатты кылышууда. Жергиликтүү тургундар арасында тажик мигранттарына жек көрүү сезими ого бетер өсүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG