Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Татарстан аза күтүүдө


Авиакырсыкта каза болгондордун жакындары. Казан, 18-ноябрь, 2013.

Авиакырсыкта каза болгондордун жакындары. Казан, 18-ноябрь, 2013.

Жекшембинин кечинде Москва-Казан каттамындагы Боинг-737 учагы Казан аба майданына коноордо кулап түшүп, борттогу бардык 50 киши набыт кетти.

"Татарстан" авиакомпаниясынын Боинг–737-500 учагы 17-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те Казан эл аралык аба майданына конуп жатканда жарылып кеткен. Андан учактагы 44 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү мерт кетти. Каза болгондордун арасында Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун 1989-жылы туулган уулу Ирек да бар экенин республика президентинин администрациясы бышыктады.

Жүргүнчүлөр арасында Татарстан боюнча Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жетекчиси, 1957-жылы туулган Александр Антонов да болгону кабарланууда.

Каргашалуу 363-каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин "Татарстан" авиакомпаниясы жарыялады. Росавиация өкүлдөрү Москва – Казан каттамын аткарган самолёт конууга эки жолу аракеттенгенин кошумчалады. Жарылуунун себептери тиешелүү органдар тарабынан иликтенип жатат.

Кырыскка учураган "Боингдин" "кара жашиктери" дүйшөмбүдө табылып, каза болгон 44 жүргүнчү менен экипаждын 6 мүчөсүнүн сөөктөрүн аныктоо иши башталды. Тергөө комитети кырсыкка учактагы техникалык проблема жана пилоттун ага байланышкан катасы алып келген болушу мүмкүн деп эсептейт

Бул учактын ичинде кыргызстандыктар болбогонун “Азаттыкка” бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Бул кырсыкка байланыштуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге жана Татарстандын президенти Рустам Миннихановго көңүл айтуу катын жиберди.

Казандын эл аралык аба майданында жарылган "Татарстан" авиакомпаниясынын Боинг–737-500 бул учагы 12 жыл мурда дагы кырсыкка учураганын бүгүн Авиация коопсуздугу боюнча маалымат порталы кабарлады. Учактар реестрине ылайык, VQ–BBN каттоосу бар самолёт 1990-жылы чыгарылган жана аты аталган авиакомпанияда 2008-жылдан бери иштетилген.

Бул учак 2001-жылдын 17-декабрында Бразилиянын Белу-Оризонти шаарынын Танкреду Невес атындагы эл аралык майданына конуп жатканда кырсыкка учураган. Рио-де-Жанейронун Сантос-Дюмонт аэропортунан келе жаткан учакта 102 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Учак ал кезде "Рио Сул" авиакомпаниясына таандык болгон.

Самолёт учуп-конуу тилкесине 70 метр жептей жерге урунуп, сол дөңгөлөгү сынып кеткен. Андан соң учак дээрлик эки чакырым бир дөңгөлөгү менен жүрүп токтогон. Ал окуяда эч ким жабыркаган эмес.

Казанда кырсыктаган Боинг–737-500 жети авиакомпанияда кызмат өтөгөн. Бул – "Татарстан" авиакомпаниясынын флотундагы ушул үлгүдөгү жалгыз учак болгон. Авиакомпанияда учурда бир Боинг–737-400, эки ТУ–154 жана төрт Аэробус–319 учактары бар.


Тасмада: Казандагы авиакырсык

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG