Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Мечит жанындагы бий динчилдерди ызалантты


Ырчы Резеда Ганиуллина
Ырчы Резеда Ганиуллина

Татар ырчысы мечиттин жанынан тартылган клиби үчүн динчилдерден кечирим сурады. Ачык кийинип, чыгыш бийин бийлеген Резеда Ганиуллина “Аллахтын үйүнө” акаарат келтирди деп айыпталууда.

Тергөө комитети ырчынын клибин Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 148-беренеси менен текшерүүнү чечти.

Татар ырчысы Резеда Ганиуллина Болгар шаарындагы мечиттин фонунда бийлегени үчүн кечирим сурады. Мечит 2012-жылы курулган, анда Курандын 800 килограммдык дүйнөдөгү эң чоң экземпляры сакталып турат.

“Адам бирөөнүн терс жагын өзүнүн бузулган деңгээлине жараша баалайт. Клип кимдир бирөөгө катуу тийген болсо кечирим сурайм” деп жазды ырчы социалдык баракчасына.

Ырчы андан ары “жогорку деңгээлде аткарылган чыгыш бийи стриптиз эмес, ал искусство” деген. Резеда күн сайын таңды “быссымылла” деген келме менен тосорун, ар кандай диний секталар жана агымдар менен күрөшкөн Татарстандын диний ишмерлерине ыраазы экенин билдирген.

Бирок кечирим суроого карабастан Татарстандын тергөө комитети мечиттин фонунда тартылган клипти текшере баштады.

“Аялдын иш-аракетинде Кылмыш кодексинин 148-беренесинде (абийирге жана диний укукка шек келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери болушу мүмкүн”, - деп түшүндүрдү Орусиянын Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгынын аймак боюнча жетекчисинин жардамчысы Андрей Шептицкий.

Pussy Riot тобунун ырчылары
Pussy Riot тобунун ырчылары

​20-сентябрда Казандагы Закабан мечитинин имамы Сейджагфар Лутфуллин ырчынын «Жаным» аттуу клибин интернеттен алууну талап кылган.

“Стриптиз бийчисине Аллахтан кечирим сурап, видеону социалдык тармактан алып салууну эскертебиз” деп жазган ал ВКонтактедеги баракчасына.

Татарстандын муфтийи Камил хазрат Самигуллин клипти «Мечит –көңүл ачуучу жай эмес» деп сындады.

“Жаным” деген ырдын клиби интернетте 19-сентябрда пайда болгон.

2012-жылы Москвадагы Иса пайгамбардын чиркөөсүндө Pussy Riot тобунун ырчылары “Жараткан, Путинди жогот” деп ырдашкан. Сот ырчы кыздарды үч жылга эркинен ажыраткан. Алардын бири - Екатерина Самуцевичтин жаза мөөнөтү кийин шарттуу деп өзгөртүлгөн. Мария Алехина менен Надежда Толоконникова мунапыска илинип, 2013-жылы эркиндикке чыгышкан. Орус ырчысы Ваенга ошол кезде «бул эчкилер мечитке барып ырдаса, сотко жетпей калышмак» деп жазган эле.

XS
SM
MD
LG