Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Орусия бийликтеринин аскерий учак Түркия-Сирия чек арасында атып түшүрүлгөндөн кийинки алгачкы билдирүүлөрү Москва менен Анкаранын мамилеси бузуларын ишара кылууда. Орусия-Түркия алакасы чын эле начарлашы мүмкүнбү жана начарласа бул эмнеден көрүнөт?

Москва да, Анкара да өз чындыгын карманган жана өз-өзүнчө ачууланган бул окуядан соң орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркияга бүгүнкүгө мурда эле мерчемделген сапарын токтотту.

Быйыл декабрдын соңуна түрк президенти Режеп Эрдогандын да сапары пландалган болчу. Ал дагы жокко чыгарылабы - бул азырынча белгисиз.

Орусиялык аскерий учактын Түркия-Сирия чек арасына жакын жерде атып түшүрүлүшүн комментарийлеп жатып, орус президенти Путин муну “террорчуларга көмөктөшкөндөрдүн далыга урулган соккусу” катары баалады жана мындан орус-түрк алакасына олуттуу кесепеттер болорун эскертти.

Орус учагы кулап жаткан учур. 24-ноябрь, 2015-жыл.

Орус учагы кулап жаткан учур. 24-ноябрь, 2015-жыл.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, премьер-министри Ахмед Давутоглы алардын өлкөсү өз чек араларын эл аралык мыйзамдарга ылайык коргоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын көрүүгө укуктуу экенин айтып чыгышты.

Түрк бийликтери ошондой эле орус учагына алардын аба мейкиндигин бузбоосу үчүн кеминде он ирет эскертүү жасалганын ырастоодо.

Аскерий учактын кыйроосу менен байланышкан бул инцидент эми кансыз согуш доорунда каршылашкан, бирок кийин бири-бирин стратегиялык өнөктөш катары карап калган Орусия-Түркия алакасынын бузулушуна алып барабы?

Орусияга күтүүсүз болгон жок

Биз бул суроону Лондондогу Chatham House аналитикалык уюмунун Орусия жана Евразия боюнча иликтөөчүсү Кеир Жайлска (Keir Giles)жолдодук:

- Дал ушу тапта бир нерсе айтыш кыйын. Көңүл бура турган бир кызыктуу учур Орусиянын ачуулуу билдирүүсү чыкканга чейин белгилүү бир убакыт өттү. Алардын алгачкы реакциясы абдан эле жумшак болду. Окуянын чоо-жайын билүү зарылдыгын айтып жатышты. Президент Путиндин түз жана абдан эмоционалдуу комментарийине биз ушундан кийин гана күбө болдук. Менимче, эми кийинки кадам кандай болорун билиш үчүн да убакыт керек. Бирок Түркиянын чарасы Орусия үчүн күтүүсүз болгон жок. Анткени Түркиянын өз чек арасын коргоо боюнча эрежелери ачык-айкын, чечкиндүү жана жакшы эле билдирилген болчу. Ушул жагынан караганда, Орусия оюндун эрежесин жана Түркиянын аба мейкиндигин бузуунун тобокелчиликтерин абдан жакшы түшүнүп турган. Андыктан биз Орусия болуп кеткен нерсеге таң калбашы керек деп эсептей алабыз.

Орусиялык аскерий учактын Түркия тарабынан атып түшүрүлүүсү НАТОго мүчө өлкөнүн күчтөрү менен Орусиянын аба мейкиндикте акыркы ондогон жыл ичиндеги алгачкы кагылышуусу болду. Буга чейин 1970-жылы АКШнын чалгынчы учагын советтик ракета азыркы Армениянын аба мейкиндигинде атып түшүргөн.

Париждеги террордук чабуулдар Сирия боюна эки ача турумду карманган өлкөлөрдү эми жакындаштырабы деген үмүттөргө да бир эсе суу сепкенсиди. Москва менен Анкаранын Сирия боюнча саясатындагы башкы айырмачылык да - президент Башар Асаддын келечеги. Түркия да Асад бийликтен кетиши керек деп санаса, Орусия анын турумун чыңдоого аракеттенүүдө.

Түркия Орусиянын Сирияда өз алдынча аба соккуларга киришүүсүн колдогон эмес, атүгүл орус учактары алардын аба мейкиндигин кеминде эки ирет бузганын расмий эскерткен.

Анкара ошондой эле акыркы аптада Сириянын түндүгүндө, түркмөндөр жашаган кыштактарын да орус учактары бомбалап жатканына нааразылык билдирип, ушул аптада бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинде кароого чакырган.

Экономикалык кесепеттерди айтууга эрте

Эгер эми президент Путин айткандай, учак кыйроосунан орус-түрк алакасына чын эле “олуттуу кесепеттер” болсо ал эмнеден көрүнүшү мүмкүн?

Лондондогу Chatham House аналитикалык уюмунун Орусия жана Евразия боюнча талдоочусу Кеир Жайлска (Keir Giles) мындай дейт:

- Орусия менен Түркиянын тыгыз алака-катышы жабыркап кала турган чөйрөлөр бир топ. Эгер кааласа, Орусия экономикалык өнөктөштөрүнө зыян келтирүү үчүн буга чейин колдонгон жана сыноодон өткөргөн аспаптар жок эмес. Ал, мисалы, экономикалык кысым, соода эмбаргосу болушу мүмкүн. Азыркы баскычта Орусиянын жыйынтык чарасы эмне болоруна баа берүү азыркы эртелик кылат. Бирок,менимче газ боюнча кызматташтык Орусия өзү бутага ала турган чөйрө болбойт. Анткени буга Түркияга караганда Орусия өзү көбүрөөк муктаж. Андыктан көгүлтүр от маселеси өч алуунун жана мамилени курчутуунун өңүтү болбойт.

Газ демекчи Орусиянын Украинага карата саясатынан улам Европа өлкөлөрү орус газын Кара деңиздин түбү аркылуу аларга жеткирүүнү караган “Түштүк агым” долбоорунан баш тартканда, Москва мунун альтернативасын Түркиядан көргөн.

"Түштүк агымдын" ордуна сунушталган "Түркия агымы" куурунун багыты.

"Түштүк агымдын" ордуна сунушталган "Түркия агымы" куурунун багыты.

Анкаранын көңүл алыш үчүн Түркиянын өзүнө газды арзан берүүнү убада кылып, баштапкы саясий келишимге да жетишкен болчу.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган сентябрда Москвага келгенде эки тарап ортодогу сооданын көлөмүн 2023-жылга карата 100 миллиард долларга жеткирүү мүдөөсүн жарыялашкан. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 31 миллиард долларды түзгөн болчу. Орус газынын Түркияга учурда иштеп жаткан эки куур аркылуу жөнөтүлгөн көлөмү былтыр 28 миллиард куб метрге жакындаган.

Аскерий учактын кыйроосу артынан тышкы иштер министри Сергей Лавров орус жарандарына Түркияга барбай турууну сунуш кылып, муну бул өлкөдө террор коркунучу өскөнү менен түшүндүрдү.

Ал эми мамлекеттик Ростуризм агенттиги Түркияга жолдомо сатууну токтото турууну сунуш кылса, ири туристтик компаниялардын бири “Натали Турс” убактылуу ушундай кадамга барганын жарыялады.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Түркияга 4,5 миллиондой орусиялык каттаган. Бул Түркияга келген туристтердин 12% түзөт.

Айрым байкоочулар Орусиядан Түркияны көздөй массалык туристтик агым адатта май айынан тарта гана күчөрүн эске салышып, ага чейин кырдаал өзгөрөрүнө көңүл бурушууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG