Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

Анкара менен Москванын тиреши


Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

Түрк куралдуу күчтөрү 24-ноябрда Сирия менен чек ара аймагында орусиялык аскердик учакты атып түшүргөндөн кийин Анкара менен Москванын мамилеси күтүлгөндөй эле кескин начарлап кетти. Орус өкмөтү экономика, бизнес, туризм тармактарында бир катар чектөөлөрдү киргизүүгө камданууда. Түрк бийлиги болсо Орусиянын учагы өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын ырастап келатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 27-ноябрда CNN телеканалына курган маегинде анын өлкөсү аба мейкиндигин бузган учакты атып түшүргөнү үчүн кечирим сурабайт деп билдирди. Алдыңкы күнү Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Түркия азыркыга чейин кечирим сурабаганын жана чыгымдардын ордун толтурууну сунуш кылбаганын айткан. Орус президенти ошондой эле "терроризмге каршы күрөштө өнөктөш деп эсептегендер далга сокку урду" деп кайталады.

25-ноябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Су-24 учагына байланышкан инцидент үчүн Түркия менен согушуу ниетибиз жок" деп билдирген.

Кремл: Түркия менен согушпайбыз, бирок...

"Түркия менен согушпайбыз, түрк элине мамилебиз өзгөргөн жок. Түркиянын азыркы жетекчилигинин аракеттерине гана суроолорубуз бар", - деди министр шаршемби күнкү маалымат жыйынында.

Башкы дипломат «түркиялык өндүрүүчүлөргө жана экспортерлорго бут тоспойбуз. Алардын, албетте, эч кандай күнөөсү жок, түрктөр менен иштеген биздин жарандарга да ашыкча проблема жараткыбыз келбейт» - деп айтканы менен бейшемби күнү орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев бир катар мекемелерге – Транспорт, Айыл чарба, Маданият министрликтерине, Бажы кызматына Түркияга каршы санкцияларды даярдоо тапшырмасын берди.

Маалыматтарга караганда, экономикалык кызматташтык боюнча программаларды убактылуу токтотуу, финансылык операцияларды чектөө, бажы төлөмдөрү, туристтик, жүк ташуу, гуманитардык алакалар чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөр каралууда.

Буга чейин Түркияда өндүрүлгөн айыл чарба жана азык-түлүк продукциясын жакшылап текшерүү тапшырмасы берилген. Айрым депутаттар Түркиянын аскерий гана эмес, «сапатсыз азыктары коркунуч жаратышы» мүмкүн дешүүдө.

Андан тышкары Орусиянын бир катар облустарында Түркияга, түркиялык компанияларга каршы акциялар өттү.

Москвадагы Түркиянын элчилигинин алдында өткөн акция. 25-ноябрь, 2015-жыл

Москвадагы Түркиянын элчилигинин алдында өткөн акция. 25-ноябрь, 2015-жыл

Москва атүгүл түркиялык айрым расмий адамдар "Ислам мамлекети" террордук тобунун карамагындагы аймактарда өндүрүлгөн кара майдын аткезчилигине аралашкан, радикалдарга муну менен жардам беришүүдө деп айыптаган. Президент Эрдоган бул айыптоого мындайча жообун узатты:

- Орус бийликтери мындай сөздөрдү айтпашы керек эле. Биз террордук уюмдардан эч качан май сатып алып же саткан эмеспиз. Алар муну далилдеши керек. Алар муну далилдеген кезде Тайип Эрдоган кызматында калбашы керек. Бирок бул ушакты таратып жаткандар өз кызматын таштай алабы?, - деди түрк мамлекет башчысы France 24 телеканалындагы маек учурунда.

Кыскасы, учакка байланышкан инцидент эки өлкөнүн мамилелерине кыйла залкасын тийгизчүдөй.

Сентябрдын аягында Москва Сириядагы согуштук аракеттерге аралаша баштагандан бери Анкара бир нече ирет орус согуш учактары Түркиянын аба мейкиндигин бузганын айтып нааразылыгын билдирип келди. 3 -октябрда түркиялык Ф16 учактары орусиялык истребителди өз аба мейкиндигинен коштоп чыгарышкан. Ошондо Москва начар аба ырайына шылтоолоп актанган болчу. Эки жумадай убакыттан кийин Орусияда чыгарылган пилотсуз учак Түркиянын мейкиндигине кирип кеткен жеринен жок кылынган.

20-ноябрда болсо түркмөн азчылыгы отурукташкан бир нече айыл-кыштак бомбаланганда Анкара орус элчисин чакыртып, ал операциянын арты олуттуу болорун эскерткен.

Аскердик-саясий маселелер боюнча орусиялык эксперт Юрий Федоров мындай эскертүүлөргө карабай, эмне себептен орус учактары кайрадан Түркиянын аба мейкиндигине кирип барышканын мындайча түшүндүрөт:

- Орусиялык учактын Түркиянын аба мейкиндигине учуп кириши кадыресе шалаакылык же чагым да болушу мүмкүн. Так айтуу албетте кыйын. Мен бул жерде башка бир нерсеге көңүл бурат элем. Мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин орус аскердик авиациясынын Балтика чөлкөмүндө, ошол эле Түркияда башка өлкөнүн аба мейкиндигин бузган учурларга күбө болгонбуз. Түрк бийлиги "мунун арты жагымсыз бир окуялар менен аякташы мүмкүн" деп Москвага эскертүү жасаган. Айткандай эле мына терс жыйынтыгын көрүп жатабыз. Мунун бардыгы Кремлдин Сириядагы аракеттери Орусия гана эмес, башка өлкөлөр үчүн да өкүнүчтүү аякташы мүмкүн экенин далилдөөдө.

Түрк армиясынын Башкы штабы орус пилотторуна 5 мүнөттө 10 ирет эскертүү берилгенин расмий билдирсе, тирүү калган учкуч орус маалымат каражаттары менен интервьюсунда аны четке какты.

Түрк аскерлеринин ырастоолорун Анкаранын НАТО боюнча өнөктөшү АКШ куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү бышыкташкан. "Пилоттор менен сүйлөшүү ачык каналда жүргөндүктөн, биз айтылгандардын бардыгын угуп турдук", - деди полковник Стив Уоррен.

Орусиянын Коргоо министрлиги учак Түркиянын мейкиндигин бузганын танып, Сириянын үстүнөн учуп баратканын билдирип келатат.

"Ислам мамлекетине" каршы күрөш

Москва башынан эле “Ислам мамлекети” радикал тобунун жайларын эмес, салттуу шериги президент Башар Асадга каршы күрөшүп жаткан башка оппозициялык күчтөрдүн турумдарына көбүрөөк сокку урууда деген сынга кабылууда.

Орусия ИМдин базасы деп чабуул урган жай Эркин Сирия армиясына таандык мунай өндүрүүчү объект болгон.

Орусия ИМдин базасы деп чабуул урган жай Эркин Сирия армиясына таандык мунай өндүрүүчү объект болгон.

Түрк өкмөтү болсо НАТО менен бирге Асаддын режимине каршы ачыктан ачык чыгышууда жана байистүү оппозицияны – Сириянын Эркин Армиясына аскердик жана гуманитардык жардам берип келатат. Ал эми Асаддын куралдуу күчтөрү эми Орусиянын колдоосу менен ошол армиянын позицияларына соккуларды активдүү урууда. Орусиялык эксперт Юрий Федоров:

"Биринчиден, учак кыйраган райондо “Ислам мамлекетинин” согушкерлери жок болчу. Дегеле ал чөлкөм "Ислам мамлекетинин" куралдуу күчтөрү кармашып жаткан жерлерден алыс жайгашкан. Орусиянын аракеттери биринчи кезекте "Ислам мамлекетинин" радикалдарына каршы багытталган, аларга көбүрөөк көңүл бурулууда деген кептер жалган, чындыкка дал келбейт деп ойлойм.

Экинчиден, бул инцидент Сирия маселесинде Орусия акыркы кездерде жактап келаткан кеңири коалиция түзүү идеясын таптакыр көөмп салбаса да, дээрлик реалдуу эмес кылып койду. Себеби, Түркиясыз андай коалиция маанисиз болуп калмакчы. Ал өлкө Сириядагы кризисти жөнгө салууда негизги оюнчулардын бири. Анкарасыз же анын позициясын эске албастан кандайдыр бир кеңири коалиция түзүү же башка эл аралык аракеттер тууралуу сөз кылуу да мүмкүн эмес.

Экинчи жагынан андай ири альянс Москва Асаддын отставкага же таптакыр саясий сахнадан кетиши керектигине көнгөн шартта гана курула алат. Бирок Путин үчүн Асадды бийликтен кетирүү деген ойду кабыл алуу олуттуу саясий утулуш болот".

Андан тышкары Түркия көптөгөн жылдардан бери өз аймагында күрттөрдүн автономиясын түзүүнү жактап келаткан Күрттөрдүн жумушчу партиясына каршы күрөшүүдө. Анкара өкмөтү күрт кошуундарынын Сирия түндүгүндөгү кээ бир жерлерди кайтаруудагы ийгиликтери Түркиядагы жикчил маанайды күчөтүшү ыктымал деп чочулайт. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун регионалдык директору Аббас Жавади мындай дейт:

"Мындан беш жыл мурун Путиндин жетекчилигиндеги Орусия жана Эрдогандын астындагы Түркия тышкы саясатта жакындашуу жолуна түштү деген ой-пикир өкүм сүрүп келген. Иш жүзүндө ошондой эле болгон. Мыкты саясий жана соода алакаларга күбө болгонбуз. Бирок акыркы жылдары регион туш болуп жаткан окуялар ошол достукту жана мамилелерди өзгөрттү.

Албетте “Ислам мамлекети” радикал уюмунун пайда болушу тынчысызданууну пайда кылды. Ал эми Түркия үчүн аларга караганда күрт маселеси балким дагы маанилүүрөөк. Себеби, Түркия күрттөрдүн Күрт Жумушчу партиясы аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудуруп жатат деп эсептейт. Түрк бийлиги мыйзам ченемдүү түрдө аларды жикчилдер менен террорчулардын катарына кошот. Түркия үчүн бул эң чоң тынчсыздануунун булагы десек болот. Балким Орусия менен Түркия ортосундагы азыркы кризис дал ушул маселеге барып такалат. Себеби орусиялык учак Сирия-Түркия чек арасында атып түшүрүлдү.

Түркия менен чектеш аймактарды Асаддын же ага каршы козголгон күрт согушкерлери толугу менен өз карамагына алууну көздөшүүдө. Ал жерде иш жүзүндө "Ислам мамлекетинин" экстремисттери гана эмес, түркмөндөрдүн, арабдардын түрдүү топтору күрөшүп жатат. Күрт куралдуу кошуундарынын алга жылышы Анкараны катуу бейпайга салды. Түрк өкмөтү буга чейин бери дегенде 10 жолу өзгөчө аскердик операцияларын баштаган орустарга аба мейкиндигин бузбоо эскертүүсүн жасаган. Ошол чек аралаш жердеги окуялар улуттук коопсуздук жана аймактык бүтүндүк маселесинен алганда Түркияны өтө камтама кылууда. Башкача айтканда, алар күрттөрдүн экспансиясын каалашпайт".

Түркия ошондой эле Сириянын түндүгүндө учуулар үчүн тыюу салынган буфердик тилке түзүү идеясын сүрөөгө алууга аракеттенген. Бирок орус авиациясынын Сирияга жөнөтүлүшү менен ал сунуш утопияга айланып калды.

Экономикалык "согуш"

Окуя болгон күнү эле Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарына Түркияга баруудан карманууга чакырды. “Түркия аймагындагы террордук көрүнүштөр сан жагынан, биздин баамыбызда, Египеттегиден кем калбайт. Буга байланыштуу жарандарыбызга ушу тапта Түркияга эс алуу же башка максаттар менен барбоо кеңешин беребиз”, - деди 24-ноябрда орус тышкы мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров.

Түркия Египет менен кошо орус туристтеринин эң жакшы көргөн жана көп барган багыттардын бири. Өткөн жылы, расмий маалыматка караганда, Түркияда 4 жарым миллиондой орусиялык эс алып кеткен. Үстүбүздөгү жылы кризистен улам бул сан болжолу менен 20 процентке азайды.

Орусия Түркия үчүн туристтердин саны боюнча Германиядан кийинки экинчи орунда турат жана жалпы туристтердин 12 пайызын түзөт.​

Орус жарандарын Түркияга барбоого чакырык. Орусия

Орус жарандарын Түркияга барбоого чакырык. Орусия

Анкара университетинин изилдөөчүсү Тогрул Исмаилдин пикиринде, тараптар экономикалык кызматташтыкка кызыкдар, андыктан радикалдуу бир кадамдарга барбайт:

- Украинадагы кризистен улам экономика ансыз да төмөндөп кеткен. туристтердин агымы да азайды. Энергетика тармагында болсо Орусия эмне кыла алат? Түркияга экспорттогон газдын көлөмүн кыскартса, Орусия мындан өзү да жапа чегет. Түркия газ үчүн өз убагында төлөп турган олуттуу өнөктөш. Орусия Түркиядан жылына түшкөн 9 миллиард доллардан оңой эле баш тартып салат деп ойлобойм. Менимче, азыр айтылып жаткан катаал билдирүүлөр Орусиянын ички коомуна, же электоратка көбүрөөк багытталган. Мына биз ушундай кубаттуу, күчтүүбүз деп төш каккысы келет. Биз Орусияны ансыз да кубаттуу мамлекет, кубаттуу кошуна, региондогу маанилүү оюнчу деп санайбыз.

Бирок 25-ноябрда Орусиянын өнөр жай жана ишкерлер биримдигинин төрагасы Александр Шохин ТАСС агенттигине Москва “Түрк агымы” долбоорунан баш тартышы ыктымал деп билдирди. Анын айтымында, Анкара менен мамилелер начарлай электе эле аны ишке ашыруу улам бир тоскоолдуктарга туш болуп жаткан. Түркия соодалашып, газдын баасы же маршруту боюнча өзүнө улам бир артыкчылык алууга аракеттенүүдө. Азыркы тапта биз бааларды түшүрө албайбыз, - деди Шохин.

2014-жылдын аягында президент Владимир Путин газды Украина аркылуу ташыган жолду алмаштыра турган “Түштүк агымы” долбоорунан баш тартып, “Түркия агымына” артыкчылык берилерин билдирген.

Түркия "Газпром" мамлекеттик компаниясынын Германиядан кийинки экинчи ири кардары. Былтыр компания Түркияга 27,4 миллиард метр куб газ экспорттогон.

Сириядагы түркмөндөр

Ал эми маалымат каражаттары орусиялык учакка байланышкан соңку окуялардан кийин Сирия-Түркия чек арасындагы аймактарынын бирин байырлаган түркмөндөр кимдер? Эмне себептен Түркия аларды колдоп келатат? - деген суроого кызыгышууда.

“Азаттык” радиосунун түркмөн редакциясынын директору Мохаммад Тахир айтып бергендей, бул этникалык түрк жамааты Сирияга Борбор Азиядан эң байыркы заманда, айрымдары селжук султандарынын, Осмон империясы доорунда келип отурукташып калышкан.

- Жарандык согуш башталганы Сирияда ар кайсы жамааттар түрдүү топторго кошулган. Кээ бирлери “Ислам мамлекети" радикал уюмунун, башкалары режимге баш ийген күчтөр катарында, күрттөр болсо өзүнчө максатты көздөгөн өздөрүнүн кошуундары тарабында согушуп келатышат. Түркмөндөр да өз топторун, тактап айтканда, бир нече топ түзүп, негизинен Эркин Сирия Армиясына киришкен. Мен алардын лидерлери менен сүйлөшкөнүмдө, жерлерин, кызыкчылыктарын коргоо үчүн күрөшүп жатышканын айтышты.

Ал эми Анкаранын колдоосу жөнүндө айта турган болсок, анын бир нече себеби бар деп ойлойм. Албетте, биринчиден, тарыхый фактор, башкача айтканда, бир эле түрк элине таандык болгону өз ролун ойноодо. Сирия ушундай дүйнөлүк окуянын чордонуна айлангандан кийин ар бир топ, күрттөр же арабдар болобу, сөзсүз чоң оюнчулардан кимдир бирөөлөр колдошууда. Дамаск режимин да Москва жактап келатат. Түркия Сириянын кошунасы катары албетте өз кызыкчылыгын көздөйт. Мындай абалда этникалык түркмөндөр менен жакындашуу табигый көрүнүш. Түркия ар кыл өңүттөн алып караганда аларды колдоодо.

"Азаттык": Колдоо демекчи, курал-жарак жагына да көмөк берүүдө деген кептерде чындык барбы?

- Мен бул суроого Сириядагы түркмөндөрдүн "Ватан биримдиги" деген гуманитардык уюмунун башчысы Мохтар Фатихтин айткандарына таянып жооп берейин. Анын айтымында, түрктөр көп нерселерден, анын ичинде курал менен камсыздашууда. Мохтар кошумчалагандай, бирок Түркия этникалык түркмөндөр курал алган бир эле булак эмес. Алар Сириядагы бир катар өкмөттүк аскердик постторду басып алып, ок-дары, башка жабдуу, аскердик реквизитке ээ болушкан.

"Азаттык": Учактын атып түшүрүлүшү ошол этникалык түркмөндөргө кандайдыр бир терс таасирин тийгизбейби?

- Мен жогоруда сөз кылган түркмөн лидерлери менен сүйлөшкөндө учак кулагандан кийин Сириянын аймагындагы түркмөн тоолору деп аталган жерде орустардын бомбалоолору токтомок турсун, тескерисинче көбөйгөнүн айтып беришти. Кармаштардын да күчөп жатканын айтышууда. Муну бир өч алуу деп сыпаттаса болчудай.

Сирия менен чек арага жакын Түркиянын Хатай шаарынын губернатору Эржан Топажа билдиргендей, акыркы күндөрү 1,5 миңдей этникалык түркмөндөр авиа соккулардан качып, Түркияда баш калка таап, чатырларга жайгаштырылган.

Бишкек Анкара менен Москванын ортосунда

Анкара менен Москванын ортосундагы чатакка байланыштуу расмий Бишкек өзүнүн так позициясын билдире элек. Эл аралык мамилелер боюнча жергиликтүү адистер арасында эки өлкө менен тең достук жана бир туугандык байланыштагы Кыргызстандын абалы эгерде тараптардын ортосундагы мамиле кескин курчуп кетсе кандай болот деген тынчсыздануулар бар. Ошол эле кезде Кыргызстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюму Түркиянын аракетин айыптап чыкты. Орусиянын орбитасында калган Кыргызстан үчүн бул жагдай анын тышкы саясатында ыңгайсыздык жаратпайбы деген түкшүмөлдөр күчөдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG