Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Түркия Орусиянын аскерий учагын атып түшүргөн соң эки өлкө мамилеси начарлап кеткенине ай айланып калды. Ошондон бери Москва менен Анкара бири-бирин айыптап, тиреш уланууда.

Президент Путин ушул бейшембидеги жылдык маалымат жыйынында мурдагы айыптоолорун кайталап, Түркия жетекчилиги менен тил табышуу мүмкүн эместигин айтышы мамиле жакын арада жумшарбай турганын туюнткандай болду. Орусия-Түркия ортосундагы бул тиреш жана анын Кыргызстанга тийгизген таасирлери тууралуу Женева университетинин Эл аралык коопсуздук жана конфликтология боюнча магистратурасын аяктап, ушул эле шаарда эл аралык мамилелер жаатында алектенип жаткан кыргыз журналисти Чолпон Орозобекова “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Түркия менен Орусия тирешин алдын алса болот беле, сиздин оюңузча орус учагы атып түшүрүлүшүнүн артында эмне жатат?

- Түркия менен Орусия тирешинин артында бир топ жагдайлар жатат. Биринчиден, Орусия Сириядагы операциясын баштагандан бери Түркиянын аба аймагына бир нече жолу кирип кеткен, же өтө жакындап барган учурлары болгон. Октябрь айында ушундай көрүнүштөн кийин НАТО коомчулук алдында эскертүү берип, бул абдан коркунучтуу кадам деп билдирген. Ошол эскертүүлөрдү тыңдап, Орусия абдан кылдат болушу керек эле.

Түркия НАТОнун мүчөсү экенин, болгондо да куралдуу күчтөрү боюнча АКШдан кийин экинчи орунда турган кубаттуу мүчөсү экенин, эң башкысы Сириядагы кырдаалга өтө тыкыр көз салып аткан, кызыкдар тарап экенин да эстен чыгарбашы керек эле.

Ошол эле учурда Түркия дагы учакты атып салбастан, өз территориясынан узатып чыгып оболу, анан бул окуя боюнча далилдерин бүтүндөй эл аралык коомчулукка, орус өкмөтүнүн алдына жайып туруп, анан акыркы эскертүү бергени туура болмок.

Чолпон Орозобекова -- белгилүү журналист, «Де-факто» гезитинин негиздөөчүсү жана мурдагы редактору. Учурда Женева шаарында иштейт. Женева университетинин Эл аралык коопсуздук жана конфликтология боюнча магистратурасын жана Женева эл аралык мамилелер институтунун Эл аралык саясат жана дипломатия боюнча магистратурасын аяктаган. Акыркы кездери «Дипломат» эл аралык журналына макалалары жарыяланып келатат.

Чолпон Орозобекова -- белгилүү журналист, «Де-факто» гезитинин негиздөөчүсү жана мурдагы редактору. Учурда Женева шаарында иштейт. Женева университетинин Эл аралык коопсуздук жана конфликтология боюнча магистратурасын жана Женева эл аралык мамилелер институтунун Эл аралык саясат жана дипломатия боюнча магистратурасын аяктаган. Акыркы кездери «Дипломат» эл аралык журналына макалалары жарыяланып келатат.

​Бул окуя Орусия менен НАТО мүчөлөрүнүн ортосундагы чыңалууну ого бетер күчөттү. Дагы бир жагдай, Орусия менен Түркиянын ортосуна Сирия маселеси дагы ажырым болуп атат. Путиндин Сириядагы операциясынын башкы максаты не? Ал Асадды сакташ үчүн Сирияга кирди. Анын максаты "Ислам мамлекети" террордук тобун жок кылуу эмес, Асаддын режимине жардам берүү. Ал эми Түркиянын Сириядагы максаты буга карама-каршы келет. Эрдогандын көздөгөнү боюнча, Асад кетип, башка бийлик орношу керек. Сириядагы күрттөрдүн активдешип атышы Түркияны ойлондурат. Ошентип Түркия акыркы кездери Путиндин Сириядагы операциясына нааразы болуп турган кезинде болгон окуя болуп атат.

- Бул тирешүүнүн арты эмне болот эми? Эки жак тең оз позициясынан кайтпай катуу туруп атышат.

- Ооба, Түркия суверендүү мамлекет катары аба мейкиндигин коргодук деп атат. Орус президенти болсо Түркия кечирим сурашы керек деп көгөрүп атат. Бул тиреш эмне менен аякташы азырынча белгисиз. Бир нече күн мурда орус президенти жылдык маалымат жыйынында Түркияга карата орой сүйлөдү. Бул нерсе эл аралык дипломатияга абдан туура келбейт. Мамлекет башчысы ушундайга жол бергени өкүндүрөт.

Азыр эмоцияларды жыйыштырып, оозеки айтышууларды токтотуп, конкреттүү кадамдарга өтүш керек. Казак президенти Нурсултан Назарбаев айткан ой туура. Эки жак тең бири-бирине ишенбесе анда орус учагынын маршрутун, атып түшүрүлүшүн иликтей турган эл аралык комиссия түзүү керек. Дипломатиялык каналдарды жаап, элчиликти таш бараңга алгандан кырдаал гана курчуйт, эч ким утпайт. Башында Путин дагы, Эрдоган дагы шашылыш билдирүүлөрдү жасап, эмоцияга алдырып коюшту. Азыр эки тарап тең дипломатиялык ыкмаларга жол ачып, сүйлөшүүлөрдү башташы керек.

- Бул окуяга Кыргызстан президенти кечээ жакында гана үн катып, эки тарапты элдешүүгө чакырды. Кыргыз бийликтерин унчукпай атат деп сындагандар да болду ага чейин.

Орусиянын учурда эл аралык аренада досу аз, касы көп. Андыктан Түркия сыяктуу ымалалаш өлкөлөр менен мамилени сактабаса, эл аралык изоляция ого бетер күчөйт, орус экономикасы ого бетер чабалдайт.

- Эки мамлекет тең Кыргызстандын эң жакын өнөктөштөрү. Бул жерде сабырдуулукка, элдешүүгө чакыргандан башка арга жок. Түркия дагы, Орусия дагы биздин мамлекетке өтө жакын шериктеш мамлекет болгондуктан, кыргыз бийлиги өтө кылдаттык менен карап туруп, анан элдешүүгө чакырганын туура көрдүм. Тескерисинче, эгер Кыргызстан кайсы бир тарапты колдоп, экинчи шериктеш мамлекет менен мамилени бузуп алса өкүнүчтүү болмок. Биз учурда улуттук кызыкчылыктарды ойлошубуз керек. Эки мамлекет менен тең экономикалык, аскердик, маданий кызматташтыктар бар, ошол долбоорлор бизге маанилүү.

- Эки мамлекеттин тиреши Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн эми?

- Бул тирештен Кыргызстан жана Борбор Азия мамлекеттери өтө чоң эмес, бирок баары бир кыйыр түрдө жапа чеге баштады. Түркиядан бизге импорттолгон товардын көбү транспорт менен Орусия аймагы аркылуу келет. Бул чатак башталганы Орусия чек арадан киргизбей, көп унаалар жолдо калып кетти. Эми Орусияны айланып өтүп келгендер болуп атыптыр, бирок кымбатка түшүп атышат. Маршрутту алмаштырып, ар бир унаага 2 миң долларга чейин кымбат төлөп атышат. Демек ал товарлардын бизге жеткендеги баасы да кымбаттайт.

Өкмөт сүйлөшүүлөрдү баштап, Орусия менен ушул маселени чечпесе болбойт. Акыркы келер чекити Кыргызстан болгондон кийин кое бериши керек да. Дагы бир тынчсыздандырган жагдай, Евразия биримдигинин алкагында кандайдыр бир Түркияга каршы, же аны менен экономикалык алакага залалы тие турган чечимдер кабыл алынбайт деген үмүттөбүз. Орус өкмөт башчысы Медведев бир айтып кетти бая күнү, жүк ташуучу унаалар тууралуу Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер менен талкуулайбыз деп. Орусия үстөмдүк кылып, өз кызыкчылыгындагы чечимдерди бизге таңуулабашы керек. Евразия биримдигине киргенибиз менен улуттук кызыкчылыктарды жогору коюп, өз кызыкчылыктарыбызга бекем турушубуз шарт.

- Орус президенти учактын атып түшүрүлүшү үчүн «Түркия далай өкүнөт» деп айтты. Бирок экономикалык жактан алганда эки тарап биротоло кол үзүшө алышпаса керек?

- Артка кылчайып, тарыхка көз чаптырсак, бул эки өлкө баш аягы 10дон ашык ар кандай согушту баштан кечиришти. Бирок акыркы 20 жылда мамилесин абдан жакшыртып, экономикалык жана аскерий кызматташтыкты жогорку чекке жеткиришкен болчу. Экономикалык жактан алып караганда Түркия менен Орусия бири-бирине байлануу, бат эле кол үзүп кетүү мүмкүн эмес. Мисалы, Түркия газга абдан муктаж өлкө. Электр энергиясынын жарымын жаратылыш газынан алат. Түркиянын Стамбул, Бурса баш болгон 11 чоң шаарын камтыган Мармара региону толугу менен орус газы менен жашайт. Андыктан Түркиянын газга муктаждыгы абдан чоң. Орусия түрк туугандардын жалпы газ муктаждыгынын 60 проценттейин камсыздап келатат. Бул деген өтө чоң көлөм. Түркия муну аңдап, Орусия менен мамилесин абдан кылдат сактап келди. АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды киргизип баштаганда да кошулган жок, бир да санкцияны колдогон жок. Муну Путин чынында баалашы керек. Орусиянын учурда эл аралык аренада досу аз, касы көп. Андыктан Түркия сыяктуу ымалалаш өлкөлөр менен мамилени сактабаса, эл аралык изоляция ого бетер күчөйт, орус экономикасы ого бетер чабалдайт.

- Орусия Түркияга каршы экономикалык санкцияларды киргизбедиби. Ушуну менен эле токтоп калабы, же Путин дагы бир кадамдарга барышы мүмкүнбү?

Орусия газ менен мунай боюнча Түркия менен келишимдерди токтотуп, же газдын көлөмүн азайта албайт. Биринчиден, ар бир эл аралык келишимдин шарттары бар. Анан да Орусия азыр андай тобокелдиктерге бара турган абалда эмес.

- Оболу ошол санкцияларды карап көрөлү. Орусия чартердик рейстерди токтотту, Түркияга туристтик жолдомо сатылышына тыюу салды. Ошондой эле түрк жарандарын жаңы жылдан баштап жумушка алууга болбойт. Визасыз режим жоюлуп атат. Түркиядан келаткан жер-жемиштерге жана бир катар продукцияларга бөгөт коюлду. Орусия ал жер-жемишти бизден, башка коңшу мамлекеттерден алса болот. Бирок ал маселе жолго коюлганча эле баалар өсүп кетиши ыктымал. Орусияда иштеп аткан түрк компанияларынын басымдуу бөлүгү курулушчулар. Аларды азыр кысканга болбойт, себеби 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионатка курулуштарды ким бүтүрөт? Кыскасы, бул экономикалык санкциялар Түркия гана эмес, Орусиянын өзүнө да чоң чыгымдарды алып келет. Түркиядан тетиктер келбей орус заводдору кыйнала баштады. Баалар өсө баштайт. Учурда чек арада жүздөгөн жүк ташыган машиналар токтотулуп, жада калса Кыргызстанга, Казакстанга келаткан импорт товарлар да Орусиянын аймагына өткөрүлбөй атат. Ушунун баары эле карапайым элдин башына түшкөн азап болуп атат акыры келип эле. Эми сиз айткан орус тарап дагы кандай чараларга барышы мүмкүн деген суроого келсек - азыр бир гана энергетика тармагындагы келишимдер калып атат.

- Ошентсе да Орусия радикалдуу кадамга барып, газды кыркканга чейин бара албаса керек?

- Орусия газ менен мунай боюнча Түркия менен келишимдерди токтотуп, же газдын көлөмүн азайта албайт. Биринчиден, ар бир эл аралык келишимдин шарттары бар. Кичине бир кечиктирүүгө да чоң айып пулдар каралган. Бирок орус президенти андай тартипти деле көзгө илбей коюшу мүмкүн деген чочулоолор да айтылып атат. Антсе да Орусия азыр андай тобокелдиктерге бара турган кырдаалда эмес. Газ «согушунан» Орусия өзү жабыр тартат. Евробиримдик Орусияга санкцияларды дагы алты айга узартканы жатат. Орусиянын экономикалык абалы ансыз да оор.

Эгер газын Түркияга сатууну токтотсо экономикасына чоң сокку болот. Түркия жылына газ үчүн 9 миллиард долларды өз убагында төлөп берип аткан мыкты кардар. Москвага ким берет ал каражатты?! Ошондой эле Түркия орус газын Европага жеткирүүгө негизги транзиттик жол да болуп атат. Украина менен мамиле кескин начарлагандан кийин газды эл аралык кардарларга жеткирүүгө жол табыш керек деген маселе курчуду да. Орусия учурда Түркияга газ боюнча ыңгайсыздыктарды келтире албайт.

- А түрк тарапта орустардан газ албай, башка альтернатива тапканга азыр шарты барбы?

Бул тирештен Кыргызстан жана Борбор Азия мамлекеттери өтө чоң эмес, бирок баары бир кыйыр түрдө жапа чеге баштады. Бул чатак башталганы Орусия чек арадан киргизбей, көп унаалар жолдо калып кетти...

- Ооба, Түркияда Орусияга караганда альтернативдүү мүмкүнчүлүктөр бар. Түрк өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу 4-декабрда Бакуга келбедиби. Ошондо «бизди Орусия санкциялары менен чөгөлөтө албайт» деп кескин сүйлөдү. Бул сапар учурунда Азербайжан президенти Илхам Алиев менен жолугуп, ТАНАТ газ куурунун курулушун 2018-жылга калтырбай тез бүтүрөлү деп сүйлөшүп келди. Азербайжан газы ТАНАТ аркылуу жакынкы эки жыл аралыгында Түркия аркылуу Евробиримдикке жетип калышы толук мүмкүн.

Европа мамлекеттери ошентип Түркия аркылуу Азербайжандан жана Түркмөнстандан газ алганга жол ачылганы турат. ТАНАТ газ куурунан сырткары, мисалы түркмөн газын Түркия аркылуу Европага алып келиш үчүн Транс Каспий газ куурун салуу да талкууланып келатат. Эрдоган Түркмөнстанга да 12-декабрда келип кетти, бул маселе сөзсүз козголду болуш керек. Бирок Түркия дароо орус газынан баш тарта албайт азыр. Ушул газ куурлар толук курулуп даяр болгонго эки же үч жыл убакыт керек. Орусия менен болгон чатактан кийин Түркия ойлонуп калды, эми бул газ куурларды тез бүтүргөнгө катуу киришет. Анын үстүнө Түркия жогоруда айтылган газ куурлары ишке кирсе өзү газдуу гана болбостон транзиттен да бир топ киреше көрөт.

- Түркия менен Орусия биргелешип курмак болгон газ куурдун тагдыры кандай абалда болот эми?

- Газпромдун планы боюнча «Түрк агымы» газ куурун Түркия менен биргеликте 2018-жылы куруп бүтүрүп, газды Украина эмес, Түркия аркылуу Грециянын чек арасына чейин жеткирип алып, анан Европага ээн-эркин сатуу керек эле. Бирок Түркия менен мамиле кескин начарлагандан кийин эми бул газ кууру курулабы же жокпу белгисиз болуп атат. Украина кризиси болуп, Путин Крымды тартып албаганда Евробиримдикке кирген мамлекеттер баары ушул «Түрк агымы» газ куурун чогуулап курганга кызыгып атышкан болчу. 2007-жылы кол коюлган эле, 2015-жылы дал ушул маалда эчак ишке кирип калмак.

Крым чатагынан кийин Евробиримдик бул долбоордон баш тартты. Евробиримдикке кирген мамлекеттер керектеген газынын 30 процентин Орусиядан импорттошот. Алар деле газды үзгүлтүксүз алып тургулары келет. Айрыкча Сербия, Греция, Болгария жана Хорватия өңдүү мамлекеттер ушул долбоорго чоң үмүт артып күтүп атышкан эле, бирок Евробиримдиктин чечимине баш ийгенге аргасыз болушту.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG