Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Орусиядан Түркияга барган турист аз


Анталиядагы туристтик борбор
Анталиядагы туристтик борбор

Владимир Путин орусиялыктардын Түркияга барышына карата чектөөнү алгандан бери орусиялык турагенттиктер түрк курортторуна сатылган жолдомолор 40 пайызга чейин көтөрүлгөнүн айтышууда. Ал эми адистер орусиялык туристтердин Түркияга агымы бир нече жагдайларга байланыштуу жылдагыдай болбостугун белгилешет.

Орусиянын туроператорлор ассоциациясынын директору Майя Ломидзенин билдиришинче, учурда Түркияда эс алууну каалаган орусиялыктарды коопсуздук маселеси деле кооптондурбайт. Түркияга турлар 40 миң рублдин тегерегинде болууда.

- Орусиялык туристтер башка өлкөдөн барган эс алуучуларга салыштырмалуу коопсуздук маселесине көп көңүл бурушпайт. Бирок албетте жарандарыбыздын коопсуздугуна шарт түзүү керектигин Тышкы иштер министрлиги, президент Путин өзү дагы белгилеп кетти. Эс алуучу жайларды тандоодо коопсуздукка көңүл бөлгөн туристтер дагы чыгат, бирок басымдуулугу буга маани деле беришкен жок. Түркия мурун эле орусиялыктар үчүн эс алууга жагымдуу өлкөгө айланган. Ал жакта орусиялык туристтерге максималдуу ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Үй-бүлө жана кичинекей балдар менен эс алууга ар кандай мейманканалар, бардык шарттар каралган сапаттуу тейлөө. Мунун баары анча кымбат эмес баада.

Ломидзе айрым орусиялыктар мурунтан эле жайкы эс алууну пландаштырууда Түркиядан үмүт үзбөй келишкендиги байкалып калгандыгын белгилейт. Адистин белгилөөсүндө, орусиялыктар үчүн эс алуу ыйык нерсе, ага эч кандай саясий кырдаалдар таасир этпейт.

Анткен менен быйыл Орусиядагы экономикалык кризиске байланыштуу орусиялыктардын басымдуулугу жайында чет жакка чыкпай үй шартында же өлкө ичинде эс алууну туура көрүшкөн. Мындай сурамжылоолорду Орусиянын коомдук ой-пикирлерди изилдөө борбору жүргүзгөн.

Орусиянын туриндустрия союзунун пресс-катчысы Ирина Тюрина каржы кризисине байланыштуу үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында чет өлкөлөргө чыккан орусиялыктар саны 22 пайызга кыскарганын белгилейт. Анын айтымында, Түркияга орус туристтеринин агымы деле мурункудай көп болбойт.

Биринчи чартер делген авиарейстерди 10-14 күндө гана уюштурууга болот. Анын үстүнө май, июнь айлары өтүп кетти. Октябрга чейин эки ай эле калды. Туристтерге ыңгайлаштырып рейстерди түзүп мурунку эс алуучу программаларды кайрадан иштетүүгө убакыт кетет. Албетте, Түркияда эс алууну каалаган орусиялыктар көп. Бирок 1-2 жыл мурункудай агым баары бир болбойт. Негизи, Түркия – үй-бүлө менен эс алуу үчүн ыңгайлуу өлкө. Көбүнчө ал жакка турак-жай сатып алгандар бала-чакасын майдан октябрга чейин жөнөтчү. Албетте, мунун баарына карабай авиакомпаниялардын чартердик арзан рейстери менен турагенттиктердин атайын программалары тез арада иштей баштаса, Түркияда эс алууну каалагандар болот.

Москванын Египет менен Түркияга бөгөт коюп, Крым, Сочи, Анапа сыяктуу курорттук аймактарды - ички туризмди өнүктүрүү ниети ишке ашпагандай.

Крым, 2016-жыл
Крым, 2016-жыл

Түркиянын эс алуучу жайларындагы жогорку тейлөө кызматына жана мыкты шарттарга көнүп калган орусиялыктар көнгөн жерлерге кайрадан ашыгууда. Жакында эле Крымдан кайткан москвалык Варвара Костина ал жактагы кымбат баалар жана начар тейлөө кызматтарына нааразы болгонун жашырбайт.

- Крымдыктар жээкти тазалап, чатырча жана жатактарды коюп, душ жасоо керектигин түшүнүп калышты. Бирок мындай жээкте эс алууга дароо акы киргизип коюшат. Ал эми биз жашаган мейманканада бөлмөбүз эски, полдогу кафелдер сынган, дубалдарга мыктар кагылган экен. Жаткан шейшептер дагы жамаачыланган. Бөлмөбүздү болсо бир жумада бир эле жолу жыйнашты. Тамак-ашы жакшы эле болду, бирок базаларда жашылча-жемиштин баасын көтөрүп жиберишиптир. Ушунун баары эс алуучуларды качырат.

Ростуризмдин маалыматына ылайык, былтыр Түркияда 3,5 миллион орусиялык эс алган. Быйыл болсо адистердин божомолунда сезондун ортолоп калышына, Орусиядагы экономикалык каатчылыкка жана терроризм коркунучуна байланыштуу Түркияда эс алчу орусиялыктардын саны 300- 400 миңдин тегерегинде гана болушу мүмкүн.

Түркия менен Орусиянын жети айга созулган араздашуусу президенттердин 29-июнда телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин кайрадан калыбына келүүдө. Былтыр Түркия өз аба мейкиндигин бузду деген жүйө менен орус учагын жок кылган учурда орусиялык учкуч каза болгон. Буга жооп иретинде Москва орусиялыктардын Түркияга кирүүсүнө тыюу салып, экономикалык санкция киргизген болчу.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG