Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Москва-Лондон: кызматташтыктын жаңы баскычы


Солдон-оңго: Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жана Орусиянын лидери Дмитрий Медведев
Солдон-оңго: Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жана Орусиянын лидери Дмитрий Медведев

12-сентябрда Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Москвага иш сапары менен келди. Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр акыркы жолу Москвага 2005-жылы октярбда келип, андан соң “уу жаңжалы” чыгып, эки өлкөнүн мамилелеринде жарака кеткен. Бул сапардан кийин орус-британ дипломатиялык мамилелери канчалык жакшырышы мүмкүн?

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон саясий мамилелерди жакшыртуу үмүтү менен келгенин жашырбайт. Анын үстүнө эки өлкөнүн ортосунда солгундай түшкөн экономикалык долбоорлорду да жандандыруу планы бар.

12-сентябрда Кремлде өткөн Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жана премьер-министри Владимир Путин менен жолугушуунун алдында Кэмерон эки тарапты айырмачылыктарды ачык айтуу менен, кызматташтыкты жакшыртууга чакырды.

- Ооба, албетте, Британия менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштар бир нече жыл ичи оор абалда калды, дагы деле айрым суроолор боюнча араздашуулар бар экенин моюнга алуу керек. Бирок бүгүн эртең менен мен кызматташтыкка багыт алган жаңы ыкманы түптөгүм келет.

Дэвид Кэмерон
Москва-Лондон мамилелери 2000-жылдары абдан жакшы эле, бирок кийин Ирак, Грузия боюнча пикир келишпестиктер чыгып, “Литвиненконун иши”, андан соң “Луговойдун суроосу” болуп отуруп, такыр “муздап” калган.

2006-жылы Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (КГБ) мурдагы тыңчысы Александр Литвиненко Лондондо ууланып, дипломатиялык мамилелерге доо кеткен.

Ушул эле ишке байланыштуу дагы бир экс-тыңчы Андрей Луговойду Орусия Скотлан-Ярдга берүүдөн баш тарткан.

Кремль ушуга чейин Британияга олигарх Борис Березовскийди жана чечен сепаратисттеринин лидери Ахмед Закаевди экстрадициялабай койгону үчүн өтө кыжырданган.

Назар экономикалык долбоорлордо

Талдоочулар божомолдогондой эле, Дэвид Кэмерон Литвиненко боюнча теманы козгоду, бирок басымды экономикалык байланыштарга жасады.

Дмитрий Медведев
-Британиялыктар Орусиядагы эң ири инвесторлордун бири. Ал эми орусиялык компаниялардын акциялары Лондондогу баалуу кагаздар базарынын чейрегин түзөт. Ошондуктан бири-бирибизге көмөктөшүү үчүн уникалдуу шарт түзүлгөн.

Экономикалык байланыштарды жакшыртам деген Кэмерон Москвага куру кол келген жок. Британиялык делегацияда бул жолу абдан көп ири ишкерлер бар.

Алардын тобун мунай корпорациясынын башкы директору Боб Дадли баштап жүрөт, бирок бул бизнесмендин орусиялык мунай ишканалары менен бир нече араздашуулары бар эле.

Кантсе да Кэмерон “бүгүн биз 215 миллион фунттук макулдашууларга кол коюп жатабыз” деп билдирди.

Бул сапардын көшөгө артындагы да мааниси бар. Орусиядагы 2012-жылдын март айында өтчү президенттик шайлоолорду эске алганда (бул шайлоолордо Путин кайра президент болуп келет деген божомолдор бар), британиялыктар Путин менен диалогго даяр экендиги тууралуу белги берип жатышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG