Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

“Дизельфорум” кырсыктан жабыркагандарга 3 млн сом чогултту


Түшкөн каражаттан учак кырсыгынан жабыркаган беш үй-бүлөгө 50 миң, төрт үй-бүлөгө 20 миң сомдон жардам берилген.
Түшкөн каражаттан учак кырсыгынан жабыркаган беш үй-бүлөгө 50 миң, төрт үй-бүлөгө 20 миң сомдон жардам берилген.

“Дизельфорум” интернет жамааты 16-январдагы учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бир канча түйүндөрдү ачкан. Форумдун мүчөсү, акциянын уюштуруучуларынын бири Надежда Хохлованын билдиргенине караганда, 22-январга карата 2,946 млн сом жана 2 560 доллар чогулду. Бул банк эсептеринен жана ЭлСом электрондук капчыктагы акчадан тышкары чогулган каражат.

Мунун ичинен 1 млн сомго чукул акча “Жардамдашуу оңой” кайрымдуулук фонду жана Биринчи балдар хосписи тарабынан чогулганын уюмдун жетекчиси Динара Аляева "Азаттыкка" кабарлады.

Түшкөн каражаттан учак кырсыгынан жабыркаган беш үй-бүлөгө 50 миң, төрт үй-бүлөгө 20 миң сомдон жардам берилген. Ошондой эле дары-дармек, кийим-кечелерге 8,5 миң сом коротулган.

Ыктыярчылар жардам берүү дагы деле уланып жатканын, келип түшүп жаткан тамак-аш, буюм-тайымдарды иреттештирүүгө адамдар керек экенин билдиришүүдө.

“Дизельфорум” Кыргызстандагы эркин рекламалык жана баарлашуучу интернет сайты катары белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG