Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Орусия менен Британия бирден дипломатты чыгарды


Орусия менен Британиянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Уильям Хейг Москвадагы маалымат жыйыны учурунда. 13-октябрь, 2010-жыл.
Орусия менен Британиянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Уильям Хейг Москвадагы маалымат жыйыны учурунда. 13-октябрь, 2010-жыл.

Орусия менен Британия тыңчы деген шек менен бирден дипломатты чыгарганы белгилүү болду. Бул эки тараптын 2006-жылкы жаңжалдан кийин начарлай түшкөн мамилени кайрадан оңдоо аракеттерине кандай таасир этиши мүмкүн?

Британ тышкы иштер министри Уильям Хейгдин (William Hague) 21-декабрдагы жарыясына караганда, Лондондо иштеген орусиялык дипломат өлкөдөн анын тыңчылык ишмердиги боюнча “ачык-айкын далилдердин” негизинде чыгарылган.

Британ министринин атынан таратылган билдирүүдө белгиленгендей, анын быйыл 10-декабрда Орусиянын Лондондогу элчилигинен кызматкерлеринин бирин мекенине чакыртып алууну талап кылышы, “орусиялык тыңчылардын Британиянын кызыкчылыктарына каршы багытталган аракеттери боюнча ачык-айкын далилдердин бардыгына карата жооп болду”.

Уильям Хейгдин айтымында, өз кезегинде буга жооп кылып, Орусия 16-декабрда Британиянын Москвадагы элчилигинин кызматкерин чыгарган. Британ министри чыгарылган диломат чалгын кызматынын офицери болгон деген маалыматтарды төгүндөп, “башка өлкөлөр сыяктуу эле Орусия менен да биздин мыйзамдар урматталган шартта жемиштүү кызматташтыкка ачыкпыз”,-деп кошумчалады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо дипломатынын чыгарылуусун 22-декабрда “негизсиз” деп атап, бул “достук кадам эместигине” токтолду.

Лондондо чыгуучу “Гардиан” гезити аталган окуяны комментарийлеп, “Орусия менен Улуу Британиянын ансыз деле татаалдашып кеткен мамилесине кезектеги сокку урулду”,- деп жазат. Ал эми Орусиянын АКШ жана Канада институтунун талдоочу Виктор Кремениук азыр бул кадимки эле көрүнүш болуп калганын жана мамилелердин оңолуусуна таасир тийгизбей турганын белгилейт:

- Жалпысынан кансыз согуш жылдары мындай нерселер абдан оор кабыл алынчу. Азыр менимче бул кадимки эле нерсе. Алар чыгарды, биз чыгардык. Ошону менен тынчтанып калдык.

“Тыңчылар” буга чейин да табылган

Британия менен Орусиянын ортосунда тыңчылык боюнча айыптоолор алгачкы эле ирет көтөрүлүп жаткан жок. Ушул айдын башында эле британ парламентинин Либералдык –демократиялык партиядан шайланган депутаты Майк Хэнкоктун (Mike Hancock) Екатерина Затуливетер ысымдуу орусиялык жардамчысы “тыңчы” деген шек менен кармалып, өлкөдөн депортациялана тургандыгы жарыяланган. Маалыматтарга караганда, дипломаттардын бул жолку чыгарылышы менен британ парламентарийинин орусиялык жардамчысынын тыңчы деп шектелип жатышынын өз ара байланышы жок.

“Гардиан” гезитинин жазганына караганда буга чейин акыркы Британия Орусиянын дипломаттарын 2007-жылдын майында чыгарган болчу. Анда үч дипломат Москва Орусиянын атайын кызматынын мурдагы агенти, кийин Кремлди сындоого өткөн Александр Литвиненконун Лондондо ууландырылып өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп шектелген Андрей Луговойдун өткөрүлүп берилбешине нааразылык иретинде чыгарылган.

Батышта көптөр Кремлдин сынчысына айланган адамдын ууландырып өлтүрүлүшүнүн артында орус бийликтери турат деп эсептешет.

Москва менен Лондондун мамилеси 2006-жылы дал ушул Александр Литвиненко өлтүрүлгөндөн кийин начаралаган. Андан бери Москвада британ дипломаттарын тыңчылык кылганы үчүн айыптап, британ өкмөтүнүн маданий мекемеси – Британ кеңешин Орусия аймагындагы кээ бир кеңселерин жабууга мажбурлаган. Бирок быйыл Британияда бийлик алмашкандан бери мамилелер оңоло баштаганы байкалган.

Алаканын оңолушуна ким кызыкдар?

Британиянын азыркы өкмөтүндө тышкы иштер министринин кызматын аркалап жаткан Уильям Хейг октябрда Москвада болуп кеткен эле. Орусиянын АКШ жана Канада институнун талдоочу Виктор Кремениуктун көз карашында, Москванын Германия жана Европанын башка өлкөлөрү менен мамилеси өрчүп жаткан шартта Лондон сыртта калгысы келебейт жана алаканын жакшыруусуна көбүрөөк кызыкдар.

- Бүгүн жөн эле АКШга берилген өнөктөш болуп коюу аздык кылат. Башка бир нерседен да өз алдынчалыкты көргөзүү керек. Менимче азыркы консервативдик өкмөт (Британиядагы) мурдагы Лейбористтик өкмөткө караганда өзүнүн өзгөчөлүгүн көргөзгүсү келип жаткандай.

Өткөн айда британ премьери Дэвид Камерон келерки жылдын башында Орусияга иш сапары менен барарын билдирген. Бул британ өкмөт башчысынын эки ортодо Александр Литвиненконун өлүмүнө байланыштуу 2006-жылы тутанган жаңжалдан бери Москвага жасаган алгачкы иш сапары болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG