Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Табышмактуу эксперт


Украина -- Эйнарс Граудиньш (оңдон экинчи) "Донецк элдик республикасынын" өкүлдөрү менен.
Украина -- Эйнарс Граудиньш (оңдон экинчи) "Донецк элдик республикасынын" өкүлдөрү менен.

Орусиянын мамлекеттик медиасы алар “ЕККУнун эксперти” деп атаган адамга шилтеме жасап, Украинанын чыгышындагы массалык көмүүлөр жана өкмөттүк аскерлердин жергиликтүү калкка көргөзгөн мыкаачылыгы тууралуу маалыматтарды таратты. Бирок ЕККУ ал адам менен эч байланышы жок экенин билдирүүдө.

Орус журналисттеринин ырастоосунда, латвиялык саясый активист Эйнарс Граудыньш Украина чыгышында ЕККУнун байкоочуларынын катарында иштеген. Ал Донецктин Нижная Крынка деген айылынын тургундарынан украин бийлигин жактаган “Азов” жана “Донбасс” батальонунун жоокерлери бойго жете элек кыздар менен кошо улгайган аялдарды зордуктаганын укканын, ал аялдардын ызасын көрүп аябай жаман болгонун айтып берген.

Орус маалымат каражаттары “ЕККУнун эксперти” деп атаган Граудыныш Донецкте жүздөгөн кишинин сөөгү массалык түрдө көмүлгөн жер бардыгы тууралуу да билдирген.

Бирок ЕККУ алардын бул адам тууралуу кабары жок экенин айтууда.

Уюмдун өкүлү Наташа Раякович “Азаттык” менен маегинде: "Биз азыр ал адамдын ким экенин тактап жатабыз. Бирок так айта алабыз – анын ЕККУнун Украинадагы байкоочулар тобуна эч тиешеси жок. Андай жаран бизде катталган эмес", - деди.

Өзү Эйнарс Граудыныш Интернеттеги Твиттер социалдык түйүнүндө орусиячыл жана антиамерикалык көз караштары менен белгилүү жана Украинадагы жикчилерди колдоорун жашырбай келет.

Граудыныштын айткандарын алгач “Российская газета” басылмасы 30-сентябрындагы санында жазып чыкты. Күнүнө чыгуучу бул гезит орус өкмөтүнүн расмий басылмасы экени белгилүү.

Ал эми дагы бир мамлекеттик маалымат каражаты – РИА "Новости" агенттиги Граудыньшка таянып, “ЕККУ эксперти: Донецктин жанынан массалык түрдө көмүлгөн 400дөй сөөк табылды” деген аталыш менен кабар таратты.

Орусия медиасы муну украин бийлигинин “аскерий кылмышынын” далили катары сүрөттөөдө.

Бирок украин аскерлери 400дөй кишини өлтүрүп, шашылыш түрдө бир жерге көмүп салган деген маалыматты жикчилер өздөрү четке кагып жатат.

Алардын өкүлдөрүнүн бири Андрей Пургиндин “Интерфакс” агенттигине айтканына караганда, Макеевка деген айылдын четине көмүлгөн жерден 9 адамдын сөөгү табылган.

Пургин 400 деп айтылып жатканы – алар ким экени аныкталбай, облустун бардык аймактарынан моргго алынып келгендердин сөөгү экенин, сөөктөрдү таануу кыйын болуп жаткандыктан орус бийликитерине ДНК анализ жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылышканын белгилеген.

Ал эми Донецк облус губернаторунун жардамчысы Константин Батозский “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып буларды айтты:

- Мен ЕККУнун эксперттери менен бул тууралуу сүйлөштүм. Аларда массалык түрдөгү көмүүлөр дегендин так аныктамасы бар. Билишимче, эки адамдын сөөгү табылган. Биздеги маалыматка караганда, алар ким экени аныктала элек согушкерлердин сөөгү.

Орус мамлекеттик маалымат каражаттарынын алар ЕККУ эксперти деп атаган адамга таянып тараткан кабарлары байкоочулардын баамында, акты кара кылып көргөзүү аракети болушу мүмкүн.

Мисалы Би-Би-Си орус мамлекеттик телеканалы Украинанын чыгышындагы массалык көмүүлөр тууралуу баяндамаларында быйыл жайында Чыгыш Украинада малайзиялык учак кыйраганда курман болгондордун сүрөттөрүн көрсөтүп жатканын айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG