Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Караколдо жабык жайларда абал начар


Караколдо шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында терезелер сынык, төшөнчүлөр жетишсиз жана санитардык абал талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн калаада адам укуктарына арнап уюштурулган жыйында айтылды.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү, укук коргоочулар менен бирге облустагы бардык жабык жайларды кыдырып, Караколдогу көрүнүш өтө начар деген тыянакка келишкен. Кызматкерлер айрым муктаждыктарды өз айлыктарынын эсебинен чечишерин белгилешкен.

Шаар жетекчилиги бул жагдайды депутаттар менен карап, каражат бөлүүгө убада берди.

Жогорудагы маселе бүгүн Караколдо өткөн адам укуктарын коргоого арналган форумда көтөрүлдү. Аны жергиликтүү “Вентус” уюму уюштурду. Маалыматка караганда, маселелерди чечүү жаатында мамлекеттик органдар менен меморандум да түзүлдү. (AsM)

XS
SM
MD
LG