Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

АКШ Орусияны жикчилдерге жардамы үчүн айыптады


Жикчилдер атып түшүргөн Украинанын АН-26 учагы. 14-июль, 2014-жыл.
Жикчилдер атып түшүргөн Украинанын АН-26 учагы. 14-июль, 2014-жыл.

АКШ Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскерий техника, анын ичинде танктарды берип жатканы үчүн айыптады.

Украин күчтөрүнө каршы операцияларга Орусиянын кызматтагы офицерлери да катышып жатканы тууралуу маалыматтар ырасталганын президент Петро Порошенко да айтууда.

Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерди оор курал-жарак, анын ичинде танктар менен колдоп жатканын АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди. Кошмо Штаттардын тышкы саясий мекемеси даярдаган документте көрсөтүлгөндөй, Вашингтондо азыр Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоосун азайтканы боюнча бир дагы далил жок. "Иш жүзүндө Орусия аларга (жикчилдерге) оор курал, башка аскерий техника жана каражат жагынан колдоп, согушкерлер Украинага мурдагыдай эле ээн-эркин кирүүсүнө мүмкүндүк берүүдө",- деп жазылган документте.

Мындан сырткары АКШ Мамлекеттик департаменти ырастагандай, Орусия түштүк-батыш ыптасында аскерий техниканы, анын ичинде өз армиясы колдонбой калган танктарды топтоштурууда. "Мындан улам биз топтоштурулган аскерий техниканын басымдуу бөлүгү жикчилдерге өткөрүлөбү деп тынчсызданабыз, анткени буга чейин ушул райондордон танктар жана ракеталык жабдуулар жөнөтүлгөн",- деп айтылат АКШ тышкы саясий мекемесинин документинде. Бул аралыкта украин президенти Петро Порошенко өлкө чыгышында украин күчтөрүнө каршы аскерий операцияларга Орусиянын кызматтагы офицерлери да катышып жатканын айтууда. Порошенко бул маалыматтар ырасталганын күч түзүмдөрүнүн башчылары менен өткөн жыйында белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

- Мамлекеттик чек аралардагы инциденттердин баары биз аларды (жикчилдерди) алкымдан алганыбыздын натыйжасы. Алар мурда ээн-эркин жүргөн жана чек аралардан эркин өткөн жерлерден биз алардын кербенин кайра-кайра көрүп жатабыз. Биздин артиллерияны жана авиацияны колдонуп, ал кербендерди талкалоо керек.

Президент Петро Порошенконун бул сөздөрү алдында кечээ украин тараптын АН -26 үлгүсүндөгү аскерий транспорттук учагы атып түшүрүлгөн эле. Украин бийликтери учакка ракета Орусия тараптан атылган болушу мүмкүн деп боолгошууда. Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко:

- Учак 6500 метр бийиктиктен атып түшүрүлгөнү анык. Террорчулар тарабынан колдонулган ракета атуучу мобилдик жабдуулар мындай бийиктикте жүргөн учакка сокку ура албайт. Бул АН -26 учагы кыйла кубаттуу куралдан, балким Орусия Федерациясынын аймагынан атылган дегенди билдирет.

Украин бийликтери атып түшүрүлгөн учактын экипажы андан чыгып кетүүгө үлгүргөнүн жана аскерий өкүлдөргө байланышка чыккканын айтса, жикчилдер төрт учкучту туткундадык деп ырасташууда. Өзү украин президенти Петро Порошенко буга дейре он күнгө ок атышууну токтотууну жарыялаган болчу. Бирок согушкерлер куралсыздануудан баш тартып, ээлеп алышкан чек ара бекеттерин өткөрүп берүүдөн баш тартышкандан кийин кайра бул сунушун артка алган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG