Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

Украина эки дөөнүн ортосунда калды


Дмитрий Медведев жана Николай Азаров. Москва, 26-август, 2013-жыл.

Дмитрий Медведев жана Николай Азаров. Москва, 26-август, 2013-жыл.

Украина Евробиримдик менен эркин соода келишимин түзүү мүдөөсүнө жакындаган сайын Орусиянын буга каршылыгы күчөгөнү байкалууда. Москва Киев бир эле учурда Евробиримдикке жана Бажы союзунда боло албашын ачык каңкуулады.

Украина азыр Бажы союзуна да, Евробиримдикке да мүчө эмес. Расмий Киев Евробиримдик менен эркин соода жана саясий ассоциация боюнча узактан бери күтүлгөн жана көпкө создугуп кеткен келишимге быйыл кол коюуга үмүттөнсө, Орусия коңшусун Бажы союзуна кошулууга утур-утур чакырып, атүгүл мажбурлап да жаткандай.

Үч күн мурда Москвада эки өлкөнүн премьер-министрлери Дмитрий Медведев менен Николай Азаровдун кезектеги сүйлөшүүлөрү өттү. Орус тарап сүйлөшүүдө Украина Еврошаркет менен эркин соода келишимин түзүүсүнүн “укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык” кесепеттерин талкуулоону сунуш кылды.

Сүйлөшүүдөн кийин эки тарап кандайдыр бир орток пикирге жетишкени маалымдалбады. Бирок орус өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министри Игорь Шувалов Украина бир эле учурда Евробиримдикке да, Бажы союзунда боло албашын ачык айтты.

Бажы биримдигине каршы акция, Украина, 5-апрель, 2013-жыл

Бажы биримдигине каршы акция, Украина, 5-апрель, 2013-жыл

Ал эми орус президенти Владимир Путиндин Евразия экономикалык интеграциясын тейлеген кеңешчиси Сергей Глазьев эки күн мурда “Россия 24” телеканалындагы маегинде атүгүл эгер Украина Евробиримдик менен ассоциация келишимине кол койсо, Орусия менен “стратегиялык өнөктөш боло албай калат, өзүн соода саясатынын маселелери боюнча суверендүү укуктан ажыратат, эл аралык укуктун субъектиси катары макамын жоготот”, - деп билдирген эле.

Украин бийликтери орус президентинин кеңешчисинин бул сөздөрүнө азырынча расмий деңгээлде жооп кайтарган жок, ал эми жергиликтүү эксперттер Москванын бүтүмдөрү чындыкка шайкеш эместигин белгилешүүдө.

Экономикалык изилдөө жана саясий консультациялар боюнча Киевдеги институттун эксперти Александра Бетлий “Азаттыктын” украин кызматына буларды айтты:

- Бул Бажы союзу эмес, андыктан Украина Брюссель менен өзүнүн ар бир кадамын макулдашуусу керек деген туура эмес. Украина эл аралык талаада көп өлкөлөрдүн соода өнөктөшү бойдон кала берет. Ал жөн эле эркин соода боюнча кезектеги келишимге гана кол коюп жатат. Албетте бул тереңдетилген, баарын камтыган келишим. Тескерисинче биз эгер Орусия, Беларус, Казакстан кирген Бажы союзунун мүчөлүгүнө өтсөк, өзүбүздүн соода саясатты алар менен макулдашууга туура келип калат. Башкача айтканда бизде суверендүү соода саясаты болбойт.

Бажы биримдигине каршы акциядан бир көрүнүш

Бажы биримдигине каршы акциядан бир көрүнүш

Орус-украин алакасын жакшы билген адистердин пикиринде, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштү жоюуп салуу да жеңил иш эмес. Эгер мындай болуп кетсе, Орусиянын өзүнө көбүрөөк зыян тийгизип коюшу мүмкүн. Анткени стратегиялык өнөктөштүктү токтотуу бир катар, анын ичинде Кара деңиз флоту боюнча келишимди кайра кароо дегенди туюндурат.

Саясат таануучу Андрей Окара:

- Азыр биз Москванын колдо бар арсеналынын баарын украин багытында колдонуп жатканына күбө болуудабыз. Бирок Орусия Украина боюнча таасирдүү эмес, тескерисинче көрүнүүдө.

Орус-украин алакасындагы соңку кырдаалды Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү да комментарийлешүүдө. Биримдиктин кеңейүү маселелерин тейлеген комиссары Стефан Фүлө Брюсселден кабарчылар менен маегинде:

- Украинага анын Еврошаркет менен ассоциация келишимин түзүү амбициясына байланышкан тышкы кысым кабыл алынгыс. Биз азыр Орусиянын бул багытта абдан катаал саясатына байкоо салып жатабыз. Москвадан ассоциация жана эркин соода келишимине кол коюу Орусияга алып келүүчү украин товарларына карата бажы тартибин катаалдаштырат деген комментарийлерди уктук. Эсиңиздерге сала кетейин, ассоциация келишими Украинанын Евразиянын Бажы союзу менен, ал Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузбаган, терең жана ар тараптуу эркин соодага каршы чыкпаган шартта, конструктивдүү алканы өнүктүрүүсүнө тоскоолдук кылбайт.

Украина Евробиримдик менен жогорудагы келишимдерге быйыл ноябрда Вильнюста өтүүчү саммитте кол койобуз деп үмүттөнүүдө.

Өзү Орусия украин товарлары өлкө аймагына киргизилишин маал-маалы менен буга дейре да чектеп келет. Бирок быйыл июлдан тарта бул көрүнүштүн жаңы, күчтүүрөк толкуну башталды.

Украинанын иш берүүчүлөр ассоциациясынын эсебинде, чек арадагы бажы текшерүүлөрүнүн катаалданышынан улам украин тарап 2013-жылдын экинчи жарымында 2-2.5 млрд. доллар чыгым тартышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG