Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Савченко орус сотун тааныбайт


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Орусияда Украинанын аскер учкучу Надежда Савченконун соту аяктап, өкүм угузуу 21-22-мартка белгиленди.

Соттогу акыркы сөзүндө Савченко эгер өкүм угузуу бир жумадан кеч калса, кургак ачкачылыгын уланта берерин айтты. Эл аралык коомчулук орус бийликтерин украин учкучун бошотууга чакырып жатат.

Создуккан сот соңуна чыкты

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк деп аталган чакан шаарда бүгүн соңуна чыккан сотто Надежда Савченко украин гимнин созуп, аны тарапкерлери да коштоп турду. Соттогу акыркы сөзүндө ал Орусия сотун да, анын өкүмүн да тааныбасын айтуу менен темир тор ичиндеги отургучтун үстүнө чыга калып, судьяларга оң колунун ортоңку манжасын көрсөттү.

- Мен тагылган айыпты да, өкүмдү да, Орусиянын сотун да тааныбайм. Эгер мени айыптаган өкүм чыкса - апелляция болбойт. Мен бүт демократиялык цивилдүү дүйнө Орусия адам укуктары менен эл аралык укукка түкүрүп, өз билгенин кылган диктатор жана тоталитардык өлкө экенин түшүнүүсүн каалайм, - деди Савченко.

Ал 2014-жылдын июлунда, Украина чыгышындагы урушту чагылдырып жүргөн орусиялык эки журналисттин өлүмүнө алып келген минометтук аткылоонун координаттарын түздөп турган деп айыпталууда. Мамлекеттик айыптоо ага адам өмүрүнө кол салуу жана Орусия чек арасынан мыйзамсыз өтүү боюнча расмий айып тагып, соттон аны 23 жылга эркинен ажыратууну жана жүз миң рубл өлчөмүндө айып салууну сураган. Савченко өзү Украинада орусиячыл жикчилдер тарабынан кармалып, Орусияга күчтөп өткөрүлгөнүн айтып келет.

9-мартта акыркы сөзүн айткан Савченко соттон өкүмдү тез арада чыгарууну сурап, эгер өкүм угузуу бир жумадан ашык убакытка белгиленсе, кургак ачкачылыгын уланта берерин айтты. Бирок сот өкүм угузууну 12 күндөн кийин, 21-22-мартка белгиленди. Өкүм узун болгондуктан аны угузууга эки күн керектелчүдөй. Ошентип былтыр 22-майда башталган сот иши соңуна чыгууда.

Савченконун саламаттыгы коркунучта

Савченко 3-марттагы сотто акыркы сөз берилбей, сот жылдырылганына нааразылык иретинде 4-марттан тарта кургак ачкачылык жарыялаган. Кургак ачкачылык эч наар албай, суу ичүүдөн да баш тартуу дегенди түшүндүрөт. Адвокаттардын аны ден соолук жана өмүр үчүн кооптуу бул кадамдан кайтаруу аракеттеринен майнап чыккан эмес.

Савченкону бошотуу талабын койгон митингчилер. 8-март. Украина
Савченкону бошотуу талабын койгон митингчилер. 8-март. Украина

- Кургак ачкачылыгын токтотпогондуктан анда бүгүн жаңы симптомдор байкалды. Жүрөктүн иштеши начарлап, дарыгерлер ага тахикардия деген диагноз койгон. Дене табы да жогору болуп жатат. Ошого карабай бүгүн ал сотто акыркы сөзүн айтууга күчү жетти, - деди адвокат Николай Полозов журналисттерге соттон кийин.

Савченконун дагы бир адвокаты Марка Фейгин бул иш башынан эле саясатташкан иш болгонун айтып, эми орус тарап аны актаган өкүм чыгарып же жаза мөөнөтүн Украинада өтөөгө жиберип койсо, акылдуу иш болмок деп эсептерин билдирди.

Адвокат Николай Полозов буларды кошумчалады:

- Эгер орус бийлиги Надеждага жакын арада аны мекенине кайтаруу чечим кабыл алынары тууралуу айтса, биз ал ачкачылыгын токтотот деп үмүттөнүп турабыз. Андай болбосо өкүм угузганга чейинки эки жумадай аралыкта кургак ачкачылыкта отурган адам чыдай албайт. Ал же күчтөп тамак жедирүүгө кабылат, же өлөт.

Николай Полозов кийинчерээк журналисттерге сот 21-мартка чейин Савченконун апасы менен эжесине жолугушууга жана украин дарыгерлерине анын абалын карап турууга уруксат бербегенин билдирди.

Батыш өлкөлөрү бул сот жараянын катуу сындоодо. АКШнын вице-президенти Жо Байден 8-марттагы билдирүүсүндө “20 айдан бери Савченко Украинанын улуттук ар-намысынын жана күчүнүн символуна айланганын" белгилеп, Кошмо Штаттар Орусияны "туура жолду тандоого, бардык айыптоолордон баш тартып, аны дароо бошотууга үндөйт" деди.

Мындан тышкары 200дөн ашуун саясатчы, коомдук ишмерлер Европа лидерлерине кайрылуу жолдоп, Савченкону бошотуу үчүн өзгөчө чараларды көрүүнү сунушташты. Ага кол койгондор арасында Нобель сыйлыгынын ээси, беларус жазуучусу Светлана Алексиевич да бар.

Орусиянын Эл артисти Владимир Назаровдун Савченкону бошотуу тууралуу видео кайрылуусу.

Бир күн мурда Киевде жүздөгөн киши Орусиянын элчилигине жүрүш жасап, Савченконун бошотулушун талап кылышты. Мындай акциялар башка өлкөлөрдө, анын ичинде 9-мартта Кыргызстанда да өттү.

Надежда Савченко 2014-жылдын жайында Украина чыгышындагы Луганск облусунда кармалган. Ошондон бери ал эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деген шек менен Орусияда тергөө абагында отурат. Савченко күнөөсүз экенин жана орусиячыл жикчилдер тарабынан кармалганын, кийин алар аны Орусияга өткөрүп беришкенин башынан бери айтып келет. Украин бийлиги да ал күнөөсүз экенин, чек арадан орусиячыл жикчилдер уурдап кеткенин билдирген.

34 жаштагы учкуч аял абакта жатканда Жогорку Радага депутат болуп шайланган. Украинада аны өз элинин баатыры катары санашат.

Кыргызстанда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына барып, "Надеждага боштондук" деген плакатты кармап турду. 7-март, 2016-жыл
"Надеждага боштондук"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG