Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Ысык-Көл жээгине тосмо орнотуунун ижара акысын көбөйтүү сунушталууда


Көл.
Көл.

Ысык-Көл жээгиндеги сууга жакын сейил зонасына тосмо орнотуунун ижара акысын жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты. Демилгечи депутат Мирлан Бакировдун белгилешинче, анда жээктен 100 метр аралыктагы аймакты өзүнчө зона деп аныктоо жана ижараны көбөйтүү каралган:

- Туристтерге коопсуздукту жана санитардык тазалыкты камсыз кылуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору. Жергиликтүү тургундардын кирип-чыгуусуна эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Алар буга чейин туристтерге кандай кызматын көрсөтүп келсе, ошону уланта берсе болот.

Ижара акысын ар бир айылдын жергиликтүү кеңеши өзү аныктайт.

Мыйзам долбоору 23-январда Жогорку Кеңештин агрардык комитетинде талкууланды. Демилгечилер муну менен жергиликтүү бюджетке кошумча каражат тартууга да жол ачыларын белгилеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG