Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Савченко 22 жылга эркинен ажыратылды


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Орусиянын Донецк шаардык соту Надежда Савченкону 22 жыл абакка кесип, 30 миң рубль айып салды. Бул арада президент Петр Порошенко Украина өкүмдү эч качан тааныбастыгын билдирди.

Украиналык аскерий учкуч Надежда Савченко Луганск облусунда орусиялык эки журналистти өлтүрүүгө катышы бар деп табылып, 22 жылга кесилди. Ал эми Орусиянын аймагын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн 30 миң рубль айып салды.

Прокурорлор Савченкону 23 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жактоочуларынын айтымында, учкуч өкүмдү тааныбайт жана ага каршы жогорку инстанцияга арызданбайт. Адвокат Марк Фейгин соттон кийин журналисттерге маек берип, дүйнөлүк коомчулукту өкүмгө каршы акцияга чыгууга үндөп, Савченкону Украинага алып кетүү боюнча мүмкүн болгон чаралар көрүлөрүн билдирди:

- Бул маселе азыр жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилет. Албетте өкүм күчүнө киргенде 1983-жылдагы камалгандарды алмашуу боюнча конвенцияга ылайык, Украина Юстиция министрлиги Орусияга Савченко жаза мөөнөтүн мекенинде өтөсүн деген өтүнүч келтирет. Бул - Савченкону бошотуунун бир жолу.

Адвокат Украинанын президенти да ыйгарым укуктарынын чегинде Савченкону бошотууга болгон аракетин жумшарын билдиргенин кошумчалады. Ал учкуч айымды алмашууга мүмкүн болгон вариантка да токтолду:

- Биз Путинден Украинада камакта жаткан өз аскер кызматкерлерин мекенине кайтаруу боюнча ушундай эле ынтааны күтөбүз. Алар антын актап, мекенине кызмат өтөгөн атуулдар катары өлкөсүнөн коргоо алууга акылуу. Эгер Орусия жетекчилиги аскер кызматкерлерине жоопкерчиликтүү мамиле жасай турган болсо, анда Александров менен Ерофеевди Савченкого алмашат деп ойлойм.

Савченконун жактоочуларынын дагы бирөө ал Украинага өлүү же тирүү кайтам деген өжөр ойдо турганын, эч нерсеге көнбөй өкүм күчүнө киргенден кийин ачкачылык акциясын кайра баштарын билдирди. Савченко муну менен орус бийлигин өз позицияларына көндүрүүгө аргасыз кылмай болууда.

Бул арада президент Петр Порошенко билдирүү жасап, Украина эч качан өкүмдү тааныбай турганын баса белгиледи:

- Надежда Савченкого байланыштуу процесс дегеле сотко окшошпогон маскаралык. Орусиянын президенти Владимир Путин норманд форматындагы жолугушуу учурунда Савченкону Украинага кайтарууга убада берген. Ошол убаданы аткаруу сааты келди.

Порошенко жогоруда айтылган эки орусиялык аскер кызматкерин Савченко үчүн Орусияга берүүгө даяр. Орусиялык аскерлер Украинада терроризмге шектелип кармалышкан.

Ал эми премьер-министр Арсений Яценюк "украиналыктардын эркин эч ким сындыра албайт. Савченко жүздөгөн кремлдик соттоолордон күчтүү жана ал эркиндикке чыгат" деп айтты.

2014-жылдан бери камакта отурган Савченко күнөөсүн мойнуна албай, орусиячыл жикчилдер аны уурдап, Москвага өткөрүп бергенин белгилеп келет. Батыш лидерлери жана укук коргоочулар аны саясий туткун экенин айтып, бошотууну талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG