Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Орусия-Украина-ЕБ: соода сүйлөшүүсүндө мунаса табылган жок


Брюсселде майнапсыз аяктаган соода сүйлөшүүлөр. 21-декабрь, 2015-жыл.

Брюсселде майнапсыз аяктаган соода сүйлөшүүлөр. 21-декабрь, 2015-жыл.

Орусия, Украина жана Евробиримдиктин соода боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктады.

Эми жаңы жылдан тарта Украина Евробиримдик менен эркин соода аймагына кирсе, тескерисинче, Москва Киев менен эркин соода келишимин токтотууда. Мындан Украинанын табары жана жоготору эмне?

Европа Биримдигинин соода боюнча комиссары Сесилия Малмстремдин айтымында, Киев менен Брюсселдин эркин соода боюнча 2014-жылы кол коюлган келишиминин шарттары мурда мерчемделгендей эле 1-январдан тарта күчүнө кирүүдө.

Ал эми акыркы бир жыл ичи жүргөн үч тараптуу сүйлөшүүлөр Орусиянын Украина менен Евробиримдик келишиминен улам жаралган камтамачылыктарына жооп берүү максатын көздөгөн эле. Сүйлөшүүлөрдүн майнапсыз аяктаганы үчүн адаттагыдай эле тараптар бири-бирин күнөөлөштү:

- Сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаганын биз да, Еврокомиссия да ырастайбыз. Бул консультацияларда биз да, Евробиримдик да мүмкүн болгон жыйынтыкка жетишүүгө умтулдук. Анын жүрүшүндө кээ бир практикалык чечимдер табылып, сунушталды. Бирок орусиялыктар алардан баш тартышты. Орусия азыр кандайдыр бир практикалык чечимдерге кызыкдар эмес. Алар биздин Евробиримдикти, эркин соода аймагын эффективдүү ишке ашырууга карай багытыбызды токтотууга гана кызыкдар, - деди украин тышкы иштер министри Павло Климкин Брюсселден кабарчыларга.

Евробиримдиктин соода боюнча комиссары Сесилия Малмстрем да Орусиянын айрым тынчызданууларын “реалдуу” эмес деп атап, орус тарап сүйлөшүүлөрдө “ийкемдүүлүктү” көргөзбөгөнүнө көңүл бурду.

Орусиянын камтамачылыгы жана санкциясы

Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев болсо, Брюссель Москванын тынчызданууларын кабыл алууга даяр эмес болуп чыкканын белгиледи.

Өзү эркин соода келишими Москва менен Брюсселдин Украинага таасири үчүн күрөшүндөгү эң өзөк маселелердин бири.

Украинада саясий кризис тутанып, арты өлкөнүн чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы азыркыга чейин 9000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылган куралдуу жаңжалга айланышына да ушул маселе түрткү берди.

Москванын көз карашында, Украинанын Еврошаркет менен эркин соода келишими анын бул өлкөдөгү экономикалык кызыкчылыктарына шек келтирет.

Евробиримдиктин арзан товарлары адегенде Украинага кирип, андан ары Орусияга агылат деген да чочулоо бар.

Мындан улам Орусия эми 1-январдан тарта Украина менен 2011-жылы түзүлгөн эркин соода келишимин жоюп, эки тараптуу соодада чектөө чараларын киргизгени жатат:

- Биз бул санкцияларды киргизүү мөөнөтүн өкмөтүбүз Евробиримдик менен Украинаны эркин соода аймагына киргизүүгө адаптациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканынан улам эле кийинкиге калтырганбыз. Эгер макулдашуу жетишилбесе, бул тыныгуу бүтөт, документтердин баарына кол коюлган. Украинага карата чара 2016-жылдын 1-январынан тарта күчкө кирет, - деген эле премьер –министр Дмитрий Медведев 19-ноябрда.

Чектөө чараларынын бири катары Москва келерки жылдын 1-январынан тарта Украинадан азык-түлүк импорттоого тыюу салганы жатат.

Украинанын жоготору жана табары

Бул украин фермерлери жана өндүрүшчүлөрү бир жылда 600 миллион доллардай кирешесин жоготот дегенди туюндурат.

Украин президенти Петро Порошенко өткөн аптада Брюсселде болгон учурунда анын өлкөсү “эркиндиги жана европалык тандоосу” үчүн кун төлөөгө даяр деп айткан эле.

2013-жылы Украина Орусияга 16 миллиард, Европага 17 миллиард долларга товар экспорттогон. Бирок акыркы эки жылда Орусия менен соодасы кыйла солгундап кетти.

Жаңы жылдан тарта күчүнө кирүүчү эркин соода келишиминен улам Украина Европа менен соодада жылына бажы тарифтеринен 500 миллион доллардай үнөмдөйт. Ошол эле учурда эгер Орусияга товар сатса, бажы салыгын төлөөгө туура келет.

Украин өндүрүшүндөгү товарлар Орусияга эми эркин киргизилбейт.

Украин өндүрүшүндөгү товарлар Орусияга эми эркин киргизилбейт.

Украина соода саясатындагы бурулуштан утканы жана уттурганы эмне болот деген суроого келсек, байкоочулар ал экономикасынын акчалай жылдык көлөмү 17 триллион доллар, керектөөчлөрүнүн саны 500 миллион аймак менен эркин, бирок экономикасы 2,5 триллион долларга жетпеген, керектөөчүлөрү 175 миллион адамды түзгөн аймак (ЕАЭБ) менен чектелген соода жүргүзөрүнө көңүл бурушууда.

Үч тараптуу соода сүйлөшүүлөрү майнапсыз аякташына тушташ Евробиримдик украин кризисинен улам Орусияга киргизген экономикалык санкцияларынын мөөнөтүн дагы алты айга узартты.

Орусия болсо Украина евробонддорунун эсебинен алган үч миллиард доллар карызын убагында төлөй албаса, аны сотко берерин билдирүүдө. Киев Москвага карызды төлөөгө "мораторий" киргизилгенин 18-декабрда жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG