Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

АКШнын элчиси НТВнын кабарчыларынан чарчады


АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфол
АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфол

АКШнын Орусиядагы элчиси Кремлге ык тарткан телеканалдын кабарчылары анын бардык пландарын алдын-ала билишерин айтууда. Твиттердеги кабарында Майкл Макфол НТВ каналынын кабарчылары ал кайда барса, артынан жүрөөрүн баяндады.

АКШнын Москвадагы элчиси менен видеону НТВ сыналгысы 29-мартта өзүнүн интернет сайтында жарыялады. Aнда укук коргоочу Лев Пономарев менен жолугушуу үчүн Адам укуктары уюмунун кеңсесинин алдында турган Майкл Макфол кабарчыларга "менин бул жакка келээримди кайдан билдиңер? Үйүмө чейин келесиңер. Силер бул суроого жооп бере албайсыңар" деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Укук коргоочу Лев Пономаревдин айтымында, Макфол анын кеңсесине келгенде эшиктин алдында кабарчылар жана орус казактарындай кийинген кишилер турду. Алар Макфолду 20 мүнөттөй кармап, улам суроо беришти. Пономаревдун сөзү боюнча, Макфол машинасында калган күрмөсүн алайын десе да аны бура бастырбай кармашты.

Элчи кийин "Роснано" фирмасынын жетекчиси Анатолий Чубайс менен жолукканда да жете келген НТВнын кабарчыларынан бул жакка келээрин кайдан билишкенин сурап, бирок жооп ала алган жок.

Лев Пономарев
Лев Пономарев
Пономарев элчинин пландары тууралуу маалыматты НТВ чалгын кызматтарынан алышаарын болжолдойт. "Мени менен жолугушуу телефондон макулдашылган, менин телефонумду тыңшашаарына 100 пайыз ишенем" дейт укук коргоочу.

Макфолдун укук коргоочу менен жолугушууга келгендеги видеону НТВ Пономаревдин мына ушул билдирүүсүнөн кийин интернетке чыгарды.

Бул тасмада НТВнын кабарчысы Макфолдон Пономарев менен эмне тууралуу сүйлөшөөрүн сурайт. Элчи "биз жөн эле жолугабыз, ар кандай маселелерди талкуулайбыз" деп жооп берди.

Кийинки кадрда дагы деле себелеп жааган кардын алдында турган Макфол "Орусиянын АКШдагы элчиси биздин өлкөдө каалаган жагына барат, бирок ага эч ким тоскоол болбойт, силер болсо мени карыш жылдырбай артыман жүрөсүңөр. Өзүңөр уяласыңарбы? Бул Орусиянын эле беделине көлөкө түшүрүп жатканын түшүнөсүңөрбү?" дейт.

НТВнын кабарчысы суроону укпагандай "оппозициядан кимди колдойсуз?" деген суроо узатат. Макфол "мен мурдагы күнү силердин президент менен жолуктум. Силердин ойуңарда мен аны да колдойт турбаймынбы? Кимге жолуксам, ошону колдогон боломбу?" деп суроого суроо менен жооп кайтарат.

Кол телефондон таратылуучу Твиттер куш кабарларында америкалык элчи "кабарчылар кайсы жерге да болсо барып, кандай да болсо суроо узата алат, мен алардын бул укугун сыйлайм. Бирок алардын менин электрондук каттарымды окуп, менин телефонумду тыңшаганга кандай укугу бар?" деп жазды.

Ал эми НТВнын маалымат кызматы ИнтерФАКС агенттигине "НТВнын бардык жерге барып жетишкенинин себеби, маалымат берүүчүлөрдүн кеңири тармагы бар, муну бардыгы билет" деген билдирүү жиберди. "Анын үстүнө биз эч кандай максатсыз эле, архив үчүн тарта беребиз. Келечекте керек болуп калышы мүмкүн" деп айтылат билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG