Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

9-мартта Москвада Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен АКШнын вице-президенти Жо Байден жолугушту.

Тараптар ракета чабуулунан коргонуусун, Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмундагы келечегин жана Орусия менен АКШнын экономикалык кызматташтыгын талкуулашты.

Саясий серепчилер Жо Байдендин сапарын жакынкы аралыкта Орусияга келе турган АКШ президенти Барак Обаманын сапарына даярдык катары баалашууда.

АКШ жана Канада институтунун жетекчилеринин бири Виктор Кременюк “президент Дмитрий Медведев Батыш аралашмайын Орусияда жаңылануу болбоорун айтып жүрөт. Бул жерде ал адегенде АКШнын колдоосун күтүүдө”,-деген пикирин билдирди.

Америкалык серепчилер болсо эки өлкөнүн алакасы жакшы болгонун белгилеп, анткен менен массалык маалымат каражаттардын ортосунда тымызын согуш жүрүп жатканын айтышат.

Мындан 20 жыл мурда Вашингтон кандай гана маселе көтөрбөсүн расмий Москва ага сөзсүз каршы пикирин айтып турган. Бирок акыркы маалда бул багытта өзгөрүүлөр байкалгансыйт. Мисалы Ливиядагы кырдаалга байланыштуу маселеде Орусия калыс турумду карманды.

Саясатчы Маршалл Голден “менимче АКШ менен Орусиянын мамилеси дурус. Биз кандайдыр бир ири кылмыш үчүн бири-бирибизди айыптабайбыз. Биздин жалпы душманыбыз бар. Бул – суу үстүндө каракчылык, террорчулук жана дүйнөдө орун алган экономикалык кризис.

Айрым серепчилердин баамында, акыркы маалдары расмий Вашингтон кийинки жылы Орусияда өтө турган президенттик шайлоонун алдында Дмитрий Медведевге тымызын колдоо көрсөтүп жатат.

Жо Байден 10-мартта Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин менен да жолугушат. Мунун алдында АКШнын вице-президенти Москванын жанында курулуп жаткан Сколково технология жана инновациялар борборунда болуп, андан соң Москва Мамлекеттик университетинин студенттери менен жолукту.

Жо Байден орусиялык укук коргоочуларды да унуткан жок. АКШнын вице-президенти менен жолугушууга бараткан укук коргоочу Людимила Алексеева “укук коргоо маселеси өтө олуттуу болгону ушул жолугушуудан улам билинип турат” деп белгиледи.

Орусияга жол тартаар алдында Жо Байден Финляндияда болгон. Москвадан кийин АКШнын вице-президенти Кишиневго жол тартат.
XS
SM
MD
LG