Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү төрт адамдын өмүрүн алды


Бишкек-Ош жолу. Архив.
Бишкек-Ош жолу. Архив.

28-мартка караган түнү Бишкек-Ош каттамынын 255-чакырымында кар көчкү алдында калган "Тойота Пикап" машинесинин ичинен төрт адамдын сөөгү табылды. Ошондой эле "Лексус" үлгүсүндөгү машиненин ичиндеги үч жаран куткарылды, алар жабыр тарткан жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, түнкү саат 02:30дар чамасында куткаруучулар көчкү алдынан “Субару-легаси” автоунаасын жана анын ичиндеги үч адамды да таап чыгышкан. Жалпы алты киши куткарылганы кабарланды.

Азыр жолдогу кар көчкүнү тазалоо, куткаруу иштерине 52 куткаруучу тартылып, министр Кубатбек Боронов кырсык болгон аймакка жөнөп кетти.

27-мартта Бишкек-Ош каттамынын бир нече жерине кар көчкү түшүп, "Сосновка" жана "Арал" постторунда автоунаа кыймылдарына убактылуу чектөө киргизилген.

ӨКМ айдоочуларга бул каттам аркылуу азырынча сапарга чыкпай турууну эскертет.

XS
SM
MD
LG