Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Керри Москвада Сирия кризисин талкуулоодо


Кремлде Путин менен Керри жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Кремлде Путин менен Керри жолугушту, 15-декабрь, 2015

Москвада бүгүн Орусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Анда оболу Сириядагы жарандык согушту токтотуу жана Украинанын чыгышындагы кризисти жөнгө салуу жолдору боюнча орток пикир табууга аракет жасалмакчы.

Бул максатта Орусия борборунда АКШдан мамлекеттик катчы Жон Керри баштаган делегация жүрөт.

Быйыл Орусияга экинчи ирет келген Жон Керри адегенде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту.

Андан соң шейшембиде кечке жуук ал президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөргө киришти.

АКШ тышкы саясий мекеме башчысынын бул жолку сапары дүйнө державаларынын Сирия кризиси боюнча сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы алдына туш келди.

Жон Керри менен Сергей Лавровдун жолугушуусу
Лавров менен Керри Москвада жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Ал жолугушуу 18-декабрда Нью-Йоркто өтүшү керек.

Керри сүйлөшүүлөр алдында Орусия менен АКШ ортосунда айрым талаштуу маселелер боюнча орток пикир табыларына үмүтүн билдирди:

- Бүгүн эртең менен биз чыныгы прогресске жетүүгө жөндөмдүү экенибизди чыдамсыздык менен күтүп жатам. Менимче, бай тарыхы бар кубаттуу өлкөлөр орток таяныч тапса, мындан дүйнө гана утат. Бүгүн мен биз кандайдыр бир орток таяныч табабыз деп үмүттөнөм.

АКШ менен Орусия ортосунда Сирия боюнча пикир келишпестиктин өзөгү - Сириянын президенти Башар Асаддын саясий болочогу.

Москвадагы бүгүнкү сүйлөшүүлөр.
Москвадагы бүгүнкү сүйлөшүүлөр.

Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Асад Сириянын беш жылга жакындап калган жарандык согушун жөнгөрүү боюнча саясий жараяндын бир бөлүгү боло албайт, ал бийликтен кетиши керек деп эсептөөдө.

Орусия болсо бул турумду четке кагып, өз лидерин Сирия эли гана тандоосу керек, ал эми Асаддын армиясын “Ислам мамлекети” тобун жеңүүгө жөндөмдүү күч деп саноодо.

Эки жак мындай карама - каршы турумду карманып турганда орток пикир табылышы канчалык реалдуу?

АКШ администрациясындагы Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин Орусия жана Борбор Азия боюнча директору Селеста Валландер "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде буларга токтолду:

Селеста Валландер
Селеста Валландер

- Мен позициялар жакындаганын билбейм, бирок Сириядагы өткөөл жараян боюнча АКШнын жана АКШ баштаган коалициянын Асад Сириянын жетекчилигине кирбейт деген талаптарына жооп берген кандайдыр бир макулдашуу боло алары анык. Азыр талкуулардагы башкы көңүл мына ушуга бурулууда. Эгер биз Орусиянын туруму биз макул боло алгыдай баскычка чейин өзгөрүү мүмкүнчүлүгү бар деп ойлобосок, бул сүйлөшүүлөрдү өткөрбөйт элек.

Асаддын саясий келечеги азырынча толук кандуу талкууланбасын Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлдөрү да билдиришкен.

Мамдепартаменттеги дипломаттардын бири “Рейтер” агенттигине эки өлкөнүн позицияларындагы ажырымды азайтуу үмүтүндө Сириядагы өткөөл саясий жараяндын айрым деталдары гана талкууланарын айтты.

Керринин Орусия жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрүн утурлай 11-декабрда эки өлкөнүн дипломаттары да кездешти.

Ал дипломаттардын бири “Ассошейтед пресс” агенттиги менен маегинде жыйын Орусиянын “таарынычтарын” жоюу максатын көздөгөнүн белгилеген.

АКШ менен Орусиянын Москвадагы сүйлөшүүлөрү алдында өткөн аптада Саудиядагы кеңешмеде Асаддын өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Сириянын оппозициячыл топторун бириктирүү жагы макулдашылган.

АКШ тарап Сирия оппозициясын бириктирүү боюнча план дагы бышырууну талап кыларын айтса, Орусия Эр-Рияддагы жыйындын жыйынтыгын четке кагып, ал жерге келгендер Сириянын бүткүл оппозициясынын атынан сүйлөй албайт деп билдирген.

Мамлекеттик катчы Москвага келер алдында Орусия менен сүйлөшүүлөргө даярдануу үчүн Парижде Сауд Арабия, Катар, Иорданиянын тышкы иштер министрлери менен да кездешти.

Ак үй жана Мамлекеттик департамент маалымдагандай, Жон Керри Москвадагы сапары учурунда Орусия -Түркия мамилесиндеги чыңалууну басаңдатуу боюнча аракеттерге колдоо көргөзүү, Украинанын чыгышындагы кризисти жөнгөрүү үчүн быйыл февралда кол коюлган Минск тынчтык келишиминин шарттарын аткаруу маселесин талкуулоону да көздөйт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG