Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Орусия куралдарды кыскартуу тууралуу келишимди колдоду


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын жыйыны.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын жыйыны.

26-январда Мамлекеттик Дума орусиялык-америкалык стратегиялык куралдарды кыскартуу тууралуу келишимди жактырса, 27-январда Федерация кеңеши да аны колдоду.

Жогорку палата документке кыстарма билдирүүнү да кабыл алды. Ал билдирүүдө тараптардын өзөктүк куралдарын азайтуу – мындан ары буга окшогон демилгеге башка мамлекеттерди да тартуу маселесин күн тартибине алып чыгуу үчүн жол ачат.

2010-жылдын апрел айында Чехиянын ордо калаасы Прага шаарында стратегиялык куралдарды кыскартуу тууралуу жаңы келишимге АКШ жана Орусия президенттери кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар өзөктүк куралдардын санын 30 пайызга кыскартат.

Орусиянын Жогорку палатасы 27-январда ОСВ-3 аттуу жаңы келишимди добушка коюп, кабыл алуу менен аны бекитти. Мунун алдында Коммунисттер партиясы менен Либерал-демократиялык партиянын үч жолу каршы болгонуна карабастан Мамлекеттик Дума келишимди кабыл алган. Келишимдин улуттук кызыкчылыкка төп келерин Думанын эл аралык комитетинин төрагасы Константин Косачев айтты:

- Орусия менен АКШнын мамилеси кызматташтык жана өнөктөштүк деңгээлинде боло алат. Бул эки өлкө бири бирине коркунуч жаратпайт жана ишенет.

“Адилет Орусия” фракциясынын башчысы Николай Левчев “биз АКШны стратегиялык болуп эсептелбеген өзөктүк эмес куралдарын Европадан алып чыгып кетүүгө чакырабыз”,-деп айтты.

Кабыл алынган документ тууралуу аскерий эксперт Александр Гольц буларды белгилейт:

- Бул келишим эки өлкөнүн бири биринин тизгинин тартып туруусу үчүн керек. Бирок өзөктүк курал боюнча биринин тизгинин бири тартып токтотуу дегеле жок. Ал эбак эле жок болгон.

26-январда Москвада келишим жактырылган күнү дүйнөлүк лидерлер Орусия менен АКШ ортосунда баркы доор карытар чабуулга жарачу куралдарды кыскартуу болгонун айтып чыгышты. АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин ырасмий өкүлү Дэнис Макдонов келишимди алдыга жылуунун белгиси катары баалап, аны дүйнөдө өзү каалагандай өзөктүк куралга ээ болууну эңсегендерди тизгиндөөгө өбөлгө болоорун айтты. 24-январда Сенатка кайрылуусунда АКШ президенти Барак Обама Иран менен Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан баш тартууга дипломатиялык күч-аракет жумшалышы керектигин айтты.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг да, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да Мамлекеттик Думанын келишимди колдоого алганы тууралуу кабар кубанычтуу болгонун белгилешти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG