Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Орусия АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги - ЮСАИДдин өлкөдөгү ишмердигин токтотуп жатышын ал саясий жараяндарга таасир көргөзүүгө аракеттенгенине байланыштуу деп түшүндүрдү. АКШ тарап Орусинын бул тыянагын четке кагып, мекеменин акыркы жыйырма жылдагы ишине сыймыктангандыгын айтса, адам укугун коргоочу орусиялык уюмдар ЮСАИДдин кетиши алардын ишине терс кесепетин тийгизерин белгилешүүдө.

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин Орусиядагы ишмердиги жыйырма жылдан соң токтотулуп жатат.

Орусиянын дооматы

Орус тышкы иштер министрлигинин ырастоосуна караганда, ЮСАИД Орусиядагы саясий жараяндарга, шайлоолорго таасир көргөзүүгө аракеттенген. Министрликтин өкүлү Александр Лукашевич расмий Москванын ЮСАИДге карата дооматын мындайча чечмеледи:

- Сөз саясий жараяндарга, анын ичинде түрдүү деңгээлдеги шайлоолорго, жарандык кооомдун институттарына гранттарды бөлүү жолу менен таасир көргөзүүгө аракеттенүү жөнүндө жүрүп жатат. Орусиянын жарандык коому кыйла эле жетилип калды жана тышкы жетекчиликке муктаж эмес.

Орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү кошумчалагандай, Москваны мындан сырткары ЮСАИДдин өлкө аймактарындагы, өзгөчө Түндүк Кавказдагы ишмердиги тынчыздандырган.

ЮСАИД менен эми алдыда гуманитардык жардамга муктаж үчүнчү өлкөлөрдө кызматташтыкка даярдыгын эске салган орус бийликтери агенттикке өлкө аймактарындагы кеңселерин жабуусу үчүн 1-октябрга чейин мөөнөт беришти.

АКШнын жообу

ЮСАИДдин Орусиядагы мандаты токтотулуп жатканын Вашингтон Москванын түшүндүрмөсүнө чейин эле жарыялаган.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Виктория Нуланд соңку эки күндөгү басма сөз жыйындары учурунда белгилегендей, Вашингтон ЮСАИД Орусияда акыркы жыйырма жылда аткарган иштерге сыймыктанат, ага катар Москванын дооматтарын четке кагат:

- Биз жарандык коомду, демократияны, адам укуктарын колдогонубуз Орусиядабы же башка жердеби шайлоолорго кийлигишүү деген түшүнүктү толугу менен четке кагабыз. ЮСАИДдин Орусияда туруусу аягына чыкканы менен биз демократияны, адам укуктарын, Орусияда кубаттуу жарандык коом өнүгүшүн колдоого дилгир бойдон кала беребиз. Биз Орусиянын бейөкмөт уюмдары менен тыгыз кызматташтыгыбыз уланышын чыдамсыздык менен күтөбүз.

Орусияда ЮСАИД жалпысынан 57 уюмду каржылап келген. Алар аткаргандардын арасында демократияны өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо, шайлоолорго байкоо жүргүзүүүдөн тышкары социалдык жана саламаттыкты сактоо багытындагы долбоорлор да бар болчу.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Мая Гришинанын пикиринде, ЮСАИДдин өлкөдөн кетиши шайлоолордун сапатына көлөкө деле түшүрбөйт. Бирок шайлоолорго байкоо жүргүзүү менен алектенген көз карандысыз уюмдар бул алардын долбоорлоруна чоң сокку урарын айтышууда.

Көз карандысыз “Голос” уюмунун директору Лилия Шибанованын көз карашында, ЮСАИДдин мандаты узартылбашы, бир жагынан Кремлдин шайлоолорго байкоо жүргүзүүнү өз көзөмөлүнө алуу мүдөөсүнөн улам чыккан маселе.

Укук коргоочулар иши кыйындайт

Ал эми Москвадагы “Хельсинки” тобунун башчысы Людмила Алексееванын айтымында, ЮСАИД тараптан каржылоонун токтошу өз кезегинде укук коргоочулардын да көп долбоорлору аткарылбай калуусун шарттайт. Бирок бул багыттагы ишмердикти такыр эле токтотуп койбойт. Ал “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде белгилегендей, адам укугун коргоочулар үчүн кырдаалдан чыгуунун бир жолу – совет заманындагыдай ыктыярчы катары иштөө:

- Мамлекет бизди каржылабайт. Анткени биз укугун мамлекет жана чиновниктер бузган орус жарандарын коргоп жүрөбүз. Бизде мамлекет мындай уюмду каржылабайт да. Көз карандысыз бизнес жок болгондуктан, ал да каржылабайт. Каражатсыз калгандан кийин, албетте, ишибиздин эффективдүлүгүн жоготобуз. Бирок иштөөнүн Советтер союзу учурунда колдонулган формаларына кайтабыз. СССР кыйрагандан жыйырма жылдан соң адам укугун коргоочулар ошол кездегидей абалга кириптер болуп жатышат.

ЮСАИД Орусияда 1992-жылдан бери иштеп, түрдүү багыттагы программалар үчүн андан бери 2,6 миллиард доллар сарптаган. Анын ишмердигинин токтоп жатышы орус бийликтери соңку парламенттик жана президенттик шайлоодон кийин оппозицияга, жарандык коомго карата турумун катаалдаштырып, Интернетке көзөмөлдү, демонстрацияга чыккандарды жазалоону күчөткөн учурга туш келди.

Ал эми бейөкмөт уюмдар боюнча президент Путин июль айында кол койгон талаштуу мыйзамга ылайык, эгер алар чет өлкөдөн каржыланса, “чет элдик агенттер” катары катталуусу керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG