Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Обама 58% рейтинг менен кызматтан кетүүдө


Барак Обама.
Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама 58% колдоо рейтинги менен кызматынан кетүүдө . Буга чейин анын эл арасындагы кадыр баркы 2009-жылы эң бийик деңгээлде (78%) болгон. Ал эми 2014-жылы эң төмөн - 42%га түшкөн. Мындай маалыматтарды коомдук пикирди изилдеген Гэллап (Gallup) институту жарыялады.

Авторлордун белгилешинче, Обама өзүнөн мурдагы президент Жорж Бушка караганда сыйлуу болууда. Кызматтан кетеринде Бушту сурамжылоого катышкандардын 40%ы колдошкон.

Ошол эле учурда АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп 1992-жылдан берки эң чоң антирейтинг менен ишине киришүү алдында турат. Америкалыктардын 55%ынын болочок президентке ичи чыкпайт. Ал эми 40%ы Трампка карата жылуу пикирде.

XS
SM
MD
LG