Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Өзбек мигранттары Орусиядан жапырт кетип жатабы?


Орусиядагы өзбек мигранты
Орусиядагы өзбек мигранты

Айрым маалымат каражаттары Орусиядан өзбекстандык жана тажикстандык эмгек мигранттары жапырт чыгып кетип жатканын, бул өлкөлөрдөн миграция агымы 70 процентке чейин кыскарганын кабарлоодо.

Бирок кээ бир байкоочулар муну тек гана жылда кайталанчу сезондук көрүнүш катары сыпаттап жатышат.

Мигранттардын агымы азайды

Өзбекстандык жана тажикстандык эмгек мигранттары мекенине жапырт кайта баштаганын 22-январда Орусиянын “Независимая газетасы” жазып чыкты. Анда Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановскийдин жыл башындагы маалыматы келтирилип, Орусияны көздөй жөнөгөн өзбек жана тажик мигранттарынын агымы 70 процентке азайганы айтылат. Ромодановскийдин белгилешинче, учурда өлкөдө расмий катталган өзбекстандык мигранттардын саны бир миллион сегиз жүз миңди түзүп, бул мурдагы жылга салыштырганда миллион кишиге, же 18,6 процентке аз.

Буга себеп катары миграциялык мыйзамдардын катаалдашканы, асыресе Орусия мыйзамсыз мигранттардын киришине чек койгону көрсөтүлөт. Константин Ромодановскийдин сөзүнчө, 2015-жылдын соңуна карай бир миллион 800 миң киши Орусияга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесине кирген.

Аталган басылма орус акчасынын арзандашы менен өлкөнүн жаңы миграциялык саясаты да өзбек жана тажик мигранттарын жапырт мекенине кайтууга түрткөнүн белгилеген.

Бирок Орусиядагы өзбектердин “Ватандош” бирикмесинин президенти Усман Баратов өзбек мигранттары жапырт кайтып жатат дегенге кошулбайт. Ал “Азаттыктын” өзбек кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, бул тек гана сезондук көрүнүш экенин билдирди:

- Бул маселеде жапырт же массалык деген терминди колдонуу туура эмес. Не дегенде жыл сайын сентябрдан 31-декабрга чейин көпчүлүк мигранттар үйлөрүнө кайтат. Убактылуу иштегени келгендер жаңы жылга чейин кайтып кетиши боло жүрчү көрүнүш. А туруктуу жумушу барлар кетпейт. Албетте доллар өсүп, рубль арзандашы жана патент акысы кымбатташы бир канча миң мигранттын кайтышына себеп болду. Бирок бул процессти массалык деп айтуу туура эмес.

Усман Баратов рубль кунсузданып, жашоо кымбаттаганы менен Орусия өзбекстандык жүз миңдеген жарандар үчүн дале альтернативасыз эмгек рыногу бойдон кала берип жатканын кошумчалады. Ушундан улам ал жаз келиши менен өзбек мигранттарынын агымы кайра күчөшүн четке какпайт.

Жарандык алуу жалгыз аргабы?

Орус медиасынын жазышынча, мигрант катары иштеп тапканын долларга алмаштырып, мекенине жөнөтүүдөгү машакат жана бөтөн жердеги жашоо-шарт күн санап кымбаттап жатышы өзбек жана тажик мигранттарын орус жарандыгын алууга аргасыз кылууда. “Независимая газета” мындан сырткары Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык кырдаал менен террордук уюмдардын жандануусу Орусияга үй-бүлөсү менен чогуу орун которууну самаган өзбек, тажиктердин санын көбөйткөнүн белгилейт.

Эксперттер миграциянын жаңы толкуну деп атаган четтеги мекендештерди көчүрүп келүү боюнча мамлекеттик программага кызыгып жаткан он миңдеген адамдардын арасында Өзбекстандын жарандары да аз эмес. Аталган басылманын жазышынча, бул программадан орус тилин билген, билимдүү жана иш тажрыйбасы бар мурдагы СССРдин жарандары да пайдалана алат. Алар көчүп келүү менен жаңы жерден орун-очок алууга бөлүнчү субсидияга карап, орун берилген аймакка келе берсе болот.

Орусиядагы өзбектердин “Ватандаш” бирикмесинин жетекчиси Усман Баратов жумушсуздук менен тең укуксуздук күткөн мекенине кайткандан көрө өзбек мигранттары да ушул программадан пайдаланганы ийги деп эсептейт:

- Мекен деген бул мекен. Бирок азыркыдай туңгуюк шартта мен диктатордук режим өкүм сүргөн Өзбекстанга барып, өз бүлөңдү бага албай жүргөндөн көрө Орусияга биротоло көчүп келгенди артык көрөм. Эгер алар Орусияга орун которсо Ыраакы Чыгыш же Сибирден жан башына бир гектардан жер бөлүп берет. Бул деген бир бүлөдө беш жан болсо беш гектар жер дегенди түшүндүрөт. Өзбектер мээнеткеч калк, жер иштетип эле байып кетет. Убакыттын өтүшү менен Орусиянын аймагындагы Өзбекстанды түзүп алууга да мүмкүн болот. Өзбекстанда ансыз деле жер аз, суу тартыш. Айрым аймактарда эл жыш жайгашкан. Мигранттардын кайтышы менен Өзбекстанда күчөп кетчү жумушсуздуктун жана андан чыкчу баш аламандык менен кан төгүүлөрдүн алдын алуу үчүн ушундай кеңеш берем.

Өзбек өкмөтү мигранттар кайтышын каалабайбы?

“Азаттыктын” өзбек кызматына сүйлөгөн Анвар аттуу бир мигрант Орусияда кыштаганы калганын, эми жумушсуздуктан качып келген Өзбекстанга кайтарын, же тапканы өзүн актабай калган Орусияда каларын билбей башы маң болуп турганын айтат:

- Эгер мындан ары да ушундай боло берсе кайтып кетишибиз керек болот. Дагы 2-3 ай күтө туралычы. Деген менен бул жерден да пайда жок болуп калды. Бирок Өзбекстанга барган менен эмне кылабыз. Көптөр жеке такси айдап, иш кылабыз дешет. Бирок Өзбекстанда андайлар да толтура. Эми Кудайдын буйруганын көрөбүз да. Бирок көпчүлүк өзбектер азыр кандай болсо да Орусияда кала берүүнү каалайт.

Айрым байкоочулардын баамында, өзбек өкмөтү деле азыр мигранттардын жапырт кайтып келишин каалай бербейт. Анын үстүнө эски паспортун биометрикалык паспортко алмаштырбаган өзбек мигранттары азыр Орусиядан чыга да албайт. Алардан Өзбекстандын элчилик жана консулдуктарынан бир айдын ичинде даяр болчу “мекенине кайтууга сертификат” алуу талап кылынат.

Көз карандысыз байкоочулардын пикиринде, өзбек жарандарын Орусиядан мындай сертификатсыз чыгарбоо расмий Ташкендин мигранттардын жапырт кайтып келүүсүнүн алдын алуу үчүн жасалган бир амалы болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG