Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Баланы өлтүргөн аял эки айга камалды


Гүлчехра Бобокулова сот залында. Москва, 2-март, 2016-жыл.
Гүлчехра Бобокулова сот залында. Москва, 2-март, 2016-жыл.

Москвада наристе кызды өлтүрдү деп шектелген өзбекстандык аялды сот эки айга камады. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул окуя тууралуу федералдык телеканалдар айткан жок.

Москванын Пресненск райондук соту мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристе кыздын өлүмүнө шектелип кармалган Гүлчехра Бобокулованы 2-мартта эки айга камакка алды. Ал сот залында жылмайган абалда, айланадагыларга кол булгалап отурду. Бул көрүнүштү айрымдар анын психикалык саламаттыгына байланыштырды.

Ал арада Бобокулованын жоругунан улам Орусиядагы өзбек мигранттарына, айрыкча бала багуучу болуп иштегендерге каршы терс маанай күчөп баратканы айтылууда.

Чечим чыккандан соң полиция кызматкерлеринин коштоосунда башын тик көтөрүп, сырттагыларды тоготпогон түрдө бараткан Бобокуловага журналисттер эмнеге бул ишти жасаганы тууралуу суроо узаткан учурда “Аллах буйрук берди” деп жооп кайтарды.

Орусиялык маалымат каражаттары, Өзбекстандын Самарканд облустук күч органдарына таянып, шектүү 1999-жылдан бери психикалык жактан оорулуу экенин, ата-энеси ошон үчүн балдарын тартып алышканын жазышууда. “Азаттык” радиосунун Самарканд милициясындагы өздүк булагы шектүү Навобод деген айылдан болорун бышыктап, бирок анын оорусу тууралуу кабар так эместигин белгиледи.

Бобокулова 29-февралда “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп, өзүнүн “жанкечти” экенин жар салып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөнү кабарланган.

Бирок кишинин сестенткен бул окуя тууралуу Орусиянын ири телеканалдары үн каткан жок. Активисттер буга нааразылык билдирип, телекомпаниялардын дарегине социалдык тармактарда сын-пикирлерди жаадырышты.

Публицист Кирилл Мартынов мында жергиликтүү калк менен мигранттар ортосунда чыр-чатакты ырбатпоо максаты менен кошо саясий себеп да бар экенин боолгойт.

Кирилл Мартынов
Кирилл Мартынов

- Бул жерде бир канча себеп болушу мүмкүн. Бирок анын эң башкысы бирөө – бийлик массалык башаламандык чыгып кетүүсүнөн чочулады. Өзүн патриот атагандар, улутчулдар мындан пайдаланып, башаламандык болушу ыктымал эле. Азыр орус бийлиги быйыл сентябрда өтө турган парламенттик шайлоолорго чейин нааразылыктарды болтурбоого, стабилдүүлүктү сактаганга аракет кылууда.

Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жогорудагы пикирге кошулбастыгын белгилеп, “борбордук телеканалдар акылдан тайгандарды эфирден көрсөтпөө чечимин өз алдынча кабыл алышканын” айтты.

Ал арада жергиликтүү калк арасында өзбекстандыктарга, айрыкча бала багуучу болуп иштегендерге каршы маанай күчөп жатканын ал жакта иштеген мигранттар белгилешүүдө. Серепчилер болсо кылмышка шектүү аял “Аллахтын” ысымын атаганы үчүн мусулмандар менен орустар ортосунда чыр-чатак ырбашы мүмкүндүгүн коңгуроо кагып атышат.

Москва муфтиятынын башчысы, Москва мечитинин имамы Ильдар Аляутдинов окуяны мусулмандар менен исламга байланыштырбоо керектигин, буга диндин тиешеси жоктугун билдирип, кайрылуу таратты.

Киши колдуу болгон төрт жашар кыздын элесине арнап адамдар "Октябрьское поле" метростанциясынын жанына гүлчамбар коюшту.
Киши колдуу болгон төрт жашар кыздын элесине арнап адамдар "Октябрьское поле" метростанциясынын жанына гүлчамбар коюшту.

“РИА-Новости” агенттиги күч органдарына таянып билдиргендей, Бобокулова үй-бүлөсү менен ажырашкан, үч баланын энеси. Орусияда тажик тектүү адам менен жарандык никеде турат.

4-мартта ага адам өлтүрүү, өрттөө жана теракт тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу беренелери боюнча айып тагылары күтүлүп жатат.

Москвалыктар "Октябрьское поле" метростанциясынын жанына гүлчамбар коюп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн төрт жашар кызды эскеришүүдө.

XS
SM
MD
LG