Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

Москвадагы парадга катышкан кыргыз ардагерлери


Москвадагы параддан Топол-М аскер техникасы өтүүдө, 2011-жылдын 9-майы.

Москвадагы параддан Топол-М аскер техникасы өтүүдө, 2011-жылдын 9-майы.

Бүгүн Орусияда жана мурда СССРге мүчө болгон бир катар өлкөлөрдө Улуу Жеңиштин 66 жылдыгы белгиленүүдө. Москвада, Кызыл Аянтта 20 миң аскер кызматкерлеринин жана аскердик техниканын катышуусундагы аскердик парад өттү. Алдын ала маалыматка караганда, салтанатка 3 миллион адам келди. Москвадагы парадга кыргызстандык ардагерлер да катышты.

Таластан Москвага келген Алымкул Айталиев үчүн 9-май – кош майрам. Эртең, 10-майда ал 86га чыгат. Медалдарын шагыратып костюмуна тагып алган 85 жаштагы жоокер парадга расмий түрдө чакырылбаса да, көңүлү аябай көтөрүңкү. Аны Москвага небереси чакыртып алган. Парадга ардагер эмнеге конок катары чакырылган эмес, түшүнүксүз.
Алымкул Айталиев

66 жыл мурун так ушул күнү Алымкул Айталиев Берлинде эле.

- Берлинде тууну биз жыкканбыз да! Берлин 17 сааттын ичинде алынган.

18 жашында Кыргызстандын алыскы айылынан Беларуска барып, минометчик болгон. Алымкул Айталиев согуштан кийин армияда калып, 48-жылы Кыргызстанга барат. Өмүр бою, алгач Кордайда, андан соң Таласта фельдшер болуп иштеген.

Экинчи согуш ардагерибиз Ороз Мамыралиев да ушул жылы 86га чыгат.

Ороз Мамыралиевдин тагдырына Улуу Ата Мекендик согуш чоң таасирин тийгизген – ал 47-жылдан тарта Москвада жашайт. Согушка 1944-жылы чакырылган.

- Мен 11-аткычтар батальонуна барып калдым. Анан кийин батальондон бөлгөндөн кийин атчандар кавалериясына бөлүндүм. 3-Беларус фронтунда жоокер болдум. Башында орусча билбей кыйналдым, анан үйрөнүп кеттим. Өзүм токтогулдук болом.

66 жыл мурун, апрель айында Берлин алынып жаткан, бирок Кенигсбергде коргонуу аябай күчтүү болгондуктан, күрөш абдан каттуу болон. Анда Ороз ата кызмат өтөгөн атчандар кавлериясы Кенигсберге суу тараптан киришкен.
Ороз Мамыралиев

- Ар бир 50 метр сайын дзот турган (үшкүрүнүп). Шаарга жөө да, абадан да кирүү мүмкүн эмес болгон. Ошондуктан биз – атчандар гана киргенбиз.

Ороз Мамыралиев 46, 47, 48-жылкы негизги параддарга да катышкан.

Согуштан кийин спорттун ат боюнча түрүнүн машыктыруучусу болуп, андан соң милициянын кавалериялык полкунда кызмат өтөгөн.

86 жаштагы эки “жигит” параддан кийин кафеде бурчта отуруп алышып, согушту эстеп кээде үшкүрүнүшүп, кээде каткырып жатышты. Экөө тең тың, бири фельдшер, бири Орус Федерациясынын эмгек сиңирген мергенчиси, милиция кызматкери.

- Кызым, согушту айта берсең бүтпөйт. Карачы, мына Кыргызстандан келген досум Алымкул жапжаш, 86га чыкса да (күлүп).

- Сиз да жашсыз!

Улуу Ата Мекендик согушка баш-аягы 363 миңдей кыргызстандык катышкан. Социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда азыр 1979 согуштун, 8380 ооруктун ардагери бар.

Кечинде Москвада майрамдык салют атылат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG