Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

"Дури.нет" бачабаздардын артынан түштү


"Дури.нет" тобу интернетке жайгаштырган тасмадан бир көрүнүш
"Дури.нет" тобу интернетке жайгаштырган тасмадан бир көрүнүш

Орусияда жаштардын уюшмалары кыргыз жана башка мигранттарды бутага алып келатышат. Мына эми бул өлкөдө жаштардын дагы бир тобу бачабаздар деп шектелген адамдардын артынан түшүп, аларды эл алдында жана интернетте шерменде кылышууда.

Муну бачабаз деп шектелгендерге каршы демилгечилердин чагылгандай чабуулу деп атасак болчудай. Бул операция мындайча өтөт: Активист жашы жете элек катышуучу катары интернеттеги баарлашуу форумуна кирет. Кимдир бирөө ага кызыгуу билдирип, шойкомдуу бир нерсе сунуш этсе, активист балакатка жете элекмин дегендей ишарат кылат. Эгер берки буга көңүл бурбаса, жолугалы деп макул болот.

Ал кишини бирок бала эмес, видео камера кармагандар күтүп алат. Көз ачып жумганча ал киши интернетте бачабаз видео тасманын "жылдызы" болуп чыга келет.

"Дури.нет" деп аталган 15 кишиден турган москвалык топтун мындай "чыгармачыл" толкуну Орусиянын ар кыл аймактарын каптады. 30 жаштагы Даниил Шаманов "Дури.неттин" негиздөөчүсү:

– Бул - биздин схема. Биз социалдык тармактар аркылуу бачабаздарды кылтакка түшүрүүнүн жол-жобосун көрсөттүк. Өзүңөр көргөндөй, видео тасмадан эле баары түшүнүктүү болот. Бул куралды азыр көп киши колдонуп жатат.

"Дури.нет" 2009-жылы негизделип, башында Москванын метро бекеттериндеги баңги соодагерлерин бутага алчу. Шамановдун айтымында, мындай идея анын досу баңгизатты ашыкча сайынып алып көз жумгандан кийин жаралган.

"Дури.нет" кийинки кездери ишмердигин дагы жайылтып, 30дан ашык кылмышкердин кармалышына жетиштик деп ырастоодо.

Мындай ишмердүүлүк кремлчи жаштардын, орус жана кыргыз улутчулдарынын буга чейинки аракеттерин эске салат. Мындан тышкары, Шаманов маңзаттарынын соодасын чектеп, балдардын интернеттеги коопсуздугун жакшыртык дегени менен, тартип коргоо органдары жана социалдык кызматкерлер тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Полиция алардын баңгизатын саткандарга кол салуусун «ээнбаштык» деп эсептейт. Кремлдин Балдар иши боюнча акыйкатчысы Павел Астахов жарандар өздөрүн коргоого укуктуу экендигин белгилегени менен, «тең салмактуулук керек» деп айткан жери бар.

Ал эми жаш баңгилер менен иштеген Леонид Армер мындай аракеттерге тартип коргоо тармагындагы дараметсиздик түрткү болуп жатат дейт:

– Чынын айтканда, канчалаган шаарларда мындай операциялар кылмыштуулук менен чектешип, өтө ыплас жана көңүл кирдеткен көрүнүшкө айланды. Биз Санкт-Петербургда видеону жарыялоодон бөлөк, таасирдүү аракет керек экендигин тез эле түшүндүк. Бул үчүн атайын методология ойлоп чыктык. Эң башкысы тартип коргоо органдары менен байланыш болушу керек.

Армердин уюму жаш баңгилер менен катар үйдө кордук көргөн жана бачабаздардын курмандыгы болгон жаштарга көмөк көрсөтөт.

Сынчылардын айтымында, көзөмөл жана жоопкерчилик болмоюнча, ар кандай көмүскө иштер болуп кетиши мүмкүн. Мисалы, "Дури.нет" сыяктуу топтор интернет аркылуу акча чогултушат, бирок ал кандай иштерге сарпталып жаткандыгына дээрлик же таптакыр отчет бербейт. Айрым топтор зордук-зомбулукту ачык эле колдоп тим болбостон, аны даңазалашат.

"Жаштардын баңгиге каршы спецназы" деп аталган топтун тасмасынан бет кап кийгендер наркотик сатат деп шектелген адамдарды тамга такап, колу-бутун байлап, үстүнө боёк куюп, машиналарын өрттөп, жанындагы телефон, башка оокаттарын балта менен барчалап жатканын көрүүгө болот. Бул топ апрелде таркатылган болчу.

XS
SM
MD
LG