Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Ошто Садыр Жапаровдун тарапташтары кармалды


Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ош шаарынын Навои паркында митингдерге катышуу боюнча үгүт иштерин жүргүзүп жаткан алты адам кармалган. Алардын үчөө аял, үчөө эркек. Кармалгандар өздөрүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун тарапташтары катары тааныштырышкан.

Сыдыков ырастагандай, милицияга Алишер Навои эс алуу багынын администрациясы паркта белгисиз бирөөлөр коомдук тартипти бузуп жаткандыгын айтып, арыз менен кайрылган.

Кармалгандар милиция кызматынын бөлүмүнө жеткирилип, Административдик жоопкерчилик кодексинин 392-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, Ош шаардык сотуна жеткирилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG