Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

БЕСЛАН КЫРГЫНЫ БОЮНЧА АЗА КҮТҮҮ БИР ГАНА ТҮНДҮК ОСЕТИЯДА ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Беслан трагедиясына үч жыл толгонго байланыштуу ал шаарда үч күнгө созулган террордук актынын курмандарына багышталган аза күтүү болду.Трагедиянын курмандыктарын эскерүү митингдери Москва менен Петербургда да өткөн. Аны уюштургандар айтканга караганда митингде чыгып сүйлөгөндөр Бесланда болгон терактты иликтөөнү бийлик кайра адилет өткөрүү жана анын жыйынтыгын коомчулуктан жашырып жаппоо талабын коюшкан. 2004-жылы 1-сентябрда ал шаардагы №1 орто мектепти террорчулар барымтага алып, бир миң эки жүз жыйырма сегиз кишинин ичинен 333 жан кырылып, алардын 180 мектеп окуучулары болгон.

Бесландагы кызылдай кыргынга үч жыл толгонго байланыштуу 1-сентябрде Маскөө менен Питерде көчөдө эл чогултуп жыйын өткөрүү болду. Аны «Беслан үнү», «Норд-Ост», «Террордун курмандыктарына көмөк көргөзүү кору» уюштурган.
Баса, алыскы Париж калаасы да ал күнү орусиялык кайгыны бөлүшүүгө кошулган. Бул жолу, Трокадеро аянтына чогулгандар алдында чыгып сүйлөгөн кайрылуусунда Франциянын президенти Николя Саркози Бесланда барымтага алуу болгонго байланыштуу бүткүл дүйнөдө кыжыр кайноо болуп атканда Франция орусиялыктарга тилектеш экенин билдирди.

Ырасмий бийлик Бесландагы кыргынды иликтөөдөн өткөрүп, колго түшкөн барымтачылардын бири Н.Кулаевди кесүү менен ишти бүттү кылган. Бирок балдарынан айрылган бесландык энелер ага алымсынышпай, ишти кайра текшерип чыгууну талап кылышууда. Мамдуманын депутаты Юрий Савельев түшүндүргөнгө караганда, изилдөө жыйынтыгы эки чындыкка алып келген; бири - тергөөчүлөр айткан чындык, бири – барымтада жатып чыккандар чындыгы.

Мамлекеттин таламын талашкан сенаттардан түзүлгөн комиссиянын текшерүүсүнөн канагат албаган, адам укугун коргоочу Сергей Ковалёв да эгерде иликтөө ак жүргөндө төмөнкүчө көп суроо болбойт эле дейт:
«Ок аткан ким болду? Кайсы тарап биринчи болуп ок чыгарды? Жалын чаччу окту ким пайдаланды? Мектепти барымтага алууга жолду ким берди?»

Президент Владимир Путин да алтынчы күнү Астрахандагы бир мектепте болуп, өлкөдө мектептерде жаңы окуу жылы башталганга байланыштуу окуучуларды куттуктап атып, Беслан кыргынын эскере кетти.

Беслан кайгысын бийликке билдирип коюу үчүн алдын ала арыз киргизип жүрүп, күн мурунтан уруксат алып чогулган кишилер жыйыны Маскөөнүн Болотная аянтында ачылганда, аны менен катар 1-сентябрде дайыма өтчү Маскөө күнү кенен-чонон майрамдалып атты.

XS
SM
MD
LG