Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Шыкмаматов: Ибраимовдун жубайынын күйүүчү майды дүңүнөн саткан ишканасы бар


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимованын күйүүчү майды дүңүнөн саткан ишканасы бар. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматы парламент депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовдун жөнөткөн суроо-талабын берген жообунда тастыктаган.

Депутаттын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун келинчеги Айнура Ибраимова жоопкерчилиги чектелген TM-ORLAN & Group ишканасына Жогорку Кеңештин депутаты Исхака Пирматовдун жубайы Ольга Атогурова менен чогуу ээлик кылары тастыкталды:

- Бул TM-ORLAN & Group компаниясы 2004-жылы түптөлгөн. 2015-жылы Айнура Ибраимова сатып алган. Бул маалыматты Юстиция министрлигинен алганбыз. Бул компания күйүүчү майды дүңүнөн алып сатат жана Чүй облусунун аймагында май куюучу бекеттерди иштетет деген маалыматты Мамлекеттик салык кызматы берди.

Шыкмаматов билдиргендей, өткөн жылы аталган ишкана мамлекеттик бюджетке 5,432 млн сом салык төлөгөн. Быйылкы сегиз айда 2,160 млн сом төккөн.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мурда Эл аралык “Манас” аэропортун жетектеп турган. Буга чейин аэропортту күйүүчү май менен анын аялынын ишканасы жабдыйт деген маалыматтар айтылып, бирок Айнура Ибраимова мындай маалыматтарды жокко чыгарган.

Мамлекеттик салык кызматы өзү да бул боюнча бүгүн атайын билдирүү таратып, депутат Шыкмаматовго берилген документтердеги маалыматтар TM-ORLAN & Group компаниясы күйүүчү майды дүңүнөн сатканын тастыктабай турганын билдирген.

Анда айтылгандай, Айнура Ибраимованын ишканасы күйүүчү май саткан эмес жана ишкана төлөгөн салыктары күйүүчү май сатуудан түшкөн кирешеден алынган эмес. Бирок Мамлекеттик салык кызматы TM-ORLAN & Group компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берген жок.

Ал эми Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, TM-ORLAN & Group авиа жана автомобиль күйүүчү майларын дүңүнөн сатуу менен алектенет.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун өткөн жылдагы кирешеси тууралуу декларациясында жубайынын тапкан кирешеси көрсөтүлгөн эмес. (ZKo)

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат

XS
SM
MD
LG