Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

"Левада": Медведевге ишенгендер азайды


Коррупцияга каршы өткөн акциянын катышуучусу. Москва. 8-апрель
Коррупцияга каршы өткөн акциянын катышуучусу. Москва. 8-апрель

Орусиялыктардын 45% премьер-министр Дмитрий Медведевдин отставкасын колдойт.

Мындай жыйынтык "Левада" борбору жүргүзгөн сурамжылоодо айтылат. Медведевдин кеңсеси муну "саясий буйрук" дегени менен Путиндин маалымат катчысы Песков сурамжылоо боюнча анализ жүргүзүлөрүн маалымдады.

Социологдордун изилдөөсүнө ылайык, өкмөт башчынын кызматтан кетүүсүнө сурамжылоого катышкандардын 18% макул деп так жооп берсе, 27% макул болушум мүмкүн дешкен.

Ошондой эле социологдор орусиялыктардын премьер-министрге ишеними төмөндөгөнүн да белгилешет. Анда 2016-жылдын май айында сурамжылоого катышкандардын 14 пайызы Медведевге ишенбегенин билдирсе, 2017-жылы ал 19 пайызга көбөйгөн. Буга чейин "Левада" өкмөт башчыны колдогон орусиялыктардын саны 10 пайызга төмөндөгөнүн жарыялаган болчу.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

Ал арада оппозициялык саясатчы Алексей Навальный жетектеген Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун премьер-министрдин мүлкүн иликтеген тасмасын YouTube каналында көргөндөрдүн саны 20 миллионго жетти. "Левада" март айында жарыяланган бул тасма сурамжылоонун жыйынтыгына кайсы бир деңгээлде таасир этти деп эсептейт.

- Биз дайыма премьер-министрге болгон ишеним боюнча элге суроо салып турабыз. Биз муну эки-үч айда бирден жасайбыз. Навальныйдын фильминен кийин, ал тасманы көрдүңүзбү, ага кандай ойдосуз деген суроо бердик. Суроо чоң талкууну жаратты, борборго телефон чалуулар көп болду. Биз өкмөт башчынын кызматтан кетүүсү боюнча дагы сурап жаттык. Бул суроолор албетте Навальныйдын корунун иликтөөсү менен байланыштуу. Негизи Медведевге элдин ишеними 2012-жылдан баштап азайган. Бирок ушу тапта ал кескин төмөндөп кетти, – деди "Леваданын” социологу Наталия Зоркая

Ал эми Медведевдин басма сөз катчысы Наталья Тимакова бул сурамжылоону “саясий буйрук” деп атап, өкмөт башчы мындай социологиялык сурамжылоолорго маани бербесин айткан.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Анткен менен президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков өкмөт башчы боюнча жарыяланган сурамжылоо талданат деп убада берди.

- Социологиялык сурамжылоо жакында эле жарыяланбадыбы, аны анализдеп чыгууга бизге убакыт керек. Биз дайыма социологиялык сурамжылоолорго маани беребиз. Бирок бизге карап чыгууга убакыт талап кылынат.

Орусиянын саясий айдыңында акыркы сурамжылоо, иликтөө, нааразылык акцияларынан кийин Медведевдин кызмат орду боюнча ар кандай талкуу, кептер күчөгөнү байкалат. Путин кандай чечим чыгарат, Медведевдин ордуна ким келиши мүмкүн деген суроолорго ар кандай жоромолдор бар.

Медведевдин ордун басчулардын арасында Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун да аты аталууда. Бул боюнча саясатчы Владимир Семаго мындай деди:

Валентина Матвиенко жана Дмитрий Медведев
Валентина Матвиенко жана Дмитрий Медведев

- Иш чынында болушу мүмкүн. Ал Владимир Путинге чейин өкмөттүн мүчөсү, вице-премьер болгон, кийин Владимир Путин аны өкмөттө калтырган. Ошентип анын командасына өткөн.

Коррупцияга каршы күрөшүү фонду март айында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкүн иликтеп, “Ал силерге Димон эмес" деген тасманы жарыялаган. 26-мартта Орусиянын бир катар шаарларында коррупцияга каршы акциялар өткөн. Анда миңден ашуун киши кармалып, Навальный 15 күнгө камалып чыкты.

Медведев фонддун иликтөөсүнө апрелдин башында жооп кайтарып, маалыматтарды жалганга чыгарган. Бирок Орусиядагы жана чет өлкөдөгү элиталык үйлөрдү кантип алганын айткан эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG