Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Орусия: улутчул маанай тамыр жайды


Митингге чыккандардын айрымдарын тартип коргоо органдары кармап кетүүдө.
Митингге чыккандардын айрымдарын тартип коргоо органдары кармап кетүүдө.

18-декабрда Москвада уруксатсыз митингге чыккан 500гө жакын киши кармалды. Шаардык милиция башкармалыгынан маалымдашкандай, кармалгандардын арасында улутчул маанайдагы, ошондой эле Түндүк Кавказдан чыккан жаштар бар. Алардын жанынан тапанча, шамшар, газ бүрктүрчү баллондор табылган.

Ушул эле күнү “Останкино” сыналгы борборунун жанында бийликтин уруксаты менен “Улуттук-демократиялык альянс” митинг өткөрдү.

Самара шаарында гүл бакта чогулган 100гө жакын баланы милиция кармап кетсе, Санкт-Петербургда уруксатсыз митинг тынч өткөн.

Улутчулдарга каршы плакат
Москвада бир апта ичинде үч жолу улутчул маанайдагы башаламандык болду. 11-декабрда Кремлдин алдында, 15-декабрда Киев вокзалынын алдында орус жана кавказ улутундагы жаштар кагылышып кете жаздап, аны милиция араң басты. 18-декабрда “Улуттук-демократиялык альянстын” митинги маалында улутчул жаштар менен Кавказ аймагынан келгендер чогулуп, милиция миңдей кишини кармап кеткен. Алардын бир тобу мектеп окуучулары болгондуктан ата-энелеринин кепилдиги менен бошотулган.

11-декабрда Манеж аянтында чыккан улутчул маанайдагы башаламандык Орусиядагы көп улуттуу коомчулукту экиге бөлүп салгандай болду. Жаңжал футбол күйөрмандары менен Кавказдан чыккан балдардын ортосундагы мушташтан кийин тутанып кетти. “Спартак” клубунун күйөрманы Егор Свиридовду кавказдык жаштар атып кеткен. Ошондо күйөрмандар күнөөлүүлөрдү кармоону талап кылып көчөгө чыкканда аларга ашкере улутчул маанайдагы жаштар кыймылдары аралашып кеткен. Мына ошондон бери Москвада мигранттарга карата чабуулдар күч алып келүүдө. Мындай чабуулдардын биринен кыргызстандык мигрант Алишер Шамшиев мерт болду.

Москва шаардык милициясынын өкүлү Виктор Бирюковдун айтымында, кармалгандардын көбү 13-15 жаштагы мектеп окуучулары жана Кавказдан чыккан жаштар.

Дмитрий Медведев
Президент Дмитрий Медведев башаламандыктарды уюштургандарды жооп тартууну талап кылып, “Орусия өзүнүн көп улуттуу элинин биримдиги менен мамлекет болуп жаралган”,-деп айтты.

Бийликтин уруксаты менен “Останкинонун” алдында митинг өткөргөн улутчул маанайдагы уюмдун (ДПНИ) жетекчилеринин бири Владимир Тор “бул жерде болуп аткан көрүнүш башаламандык эмес, бул нагыз спартактардын көтөрүлүшү, атуулдардын жарандык укугун коргогон көтөрүлүшү”,-деп айткан.

Адистердин баамында, Орусияда ксенофобия абдан күч алды. Ушул тапта жаштар гана эмес, улуу муундун өкүлдөрү арасында да славян эмес түстөгүлөрдү жек көрүү сезими артты. Санкт-Петербургдагы саясий талдоочу Дмитрий Дубровский:

- Чыныгы расизм ушул. Милиция “эки каказдык биздин кишилерге кол салышты” дейт. Ал эч качан “эки орус биздин кишилерге кол салды” дебейт.

Москвада коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Талдоочулар улутчул маанайдагы араздашуу бийликти анча деле түйшөлтпөй турганын белгилешет. Кремлдин кожоюндарын чаң салган улутчулдарга караганда оппозициянын толкуну көбүрөөк тынчсыздандырат. Ошондуктан бийлик улутчул маанайдагы жаштардын башаламандыгын бетке кармап, жаңы мыйзам долбоорун кабыл алат. Эксперт Александр Тарасов:

- Же нааразылык акциялары тууралуу мыйзам күчөтүлөт, же ага катышкандарга карата жаза күчөтүлөт. Бул мыйзам кийин оппозицияга, оңчулдарга да, солчулдарга да карата пайдаланылат.

Тартип коргоо органдарынын маалымдашынча, нааразылык жыйындары Москва шаарынан тышкары, Раменское, Пушкино, Воскресенск, Чехов, Самара, Волгоград, Санкт-Перебургда өттү.

XS
SM
MD
LG