Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Орусия: бала асыроого "согуш" ачкан омбудсмен


Павел Астахов, Орусиянын балдар укугу боюнча акыйкатчысы.
Павел Астахов, Орусиянын балдар укугу боюнча акыйкатчысы.

Орусиядан америкалык үй-бүлө багып алып кеткен Максим Кузьминдин өлүмү орус медиасында жана саясий чөйрөсүндө кызуу талкууланып жатат. Декабрдагы мыйзамдан кийинки окуя азыр “өчө элек отко май куйгандай” болду.

Популярдуулукту өзгөчө жакшы көргөн Кремлдин балдар укугу боюнча акыйкатчысы Павел Астахов соңку апталарда каалаганына жеткендей болду.

18-февралда ал Твиттер аркылуу Техаска багылып алынган орусиялык үч жашар Максим Кузьмин өлгөнүн кабарлады. Кабар тез арада бүтүн Орусияга таркап, былтыр декабрда парламент америкалыктарга орус балдарын багып алышына тыюу салган мыйзамга чейин эле документтери даярдалып бүткөндөрдү да жибербөө чакырыктарын күчөттү.

Ушул шейшембиде Астаховдон эмне үчүн дал ушул Кузьминдин окуясына ал көңүл бурганын сурашканда, омбудсмен Орусиядан багылып алынган балдардын чет мамлекеттердеги турмушу тууралуу алар сырттагы кабар-макалаларды иликтеп жүрүшкөнүн айтты.

"Биз 2011-жылдын этегинде чет мамлекеттердеги, анын ичинде АКШдагы, маалымат каражаттарынын жана адам укугун коргоочу уюмдарынын сайттарын иликтеген атайын топ түзгөнбүз", - деди Астахов.

Ушуну менен Астахов чет өлкөлүктөр мындан ары орус балдарын багып алышына эле каршы болбой, мурда алынып кеткен балдардын тагдырын да өзгөчө текшерүүгө алганга киришкенин бышыктады.

Ал АКШнын өкмөтүн акыркы 20 жылда Орусиядан алынып кеткен жаш балдардын ал жактагы жашоо-турмушу жөнүндө жетиштүү кабар бербей келет деп да сындады.

"Бүгүн биздин ал жактагы балдарыбыздын турмушу, өзгөчө аларга каршы жасалган кылмыш – эң башкы суроо. Тилекке каршы, азыр АКШ мамлекеттик деңгээлде бул маселени чече албай жатат. Мен атайлап маалыматты жашырып жатат дегенден алысмын, жөн гана алар биздин балдардын тагдыры жөнүндө билишпейт", - дейт ал.

Ал арада АКШнын Техас штатында Максим Кузьминдин өлүмүн иликтөө иштери азырынча аягына чыгарыла элек. Кошмо Штаттардын Москвадагы элчилиги окуя жөнүндө Мамлекеттик департамент Орусиянын Хьюстондогу консулдугуна бир нече апта мурун эле кабарлаганын, азыр да орус Тышкы иштер министрлигине кабарлап жатышканын билдирди. Максим менен кошо ошол эле үй-бүлөгө алынып кеткен анын бир тууганы Кириллди да орус бийликтери менен көрүштүрүп, сүйлөштүрүшкөнүн айтышты.

Ошол эле маалда орус Тышкы иштер министрлигинин адам укуктары, демократия жана мыйзам үстөмдүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Костантин Долгов 13-февралда Твиттердеги кабарында “2007-жылы америкалык кумса айымдардын түгөйү орус сотторун алдап, Егор Шатабалов деген баланы мыйзамсыз багып алып кеткен” деп жазды. Анын айтымында, ал түгөй 2009-жылы ажырашып кетип, ошондон бери баланы бакканга укук алыш үчүн бири-бири менен соттошуп жүрүшөт. “Бул эки аялдын моралдык жана адеп-ахлактык жагынан ылайыксыз мамилелерине Егор да аралашканга мажбур болуп жатат, бул анын психикасына терс таасирин тийгизет”, - деген Долгов.

Америкалыктарга Орусиядан бала багып алууга тыюу салыш керек деген чакырыктар өткөн жылдын этегинде АКШнын Сенаты “Магнитский актысын” кабыл алгандан кийин күчөп, орус парламенти кабыл алган мыйзамга президент кол койгон. Коррупция менен күрөшкөн юрист Сергей Магнитскийдин түрмөдөгү табышмактуу өлүмүнө тийиштиги бар делген чиновниктерге, америкалык сенаторлордун актысына ылайык, жазаналар каралган болчу.

Буга капаланган Кремль жооп иретинде орус балдарын америкалыктар багып алышына тыюу салганын кийинчерээк өлкөдөгү оппозиция, адам укугун коргоочулар жана интеллигенция “балдарды саясий курал катары колдонуп жатышат” деп, катуу айыптаган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG