Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

24-октябрдан тарта орус жарандыгын эл аралык келишимдер боюнча алып келгендер үчүн жаңы эрежелер киргизилди. Бул деген Кыргызстан, Казакстан жана Белорусиядан келгендерге эми эч кандай жеңилдиктер берилбейт дегенди түшүндүрөт.

Мурда бул үч өлкөнүн жарандары орус жарандыгын оңой жол менен алышчу. Эмне өзгөрдү жана кыргызстандык эмгек мигранттарга бул кандайча таасир этет?


Мурдагы жеңилдиктер алынабы?


Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин токтому 19-октябрда “Российская газетада” жарыяланып, 24-октябрда токтом толук кандуу иштей баштады.

Азыр Москвада Орусиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмү Орусиянын тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан кез. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, эми орус жарандыгын алууга кайсы документтер жана канча мөөнөт керектиги толугу менен такталат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы консулу Айжигит Буранов “Азаттыкка” айтып берди:

- Бул токтом Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын ортосундагы жарандыкты жеңил жол менен алуу боюнча эки макулдашууга кандай таасирин тийгизет, ошол тууралуу талкуулайбыз.

Буга чейин Кыргызстандын, Казакстандын жана Белорусиянын жарандары орус жарандыгын эки тараптуу эл аралык келишимдерге таянып, керектүү документтери бар болсо үч айда алышмак.

2007-жылдын 27-июлунда чыккан токтомго көз чаптырсак, жарандыкты алууда үч документтин бири керек: бул Орусияга учуп келгенде берилчү миграциялык карта жана жашаган жериң боюнча берилчү миграциялык каттоого тургандан кийинки тастыктоочу кагаз, же утурумдук жашоого уруксат (РВП – Разрешение на временное проживание), же Орусияда турууга укук бере турган документ (вид на жительство).

Адатта мигранттар миграциялык картаны көрсөтүп гана өтүп кетишчү. Ал эми 3 жылга берилчү утурумдук жашоого уруксат кагазын же Орусияда турууга укук бере турган документти алуу үчүн өтө көп документ топтоп, алда канча узак убакыт талап кылынат.

Консул Айжигит Буранов кыргызстандыктарга буга чейин эки келишим боюнча жеңилдиктер берилип келгенин түшүндүрдү.

- Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 1996-жылкы келишим иштеп келген, буга кошумча Казакстан, Белорусия, Кыргызстан жана Орусиянын ортосундагы 2000-жылкы келишим бар.

Орусиянын федералдык миграция кызматынын атын атагысы келбеген кызматкери “Азаттыкка” түшүндүргөндөй, эми кыргызстандыктар менен казакстандыктар Орусияда бир жыл жашаган соң гана Орусияда жашоого уруксат алат.

Орусиянын жарандыгын алуунун башка оңой жолу – бул жакын тууганың орус жараны болушу керек.

Эл аралык келишимдер Орусия жарандары үчүн да Кыргызстандын жарандыгын оңой алууга мүмкүнчүлүк аччу, жана Орусияга келем деген Кыргызстандагы орус улутундагы адамдар үчүн да маанилүү болчу.


Жаңы токтом кыргыз мигранттарына кандай таасир этет?


Биринчиден, орус жарандыгын массалык түрдө алып жаткан кыргызстандыктарга кандайдыр бир бөгөт кою керектиги тууралуу Москвадагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери көптөн бери коңгуроо кагып келишет.

Орусиядагы кыргызстандыктар менен иштешкен “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров өз эсептөөлөрүнө таянып, соңку маалыматтар боюнча 400 миңге жакын адам орус жарандыгын алганын айтат.

“Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева берген сандар мындан алыс кетпейт. Ал да түрдүү иликтөөлөрдүн негизинде 340 миң деген санды айтууда. Бегиева орус жарандыгын алгандардын көбөйүшү Кыргызстандын келечегине балта чапчу көрүнүш экендигин жашырбайт.

Бирок орус жарандыгын алган кыргыздардын көпчүлүгү орус паспортун “айлык акым көбөйсүн, милиция токтотпосун” деген максатта алышканы да белгилүү.

Консул Айжигит Буранов де-факто орус паспортун алган кыргызстандыктардын кыргыз паспорту да сакталып калганын билдирет.

- Кыргызстандын жарандыгынан президенттин жардыгы гана чыгара алат.

Канткен менен токтом иштей баштаса мигранттарга оор болоору айкын болуп калды. Анткени Орусияда башка өлкөнүн жараны болуп иштөө айлыкка терс таасирин тийгизет.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG