Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Италиянын өкмөт башчысы кийин кызматтан кетерин жарыялады


Италиянын премьер-министри Маттео Ренци.
Италиянын премьер-министри Маттео Ренци.

Премьер-министр Маттео Ренци мындай чечимин Конституцияны өзгөртүү боюнча жекшемби күнү өткөрүлгөн референдум жыйынтыгынан кийин билдирди. Референдумда Ренци демилгелеген өзгөрүүлөр колдоо тапкан жок.

Премьер-министр демилгелеген өзгөртүүлөрдө Сенаттын жана регионалдык бийликтердин ыйгарым-укуктарын чектөө сунушталган болчу. Маттео Ренцинин кызматтан кетиши менен Италияда саясий туруксуздук мезгили башталары, ошондой эле еврозонанын банк жана финансы системасынын туруктуулугуна таасир этери айтылууда. Оппозициялык партиялар Ренцини саясаттан сүрүп чыгаруудан кийин Италияны еврозонадан, ал эмес Европа Биримдигинен алып чыгууну көздөөдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG