Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Орусиянын БУУдагы өкүлү күтүүсүз каза тапты


Виталий Чуркин
Виталий Чуркин

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин 20-февралда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Анын иш кеңсесинде эсин жоготуп, ооруканада жүрөгү токтоп каза болгону кабарланууда.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин туулган күнүнө бир күн жетпей көз жумду. Ал 21-февралда 65ке чыкмак.

БУУнун дүйшөмбүдөгү жыйыны маркумду бир мүнөт эскерүү менен башталды. Элчи Нью-Йоркто каза болгонун Орусиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Петр Ильичев угузду:

- Орусия орду толгус чоң жоготууга учурады. Элчи Чуркин акырына чейин кызмат ордунда болду. Ал бүт өмүрүн Орусиянын кызыкчылыктарын коргоого арнады. Эң алдыңкы тилкелерде, эң татаал кызматтарда жүрдү. Көрүнүктүү дипломат, күчтүү сүйлөшүүчү, мыкты адам, окутуучу дүйнөдөн өттү.

Чуркин АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр менен жыйын алдында. 2014-жыл
Чуркин АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр менен жыйын алдында. 2014-жыл

Орусиянын тышкы иштер министрлиги азырынча Чуркиндин өлүмүнүн так себептерин атаган жок. Америкалык медиа өз булактарына таянып, элчинин жүрөк оорусу кармаганын жазууда. Элчи Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө турганда өзүн жаман сезип, "Тез жардам" менен оор абалда ооруканага жеткирилген.

Президент Владимир Путин жоготууну терең кайгыруу менен кабыл алганын, Чуркиндин кесиптик тажрыйбасын, дипломаттык талантын жогору баалаганын билдирди.

Виталий Чуркин 1974-жылы Москва мамлекеттик институтунун эл аралык мамилелер бөлүмүн бүтүргөн. Дипломаттык карьерасын СССР Тышкы иштер министрлигинин котормо бөлүмүндө баштаган. Кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы, НАТОдогу өкүлү, Бельгия, Канададагы элчиси болгон.

Чуркин 2006-жылдын апрелинен тарта Орусиянын БУУдагы өкүлү катары иштей баштаган.

Кесиптештери, өзгөчө америкалык жана батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү арасында чукугандай сөз тапкан адам эле.

- Ал мында такай жүргөнү үчүн чынында ушундай болгонуна ишене албай турам. Үй-бүлөсүнө, досторуна жана анын өкмөтүнө көңүл айтабыз, - деди БУУ баш катчысынын орун басары Фархан Хак.

Франциянын БУУдагы элчиси Франсуа Делаттр Чуркин ал кездештирген бирден бир таланттуу, Орусиянын Улуттар Уюмундагы алмашкыс өкүлү болгонун белгиледи.

Чуркин иштеген жылдар Орусия үчүн жеңил болгон жок. Ал эл аралык маселелерде өлкөсүнүн турумун, анын ичинде Сирия президенти Башар Асадды катуу коргогон.

Сирия маселесинде Чуркин менен катуу айтыша кетчү АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси Саманта Пауэр кесиптешинин өлүмүнө “ичи эңшерилип” турганын билдирди. Ал тууралуу “дипломатиядагы маэстро” эле деп эскерүүсүн Твиттерге жазды.

АКШ Орусия ортосундагы карама-каршы пикирди жойгусу келген, “өтө камкор адам эле” деп кошумчалады.

Пауэр өткөн жылы Сирия өкмөтүн, Орусия жана Иранды Сириядагы мыкаачылыктарга айыптаган эле. Анда Чуркин кесиптешин Эне Терезага салыштырып, өз өлкөсүнүн Жакынкы Чыгыштагы ишмердиктерин унутпоого чакырган.

Чуркин ошондой эле Орусиянын Украина боюнча саясатын да эл аралык аренада бек коргоп турган.

Ал орусчадан тышкары англис, француз жана монгол тилдеринде эркин сүйлөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG